Кадр саясаты реформага муктаж

«Өмүрүңдү Ата-Журтка арнасаң, Жыргап–куунап кор болбойсуң, эч качан»

(Жусуп Баласагын)

«Стыдно быть богатым и знаменитым, когда в государстве царит беззаконие» 

(Конфуций)

Мени, жөнөкөй ардагерди, мамлекеттик чиновниктердин көбүрөөк коррупциялык кылмыштарга тартылып жаткандыктары ойлонтпой койбоду. Кайдыгерлик кылууга ыйман жол бербеди.

Экономикалык  кризистей, кадрдык кризис Аскар Акаевдин мезгилинде башталган. Анткени,  ал  башкарган  15  жылдын ичинде,  кадрларды  тандоо,  ишке жайгаштыруу маселелери үй-бүлөлүк  кландын  кийлигишүүсү менен чечилген.

Кадр  саясаты  туруктуу  болбой, кризис күч алып, натыйжада, Өкмөттүн курамы тез-тез отставкага кетишип, жергиликтүү бийликтин башчылары чукулунан кызматтарынан алынганын билбей калгандар болгон.Укук коргоо органдарынын жетекчилерин байма-бай алмаштыруу, алардын ордуна татыксыз кадрларды дайындоо, кээ бирлерин башка ишке которуу адатка айланып, кийинчерээк алардын арасында жемкордук, аткезчилдик менен  алектенген  чиновниктер көбөйгөн.

Ошондон бери коррупция мамлекетибиздин бардык тармактарында кеңири жайылып, коркунучтуу көрүнүшкө айланды. Ушундай чар-жайыт, мыйзамсыз абалдан пайдаланган  шылуун  чиновниктер, жергиликтүү атка минерлар кыймылсыз мүлктөрдү, малдарды жана башка байлыктарды арзан баада менчиктештиришип байып алышып, арабызда жашап жүрүшөт.

Ушул жерде Кытайдын улуу даанышманы Конфуцийдин «Стыдно быть богатым и знаменитым, когда в государстве царит беззаконие» деген учкул сөзү эске түшөт. А биздеги кызмат абалынан пайдаланып байыгандар уялмак тургай, ушул күндө саясаттын төрүнөн орун алышып, элдин көңүлүн ирээнжитишип нааразычылыгын күчөтүшүүдө. Андан кийин өлкө башчылы-гына шайланган К.Бакиев «балдары, бир туугандары менен бийликти каалагандай жүргүзө баштаган.

«Ачканы тойгузса болот, ач көздү тойгуза албайсың» дегендей алар мурдагылардан да ач көздүк жагынан аша чаап кеткендигин жарандар айтып калышат. Кай  заман,  кайсы  өлкө  болбосун, мекенин сүйгөн кадрларга муктаждык ар дайым жогору болгон. Бүгүн улуттун, мамлекеттин кызыкчылыгын коргоп, жан дили менен эмгектенген, жаңы көз караштагы, илимий технологияларды өздөштүрүп колдоно билген кадрлар керек. Андай кадрлар учурда таңсык. Анан да экономика коррупциянын сазына батып турганда, таза коомду кимдер менен курабыз деген суроо жаралат. Чынчыл жана жаман адаттары жок Кудайдан ыйбаа кылган кадрларды кызматтарга тартсак – коом тазарып, өлкөдө байлык артат, бейпилдик орнойт. Совет доорунда кадр саясатына өзгөчө маани берилген. Ал кезде кадрларды тандоо, тарбиялоо жана жайгаштыруу жогорудан төмөн карай партиянын көзөмөлүндө болгон.  Партиялык  комитеттердин алдында жетекчи кызмат орундарына кадрларды даярдоо резерви

түзүлгөн. Алар менен туруктуу тарбиялоо иш-чаралары жүргүзүлчү.

Жогорку  жооптуу  кызматтарга дайындалгандар Кыргызстан КП БКнын  номенклатурасына  киришкен.  Ал  эми  республикалык деңгээлдеги кызмат орундарына көрсөтүлгөндөр КПСС БКнын номенклатурасында болушкан. Ошентип, олуттуу, жөнөкөй эмес сыноолордон өткөндөр гана тиешелүү жетекчи  кызматтарга  алынган.

Натыйжада кадр саясатында кризис болгон эмес, Кыргыз ССРинин Өкмөтүнүн курамы туруктуу жана ишкердүү болгондугун билебиз. Жогоруда  белгиленгендей, эгемендүүлүк жылдарында кадр саясаты бийликтин көзөмөлүндө болбогондуктан, өзүм билемдикке жол берилип, башаламан жүргүзүлгөн. Кадрларды тандоо натыйжасыз болгондугунан туруксуздук басылбаган.

Андыктан,  мындай  терс  көрүнүштөрдү  жоюунун  үстүндө күч-аракетти жумшоо менен мамлекеттин  кызыкчылыгын  ойлогон,  жогорку  квалификациялуу, жоопкерчиликтүү жаш кадрларды тарбиялоо, ишке алуу багытында атайын программа кабыл алуу зарыл. Ал программада улуттук кадрлардын туруктуу резервин түзүү жана  мамлекеттик,  муниципалдык кызматтарга кандидаттарды тандоодо аларды тереңирээк текшерүү, коомчулуктун пикирин угуу жагы каралышы  керек.  Ошондой  эле, мамлекеттик кызматтардын тепкичтерин төмөндөн жогору басып өткөн, уюштуруучулук тажрыйбага ээ болгон жарандарды кадрлар резервине алуу ылайыктуу болот.

Албетте, иштелип чыккан критерийлерге толук жооп бергендер гана. Кызматтарга конкурстук принципти колдонуу менен алынышы абзел. Келишимдик негизде саны бар, сапаты жок адистерди даядап жаткан жогорку окуу жайларды кыскартуу маселеси жетилди. Көп партиялуу системанын кадр саясатына кийлигишүүсүн коомчулук ар кандай кабыл алууда. Алар сунуштаган жетекчи кадрлардын арасында татыксыз, жосунсуз жоруктар менен жаманатты болгон чиновниктердин болушу, элдин бийликке болгон ишеничин кетирүүдө.

Курулушбек АЛЫБАЕВ, отставкадагы подполковник, коопсуздук органдарынын эмгек сиңирген ардагери, Ысык-Көл облусунун ардактуу атуулу, Каракол шары