Бишкекте Эл аралык финансылык форум башталды

Бүгүн, 2-июнда Бишкек шаарындагы Эл аралык финансылык форум ишин баштады. Форумдун жүрүшүндө каржы-кредит багытындагы актуалдуу маселелер, келечекте төлөм технологияларын өнүктүрүү маселелерин кароо пландаштырылган. Мында кибер кылмыштуулук, ислам каржылоо принциптери жана калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Бул форум пикир алмашуу, финансы тармагындагы акыркы тенденцияларды талкуулоо, чечимдерди сунуштоо, колдонуудагы долбоорлорго талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүү, өнөктөштөрдү издөө ж.б. үчүн пайдалуу аянтча катары кызмат кылат.

Иш-чарага 300 ашуун банктык, микрофинансылык, финансы-кредит институттарынын, төлөм уюмдарынын, камсыздандыруу жана финансылык компаниялардын жергиликтүү жана чет өлкөлүк өкүлдөрү чакырылган. Алар менен бирге  IT-технология жана банктык жабдууларды сунуштоочулар, мобилдик байланыш операторлору, көз карандысыз эксперттер, аналитиктер жана башка кызыктар компаниялар катышууда.

Форум Damas мейманканасында өтүп жатат.