Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы катышуучусу каза болду

Жалал-Абад шаарында Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы катышуучусу, милициянын капитаны Гаваз Мингараев 95 жашында акка моюн сунду.

Анын коштошуу тажиясына Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана ички иштер кызматынын өкүлдөрү, аскер адамдары жана ага-туугандары катышып, сөөгү аскердик урмат-сый менен жерге берилди.

Гаваз Мингараев 1924-жылы 1-июлда Татарстанда төрөлүп, кийин ата-энеси менен Кыргызстанга келип жашап калышкан. 1942-жылы 18 жашында майданга аттанып, 1949-жылга чейин советтик армияда кызмат өтөгөн. Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордени менен сыйланган.

Мекенине кайтып келгенден кийин ички иштер органында тергөөчү, бөлүм башчысы болуп иштеп, кийин облустун ИИМин башкарган. Ал Жалал-Абад шаарынын жана облусунун аймагында тартиптин сакталышына чоң эмгек сиңирген. Милициянын капитаны болгон.