Бермет АЛЫМБАЕВА, жазуучу: «Ата-энеден бала ажырабасын»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


–  Алло,  Бермет  эже,  саламатсызбы? «Кыргыз Туусунун» «Күтүүсүз  коңгуроосу”  тынчыңызды алып жатат. Учурда эмне менен алектенип, эмнени ойлонуп жаттыңыз экен?

– Азыр иште элем. Оюмда деле ошол: “Балдарга кантип туура тарбия беребиз?” – деген маселе. Бул педагогдордун эле эмес, ар бир эненин, атанын, жалпы коом дун негизги маселеси болсо керек деп ойлойм. Андан сырткары окууну бүтүп алып, иштен же окуудан жок, кыйналып жүргөн жаштар тууралуу ойлоном. Ушунун кесепетинен жаман жолдорго түшүп кеткендер да жок эмес.

Бала тарбиялоодо ата-эненин ролу өтө бийик. Айрыкча, үй-бүлөнүн бекем, ынтымактуу болушунда атанын орду бараандуу. Эркек балага жакшы тарбия бере турган – ата. Ал уул баласын эрктүүлүккө, кайраттуулукка, сөзгө, берген убадага бекем  болууга  тарбиялайт.  Ал  эми эне – биринчи мугалим, биринчи тарбиячы, биринчи мектеп. Айрыкча, кыз балдарды болочокто мээримдүү жар, мээримдүү эне болгонго, деги эле аялзатына таандык асылдыктарга үйрөтөт. Ал эми үй-бүлөдө ушундай гармония болуш үчүн – бири-бирине болгон сүйүү сезими менен түшүнүшүү, ишеним сөзсүз болушу керек. Үй-бүлө кура турган кыз-уландар биргелешип жашоого, турмуштун ысык-суугун бирге аркалоого, барчылык менен жокчулукка, жыргалчылык менен кыйынчылыкка – баарына моралдык, психологиялык жактан даяр болушу керек.

– “Келин болуу – кулчулук” дегендерге көз карашыңыз кандай?

– Баарыбыз келин болгонбуз. “Мен кул эмесмин, мен эркин болгум келет” дегендин өзү бир аз ката. Ооба, келин болуу – кул болуу эмес. Бирок ал ата-бабадан келе жаткан ата-энеге ызаат, ыйбаа кылуу, сый көрсөтүү деген ыйык салтты сакташы керек. Мындан жаман эч нерсе көрө албайсың.

Келин болуу – улуу жолго кадам таштоо. Бала төрөп, ага таалим-тарбия берүү –чынында улуу турмушка аттануу. Бул – чоң жоопкерчилик. Ошондуктан, кыз балага кыргыздар бармактайынан кам көрүп, сыйлап, урматтап келишкен. А келин болгондон баштап, анын мык-ты жубай, мыкты эне болушуна кайнене жардам бериши керек. Бирок аша чабуу менен эмес, ал да бирөөнүн баласы экенин унутпай, өз кызындай көрүп, билбегенин үйрөтүп алуусу керек. Келин да кайненесин өз энесиндей көрүп, айткан-дегенин тескери  кабыл  албай,  туура  түшүнсө, карама-каршылык болбойт.

– Эми жеке чыгармачылыгыңыз кантип жатат?

– Эмдиги жылы, Кудай буюрса, алтымышка чыгам. Ошого аңгеме, повесть, роман жыйнактарымды иретке келтирип жатам. Арасында жаңы жазылып бүткөн повестим бар.

– Сиздин чыгармаларыңыздан балалыктын баёо, бактылуу учурлары жыттанып турат?

– Балалыкты баарыбыз эле сагынабыз да. Анын үстүнө педагог да болгон үчүн го, балалыкка көп кайрылам. Ушу азыр да балалыктын бир үзүмү эсиме түшүп кетти… Атам экөөбүз ак кууларды көргөнү көлгө барар элек. Жолду катар атам ушул канаттуулар тууралуу кызыктуу кылып айтып жүрүп отурчу. Айрыкча, ак куулардын сүйүүгө бекемдиги эсимде көбүрөөк калыптыр.

Анан дагы бир сүрөт көз алдымда турат. Таянем намазга турганда, мен да кошо туруп алаар элем. Алдымда жоолукту жая салып алып, ал жыгылса жыгылып, турса туруп убара боло берчүмүн. Анан апам үйдө жок болуп калса эле өңгүрөп ыйлап, көчөнү бойлой чуркап, издеп жөнөйм. Көргөндөр: “Ай, сага эмне болду?” – деп сурашса: “Апамды таппай жатам, ал башка балага апа болуп алат”, – дейт элем. Апамды жанымдан чыгарыштан ушунчалык коркчумун. Көрсө, алардан эрте ажырап каларымды балалык жүрөгүм сезсе керек. Эстесем, азыр да ошондогудай болуп көзүмө жаш теге-ренет. Ошондон улам да, ата-энеси алыста жүргөн балдарга зээним кейийт, аларды аяйм. Ылайым эле эне-ата менен баланы бири-биринен ажыратпасынчы.