Алыкулду көрө билген Орозбек…

Кыргыз элинин улуу акыны Алыкулду мүлдө кыргыз журту жакшы билет. Талантына тан берип, поэзиясынын сыйкырдуу кереметине суктанбаган кыргыздар чанда гана болсо керек. Кыргыз поэзиясынын чолпон жылдызы аталган Алыкулду кимдер гана тартпады. Бири “ода” кылып тартты. Бири “мода” кылып тартты. А айрымдар “соода” кылып тартты. Беш кол тең эмес. Кыскасы, баары ага өз чыгармаларын арнашыптыр. Арнашканы го арнашкан, бирок кайсы кыл чебер “кыйын жашап, жакшы жазган” Алыкулду түшүнө билди экен? Кимиси Алыкулду Алыкулдай, поэзия күйөрмандары жата калып, ырларын баса калып окугандай таасирлүү бере алды?. Кеп оролу ошондо. Ырас, Алыкулдун адамдык жан дүйнөсү менен акындык ыр дүйнөсүн гармониялуу кылып бере билген кыл чеберлер чанда гана кездешет. “ Алыкул – ыр шумкары, ыр тулпары!” – деп ыр акебиз Рамис Рыскулов айткандай ыр шумкары-Алыкулду “ача билүү” ар кимдин колунан келе бербеси айдан ачык.

Билбейм, кандай, эмне ойдо экен катарым,

Мен өзүмдүн тагдырыма капамын.

Заманымдын керегине жарабай,

Эрте кургап, муздап бара жатамын, – деп 35 жашында кете берген Алыкулду замандаштарынан жалгыз гана кыргыз элинин улуу сүрөтчүсү Гапар Айтиев көзү тирүүсүндө тартып калтырган. 1938-жылы Алыкул курбусунун пальтосун желбегей жамынып, оң колу менен кагаз кармап, сол колун шымынын чөнтөгүнө салып турган элесин көркөм боёк менен таар бетине түшүргөн. Мында Алыкул ой басып, бушайман. Автор каармандын образын терең талдоого аракет кылган. Т.а. портрет ошол кездеги Г.Айтиевдин портрет жанрындагы анын чыгармачылык этаптуу өсүшүнөн кабар  берет.  Акындын  бул   портрети көрүүчүнү кезектеги поэзия дүйнөсүнө чабыт жасап бара жаткан адамдын маа-найын бере билген атмосферага көңүлүн бурдурса, экинчиден Г.Айтиев тарткан Алыкулдун  портрети  (1940-ж.)  таптакыр башкача ракурста чечмеленет. Ал эми москвалык сүрөтчүлөр М.Е.Горшман менен Б.Н.Безикович 1941-1943-жылдары акындын портретин тартууга кайрылышкан. Кыргызстандык белгилүү график А.А.Сгибнев карандаш менен акындын шапкечен сүрөтүн бир шилтемдер менен ишке ашырса, скульп тор В.А. Пузыревский менен живописчи С.Бакашов акындын образын жаратышкан. А.Осмоновду графиканын тили менен элге тартуулаган С.Ишенов болсо, Кыргыз эл сүрөтчүсү О.М.Мануилова өз учурунда Алыкулдун бир нече барельеф-элесин гипс тен жасап калтырып кеткен. Кыргызстанда жашап кеткен венгр скульптору Ласло Месарош 1937-жылы биринчилерден болуп Алыкулдун бюстун колодон жасап чыккан. Тилекке каршы, бул бедизчинин эмгегине эчким баа бере элек. Кептин ачыгы, Алыкулдун образына кайрылган кыл чеберлердин көпчүлүгү (С.Ишенов, Т.Герцен,  А.Бейшеев,  В.А.Шестопал, Ж.Жумабаев, Т.Курманов, С.Төрөбеков, Р.Маматкулов,  Т.Садыков,  Т.Медеров, Ү.Сарыбаев, А.Турсункулов) акындын ар кыл мезгилдеги маанайын чагылдырып келишкени даана байкалат. Портрет бул адамдын жан дүйнөсү. Алыкулду өмүрү көрбөгөн көрүүчү да алдындагы портреттен акын тууралуу толук түшүнүк алышы зарыл.

