Чүйдүн тургуну бир жаштагы баласын мууздап салды

Ысык-Ата районунун тургуну өзүнүн бир жаштагы баласын муздап салган. Милиция тергөө кызыкчылыгына байланыштуу башка маалымат айтылбай турганын билдирүүдө. Бул тууралуу Чүй милициясына шилтеме жасап «Азаттык» жазып чыкты.

Айрым маалымат каражаттары баласын өлтүргөн аял мурдараак ажырашкан күйөөсү менен урушуп кеткенден кийин ушундай кылмышка барганын жазышты. Учурда факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү келин кармалды. Бардык экспертиза дайындалып, тергөө жүрүүдө.