Замирбек Мукашев: «Жылкы алганда тукумунун күлүк же күлүк эмесин он атасына чейин изилдейбиз»

Биздин маектешибиз Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген ишмер, Айыл чарба илимдеринин кандидаты, Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Билим берүү жана маданияттын мыкты кызматкери, Жогорку Кеңештин легендарлуу парламентинин депутаты – Мукашев Замирбек Мукашевич. Адам баласы кайда иштебесин, эли үчүн кандай эмгек өтөбөсүн жүзү көрүнүп турат. Анын сыңары Мукашев Замирбек Мукашевич да өз мезгилинде Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кыргызстан комсомолунун 50 жылдыгы атындагы совхоздо башкы ветврач, комсомолдун Тоң райкомунда биринчи катчы, Ленин атындагы колхозго төрага болуп “Айкол” кооперативин жетектеп келген. Жашоо агымына жараша “ Башат-М” фондун, “Адилет” жеке менчик үрөнчүлүк чарбасын, “Элдияр” жылкы заводун түптөгөн. Койдун жана топоздун жаңы “Айкол” пародаларынын автору. Бул саам Замирбек мырзадан “Элдияр” жылкы заводу жөнүндө айтып берүүсүн өтүндүк.

— Замирбек Мукашевич “Элдияр” жылкы чарбасын уюштуруунун себеби бардыр?

— Бар эмей. Атам Мукаш Улуу Ата Мекендик согуштун майыбы болсо да ар кыл кызматты аркалап, колхоздо саан уй, кочкорлорду багып калды. Дайыма сабактан тарагандан кийин сарайга барып, жардам берип кайтчумун. Негедир мага атамдын минип жүргөн атына аяр мамиле жасаганы жакчу. А түгүл жүгөн, көмөлдүрүк, басмайыл, куюшканына чейин жалтырата майлап койгону эсимде.

“Ата көргөн ок жонот” дегендей менин кесипти адашпай туура тандашыма, жылкы баласына жакын өсүп “Элдияр” жылкы заводун түзүшүмө атам Мукаш түздөн — түз себепчи деп айта алам. Баса, “Элдияр” менен кошо “Адилет” үрөн чүлүк жеке менчик чарбасынын эшиги ачылган. Демек, заводдогу жылкыларга керектүү тоюттун корун өзүбүз жетиштүү деңгээлде сапаттуу даярдап берип турабыз. Бардык шарт, сарай, от иштетүүчү жайы, кайтарган кароолчусу бар.

— Жылкы заводун эмне үчүн “ Элдияр” деп атадыңыз эле ?

— Күлүк жылкы, чыгаан жорголорду “Ай-кол” кооперативинде иштеп жүргөндө эле кармачубуз. Атагы алыска кеткен “Патрон”, “Ореол”, “Замана” сыяктуу жылкылар мына ошол “Айкол” кооперативинен чыккан.

Ал эми “Палач”, “Паңсат”, “Оптимист”, “Барон”, “Баритон” “Пампер”, “Көпөлөк”, “Долон” сыяк туу жорголор “Элдияр” жылкы чарбасына таандык. Негизинен малдын асыл тукумдуулугу жогору бааланат. Ошондуктан Учхоздон, 80 — жылкы заводунан жана башка жерлерден асыл тукум жылкылар алынып келинген. Бардыгы мыкты, таза кандуу десемжаңылышпайм.

Эң кызыгы, аларды байгеге чабышта. Жарышка түшкөн маалда жоргонун туягы күнгө чагылышып, бир калыпта чайпалып жүрүшүнөн жазбай, жел жиреп, жер тыта чуркайт эмеспи. Анысы кандай алгач алып келген жорголорду, күлүктөрдү уулум Элдияр таптап, асырап чапкан. Чабышка жол салган баламдын ысымын өчүрбөө максатында “Элдияр” деп койгонбуз. Жылкы курап, ферма түзүп, биротоло ушул тармакка ооп кетишиме ошол уулум түрткү жана себепкер болгон. Бара-бара өз мүмкүнчүлүгүбүзгө карап күлүк кармабай жоргого өтүп кеттик.

— Жоргонун байгеге катышканына кандай баа бересиз?

— Албетте жогору. Анткени, калың калкыбыздын унтулуп бара жаткан уюткулуу каада-салтын жандандырууга колдон келген салымыбызды кошуп жатабыз. Эң башкысы өнөрдү өчүрбөй, кийинки муундардын улантып кетишине көрөңгө калтыргыбыз келет. Өзгөчө жаштардын жан-дүйнөсү ойгонуп, көкүрөгү жакшылыкка толуп, шык жөндөмү артса экен деген тилектебиз.

