Кыргызстанда мамлекеттик басмакана түзүү сунушталууда

Кыргызстанда мамлекеттик басмакана түзүү сунушталууда. Бул маселе бүгүн, 2-июнда “Мамлекеттик маанилүү документтер жөнүндөгү” мыйзам долбоорун карап жаткан КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында талкууланды.

Жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун Болсунбек Казаков мындай ишкана түзүү үчүн бир кыйла көп каражат талап кылынарын билдирди. Анын пикири боюнча, бюджеттеги тартыштык шартында дагы мамлекеттик бир ишкана түзүү мүмкүн эмес.

Болсунбек Казаков билдиргендей, мамлекет “Учкун” ачык акционердик коомунун 77,36% акциясына, ал эми «Континент принт» жоопкерчилиги чектелген коомунун 65% пайыз үлүшүнө ээлик кылат.

Эске сала кетсек, мамлекеттик басмакана түзүү демилгеси Юстиция министрлигине таандык.