Москвада кыргыз кызы адамдардын тобу тарабынан зордукталды деген маалымат жалган

12-март күнү фейсбук социалдык тармагында Тилек Таалайбеков аттуу колдонуучусу «21 жаштагы кыргыз кыз адамдардын тобу тарабынан бир нече күн зордукталганы тууралуу» маалымдап, 2 видео тараткан. Анын экинчисинде кайсы улуттагылар зордуктаганын да айткан. Бул боюнча Россиядагы кыргыз элчилиги маалыматты тактап, билдирүү таратты.

Аталган маалыматка ылайык, ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен болгон телефон аркылуу сүйлөшүүдөн кийин, аталган жаран видеолордун бирөөсүн өчүрүп таштаган. Бирок, ал видеону көптөгөн жарандар көрүп, коомдук резонанс жаралган. Атайын органдар аталган факты боюнча иликтөө жүргүзүп, андай факты катталган эместигин жана таптакыр болбогону такталган.  Натыйжада бир нече социалдык тармактарга тарап кеткен видео «фейк» маалымат болуп чыккан.

Аталган видеону тараткан жарандын өздүгү такталып, ал Нарын облусунун Ак-Талаа районун 1990-жылы туулган тургуну Тилек Таалайбеков болуп чыккан. Ал укук коргоо органдарына билдиргендей, видео кайрылууну «Аскарбек» атту жигиттен алган маалыматтарга таянып жасаганын билдирген.

Жогоруда аты аталган «Аскарбектин» дагы өздүгү такталып, ал Талас облусунун Талас районунун 1995-жылы туулган тургуну Аскарбек Бакасов экени аныкталган. Ал дагы ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө чакырылып, баарлашуу жүргүзүлгөн. Анын айтымында, 6-март күнү жубайынын таанышынын суранычы боюнча Выхино районуна барган. Ал жактана жубайынын таанышынын башка улуттагы жаран менен жашап жаткан сиңдисин сиңдисин алып кетишкен. Ал эми зордуктоо тууралуу жана жарандардын кармалгандыгы тууралуу маалыматты кесиптештерине «алдамчы» көрүнүп калбаш үчүн ойлоп таап койгонун билдирген.

Ал эми жалган маалымат таратуу РФ мыйзамдарын бузу болуп эсептелип калышы ыктымалдыгын кошумчалайт элчилик. Жалган маалымат тараткан жарандын кылгандарына юридикалык баа берилмекчи.