Албетте, Улуу Талант Алыкулдун кыргыз маданиятына тийгизген таасири, анын кайталангыс ыр саптары акындар менен сүрөтчүлөрдү ар дайым шыктандырып чыгарма жаратууга түрткү берген. Бүгүн биз сөз кыла турган каарманыбыз – Кыргыз маданиятына эмгек сиңиргенишмер, живописчи О.Молдобаев. Ал башкалардан  айырмаланган  Алыкул Осмоновдун портретин жараткан. Ырас, О.Молдобаев Алыкулдун портретин тартуудан мурда кыргыз живописиндеги улуу портретчи А.Усубалиевдин чыгармачылыгын терең изилдеп, оош-кыйыштарын терең үйрөнгөн. Дүйнөлүк жана орус портрет искусствосунун, советтик портрет мектебинин этаптуу тарыхынан толук кабардар болгон сүрөтчү. А.Усубалиев сыяктуу эркин шилтемдер менен портреттик окшоштукту чебер берүүнүн сырларын өздөштүргөн. Ошол эле мезгилде түстү лакондуу чечүү сапаты да бар. Бул портрет параддык портреттердин катарына кирет. Негизинен параддык портрет адамдын коомдогу абалын көрсөтүүнү максат кылып коёт эмеспи. Моделдеги аксессуарлардын ар бири мында чоң роль ойнойт. Андан сырткары картинанын өлчөмүнө да басым жасалат. Параддык портретте моделдин бүт турпаты сыпаттоонун объектисине айланат. Горизонттун жапыздыгы, көрүүчүнүн көзү менен тең алынган живописттик шарттуулук, ойлоп табылган горизонттун чеги композиция жаратууга багыт берерин жакшы билебиз. Кыл чебер О.Молдобаевдин чыгармасында бардык эрежелер туура сакталган. А чындыгында Алыкулдай адамды сүрөттөө, анын мүнөзүн ачып берүү өтө татаал иш. Бул портрет акындын 1939-ж.2.11. Москва шаа  -рынан досу Ажантайга берген фотосунун негизинде ишке ашырылып автор тарабынан ийине жеткизе иштелип чыккан. Акын креслодо. Бир аз башын солго буруп эркин отурат. Алыкул күрөң костюмчан. Креслонун түсү. Каармандын кийген кийими. Баары параддык формада. Шаттуу. Ачык маанай. Чыгарманын жалпы абалы ушундай. Кыл чебер мында неге жетишкен? Деги эле бул портрет буга чейинки акынга арналган портреттерден эмнеси менен айырмаланат? Ырас, Г.Айтиев менен А.Сгибнев акынды натурадан тартышса, О.Молдобаев акындын образын жаратууда алакандай фотону пайдалануу менен, акын жөнүндө билгендерден сурамжылап, архивдик документтерди аңтарып, акыры барып ага өзүнүн автордук ой чабытын кошумчалайт.

Автор акындын тышкы келбетинин окшош жактарын тизмектеп гана отурбастан анын поэзияга толгон жан дүйнөсүн ар кыл боёктордун ыргагы аркылуу ачып берүүгө умтулган. Кыл чебердин чеберчилиги менен Алыкул катардагы карапайым акындардын арасынан интеллекти жогору, бийик парасаттуу, ак сөөк инсандардын бирине айланат. Ырас, параддык портреттердин өзүнчө сыры болот. Муну О.Молдобаев илгиртпей түшүнгөн. Алыкул жашаган мезгил. Өз дооруна жараша инсандын табиятын ачып берүү бардык эле кыл чеберлердин колунан келе бербеши айдан ачык.

О.Молдобаевдин Алыкулу жогоруда акынга арналган чыгармалардан таптакыр башка өңүттө жасалган, жаралган Алыкул. Даана кыргыз поэзиясынын классиги көз алдыбызга тартылат. Так кесе айтсак, бул портрет, тээ орустун улуу сүрөтчүсү И.Е.Репин менен И.Н.Крамскойдун параддык портреттерине үндөшүп ке-тет…

