Майордун папке, куртка, туфлий тууралуу жомогу

Каракол шаардык соту Жети-Өгүз ИИБинин тергөөчүсү, милициянын майору М.га карата (аты-жөнү өзгөртүлдү А.М.Б.) аны укук коргоо органдарында 3 жылга чейин иштөө укугунан ажыраткан чечимин чыгарды.

Окуя мындайча болот. Майор М. тергөө иштери боюнча Бишкек шаарына кызматтык иш сапарына келиптир. Ишин аяктагандан кийин Бишкектин авокзалынан түз жөнөп кетпей, түн ичинде барга барып, бильярд ойноптур. Эргулуң катуу ойногон экен документтерин, аны менен кошо кылмыш ишинин материалдарын жана Бишкектен берилген эксперттин жыйынтыгын жоготуп жибериптир. Ошону менен 3-октябрга чейин жумушуна барбаптыр. Сыягы баш жазып же жоготкондорун издеп жүрсө керек. Анан 3-октябрда жумушуна барып “28-октябрда Бишкектин батыш автовокзалынан кимдир бирөөлөр каракчылык менен кол салды, материалдар салынган папкемди, соткамды, курткамды, атургай туфлийимди да тартып алып кетишти” деп билдириптир.

Текшерип көрүшсө М. автовокзалдан 28-октябрда саат 22:00дө мас абалында чыгып Жибек-Жолу менен Ростов көчөлөрүнө барганы видео байкоого түшүп калыптыр. Колундагы папкеси эртеси, 29-октябрда парктын аймагынан табылыптыр.

Бул иш боюнча тергөө жүрүп, акырында Каракол соту жогоркудай чечимин чыгарган…