— Ат майданында жетишкендиктериңиз арбындыр?

— Ооба, бир топ. Алгачкы ийгилик Баатыр-кандын тоюнда багындырылып, топ күлүктүн ичинен “Замана”, жоргодон “Ореол” маарага биринчилерден болуп келген. Андан кийин дагы көп жерден уттук. Казакстан менен Кыргызстанда өткөрүлгөн ири мелдештерде лидерлик чекке чекит койдук. Маселен, “Барон” Биринчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы жорго жарышта чемпиондукка жетишти. Ошондой эле Барон 64 жолу жарышка түшүп, 52 жолу биринчи келген. Азыр анын балдары дагы утуп атышат. Мактоо баракчалары, Ардак грамоталар менен кубокторду санасак толтура. Азыр “Барон” мелдештерде ат салышуу менен чектелбестен өндүргүч айгыр катары пайдаланылууда. Анын балдарынын асты жорго салышка катыша баштаганы үмүт отун жандырып жатканы жашыруун эмес.

— Жеңиш саяпкердин аракетине жана жылкыны багууга жараша болсо керек?

— Учурдан пайдаланып жылкынын же-ңүү сүн шарттаган 4 нерсеге токтоло кетейин. Маселен, биринчи кезекте алынып келүүчү жылкынын тукуму кандай, чыгаан күлүкпү же жокпу, он атасына чейин изилдейбиз. Экинчиден, убагында чөп, жем, суу, кошумча  тоют тар, витаминдер берилет. Бооз бээни эттүү багып, туулган кулундун асты туруктуу кургакталып турат. Үчүнчүдөн, саяпкер мыкты болушу, таптоону жакшы билиши керек. Төртүнчүдөн, чабандес бышык балабы, ээрге туура отура алабы, салмагы оорбу, же жеңилби, мына ушу сыяктуу маселелер көңүл чордонунда болушу максатка ылайык. Байгеге түшчү жылкынын төрт тарабы төп келишкенде гана жеңиштин желеги желбирери анык. Заводдо эки саяпкер эмгектенет. Бизге келип үйрөнүп кеткендерди эсептесем 140 тан ашат экен. Кыскасын

айтканда заводду саяпкерлердин мектеби десем жаңылышпайм. Анткени, Кыргызстан менен Казакстандын жылкы чарбаларында бизден үйрөнүп өсүп чыккан саяпкерлер мактоого арзырлык саамалыктарды жаратышууда.

Керимбек Асангазиев, Каныбек уулу Алтынбек өңдүү саяпкерлерим менен ар дайым сыймыктана алам. Экөө айыл ичинде кызыккан балдарды өздөрү тандап, иштөөгө тартып тарбиялашат. Алардан таалим алган Ка-ныбек уулу Адылбек, Алмаз уулу Азамат, Майрамбек уулу Талгарбек бүгүнкү күндө кадимкидей калыптанып, жорго жарышка катышып калышты.

— Жорго жарыш дайым өткөрүлүп турабы?

— Жылына жыйырмадан ашык мелдеш болот. Аларга үзбөй барып турабыз. Мамлекет тарабынан белгиленген тойлордо, Республикабыздын көрүнүктүү инсандарынын юбилейлеринде, 9-май Жеңиш күнүндө, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө жана Нооруз майрамдарындагы ат чабыштарга туруктуу катышабыз. Булардан тышкары эч кимди күтпөй эле өз ара сүйлөшүп, мелдеш уюштуруп, жорголорду бир сыйра сындан өткөрүү, кемчилигин толуктоо адатка айланган. Мен үчүн жогоруда аталган чарбаны жетектөө хобби, бизнес катары болуп калды. Пайда таппаган учурларда да көңүлүбүз кайтпай кайрадан катыша бермей.

—  Жорголоруңуз  жарышка  түшкөн учурларда абдан толкундансаңыз керек?

— Толкунданбай анан. Ал турсун бүтүндөй жан дүйнөмдү тынчсыздануу каптап калат. Мен эмес көпчүлүк көрөрмандар баш кийимдерин көккө ыргытып, отуруп тура калышып сүрөп кыйкырып жатышпайбы. Аларды карап туруп көз алдыма бирде жеңиш, бирде кейиш тартылат. Көрсө, турмуш оош-кыйыштыгы менен кызык тура.

Маектешкен Айпери Эрмекова