О.Молдобаевге чейинки кыл чебер-лер Алыкулдун образын ар кандай шил-темдер менен толтурушкан: бири акынды көл жээгинде тургузуп, экинчиси жээктеги таш үстүнө отургузуп, дагы бири үй алды, стол чети, ар кандай ракурста беришет. Баарында тең ойлуу. Бир жеринде жөн туралбайт. Башын мыкчыган. Ээгин таянган.Трагедиялык боёк сүртүмдөрүн ыксыз пайдаланышат. Кыскасы, эл сүйгөн акын, карапайым элдей болуп жашаганбы? Же, жокпу? Чыныгы турмушу кандай эле? Албетте, улуу акындын карапайым дыгына чек жок. Ал деле тамашалап сүйлөп шаттана  билген.  Муну  замандаштары  көп эскеришет.  А  бирок  кыл  чеберлердин көпчүлүгү акынга таандык болгон сапаттарга басым жасап, (муңдуу, ойлуу, бушайман)кылып сыпаттоого аракеттенишсе, тескерисинче О.Молдобаев акынды параддык шартта А.Осмоновдун реалдуу тирүү образын элестетип, ички сезимин, ага таандык мүнөзүн көрсөтүүгө умутулат. Ошол мезгилдин күрөө тамырын кармап калууга тырышат. Ырас, ар бирибиз пендебиз. Муң-кайгынын артын жаркын жашоо да коштошу ыктымал эмеспи. Мындай жашоодон Алыкул да четте калбасы айдан ачык. Автор акын отурган кызыл креслонун  таянган  жерин  жолборстун баш тулкусундай кылып сүрөттөйт. Бул да бекер жеринен болбосо керек. Анткени А.Осмонов Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” дастанын эркин которгону баарыбызга маалым. Эми портретке кайрадан экскурс жасайлы… Алыкулдун образы… Жеткиликтүү. Ачык, даана иштелген. Кептин ачыгы, Москвада жүргөн убагынан бир элес…

“Өңдө шаттык, көкүрөктө жаңы ой,

Акыл кеңип, асылданып бүткөн бой.

Жакшы колдон түлөк алган куш өңдүү,

Кайра кайткам мурункума окшобой..

(1949-ж. “Москва” деген ырынан).

Кыл чебердин колунан жаралган Алыкулдун портрети менен акындын жогорудагы ырынын шайкеш келиши бул бекер жерден эмес. Демек, автор каармандын ички жан дүйнө сезимдерин таасын бере алган (Москвадагы учурун).Портретте мурункудай акынга таандык санаркоо, шашылуу сезимдерижок. Болгону өзүнө – өзү канагаттануу, ток пейилдик маанай бар. Өз дараметин толук билген инсандык сапат кыл чебер тарабынан боёктордун сыйкырдуу күчү менен профессионалдуу деңгээлде чечмеленген. Психологиялык абал, т.а. акынга таандык негизги сапат толук сакталган. Акындын чыгармачылык жооптуулукту сезе билүүсү, ички дүйнөсүнүн кеңдиги, татаал жана бай экендиги кыл чебердин кызыкчылыгын туудуруп, талантына талант, шыгына шык кошконун байкайбыз. Болбосо, мындай портреттин жаралышы даркүмөн эле.

Жылуу жана муздак түстөрдүн кылдаттык менен пайдаланып, башка боёктордун гармониясынын ырааттуулугун бузбай, тескерисинче бирин-бири толуктап, баарын өз-өз ордуларына коюу менен чыгарманын жалпы колоритин сакташын даана сезебиз. О.Молдобаевдин чеберчилиги боёктордун байлыгын да, керемет  күчүн  толук  пайдалана  билгендигинде.  Автордун  бул  деңгээлге көтөрүлүшүнө өз учурунда кыргыз элинин көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук жана илим-маданият ишмерлери: И.Р.Раззаков, К.И.Скрябин, И.К.Ахунбаев, Ч.Т.Айтматов,  Ж.Ж.Жээнбаев,  Б.И.Иманакунов,  А.Ж.Жайнаков,  О.А.Тогусаков, Б.С.Сыдыков, А.Акматалиев, композитор М.Бегалиев, манасчы С.Касмамбетов, А.М.Оморов, А.Б.Бакаев, К.А.Узакбаевдин ж.б. портреттик галереясын түзүшү зор өбөлгө болгонун байкайбыз. Портрет жанрындагы О.Молдобаевдин түмөн түйшүгү, арыбаган мээнети гана Орозбекти өз почеркин таап, кыргыз живописине чыйырын салган кыл чеберге айлантты десек туура болот. Анын пейзаж жанрында да өзүнө таандык стили бар. А бирок кыл чебердин сүйгөн темасы – замандаштарынын бейнесин урпактарга калтырып кетүү. Автордун “Алыкул” чыгармасын жаш муундагы сүрөтчүлөр үчүн усулдук үлгү катары толук пайдаланса болот. А.Осмоновдун тышкы бөтөнчөлүгү менен ички дүйнөсүнүн гармониясын табуу бактысына азырынча улуу муундагы сүрөтчүлөрдөн Г.Айтиев, кийинки муундагылардан (азырынча) О.Молдобаев гана туш болуптур десек аша чапкандык болбойт. Кыргызда бир сөз бар. “Сөздү учурунда айтпаса, атасы өлөт “ деген, анын сыңары биз да сөзүбүздү учурунда айтып калалы…

Сапалкан АРИПОВ, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы тил жана адабият институнун
ага илимий кызматкери, көркөм өнөр иликтөөчү