Бишкекте шаар тургундары бактарды кыюуга каршы чыкты

Бишкектин Токтоналиев көчөсүндө бүгүн, 2-июндан тартып «Жашылдандыруу» ишканасы бактарды кыйып баштаган. Буга шаары тургундары каршы чыгып, техникани жолго киргизбей жерге отуруп алганы үчүн бир нече жашоочу милиция тарабынан кармалганы айтылууда.

Ал эми шаар мэри Албек Ибраимов аталган көчөдө 143 бак кыйылып, анын ордуна 248 бак отургузулаарын айтты. Ошондой эле ал Токтоналиев көчөсүндөгү жолдун курулушу зарыл экендигин белгилеп, элди туура түшүнүүгө чакырды.

Мэр Токтоналиев көчөсүндөгү долбоордун ишин өзгөртүүгө болбой турганын, ал 2014-жылы эле кабыл алынганын айтты. Учурда аталган көчөдө бактарды кыюу уланууда.

Бишкек шаардык кенештин депутаттары элге убагында туура маалымат жеткирүү керектигин жалпы сессияда айтып чыгышты.