Өзгөндө 12 жаштагы бала агасын атып алды

Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында 14 жаштагы баланын башына ок тийип, окуя болгон жерде каза болду.

Каза болгон 14 жаштагы баланы өзүнү 12 жаштагы иниси 16-калибрдеги мылтык менен ойноп жатып, кокусунан атып алган. Курал ошол эле үй-бүлөнүн 20 жаштагы уулунун атына катталган. Бирок, эреже боюнча туура эмес сакталганы үчүн аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Тартип коргоо органдарынын мүчөлөрү элге кайрылып, пайдаланууга уруксаты бар курал-жаракты атайын эрежелер менен сактоону дагы бир жолу эскертет. Шалаакылык же жоопкерчиликсиз мамиле адам өмүрүнө кооптуулук жаратышы мүмкүн экенин айтышууда. (АА)