Парламентте көпчүлүк коалиция таркабайт

Парламенттеги көпчүлүк коалиция таркабайт тургандыгын КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов тастыктады.

“Өлкөнүн кызыкчылыгы партиялык кызыкчылыктан жогору турат жана фракция көпчүлүк коалициянын тутумунда кала берет”,-деп билдирди И.Өмүркулов журналисттерге берген маалыматында. Ошондой эле ал бүгүнкү күндөгү өтө маанилүү жана токтоосуз чече турган маселе  — бул чек ара маселеси экендигине журналисттердин көңүлүн бурду.

Эске сала кетсек КСДП партиясы оппозицияга өтө тургандыгы жөнүндө маалымат тараткан. (ТА)