Бишкек ШИИБ 215 курал жарак тапты

Бишкекте Нооруз майрамына даярдык көрүлүп жатканда шаардыктардын жана меймандардын коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек ШИИБ алдын алуучу иш-чараларды өткөргөн. Алар курал-жарак, ок-дарылардын, жарылуучу заттардын, жардыргыч түзүлүштөрдүн, өлкөнүн аймагында уурдалган жана жоголгон куралдардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы уюштурулган.

Рейддин жүрүшүндө уруксат берүү системасына караштуу 26 объект, анын ичинен ок атуучу курал-жарак сакталган 6 объект, 17 жеке коопсуз мекемелер текшерилди. Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, 1073 мергенчиликти сүйүүчүлөр, газо-травматикалык курал колдонууга уруксат кагазы бар 276 жаран, ошондой эле 147 жарандын сыйлык катары берилген курал-жарагы текшерилген. Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө, 215 курал- жарактарды сактоодо эреже бузуу катталган. Аталган фактылар боюнча  айрым жарандарга айып пул салынды.