Дарига Назарбаева казак сенатынын спикери болуп шайланды

Дарига Назарбаева сенаттын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жашыруун добуш берүүгө катышкан 44 депутат бир добуштан анын талапкерлигин колдоп берген.

Буга чейин Назарбаева сенаттын депутаты болуп келген. Мурдагы сенаттын спикери Казакстандын жаңы президенти Касым-Жомарт Токаев болуп келген.

Дарига Назарбаева Нурсултан Назарбаевдин улуу кызы. Назарбаев кечээ, 19-мартта отставкага кеткенин жарыялаган. Ордуна мыйзамга ылайык Касым-Жомарт Токаев келип, бүгүн ант берген.