Б.Төрөбаев: айдоочулук күбөлүккө тыюу салган РФ мыйзамы ЕАЭБ саясатын жооп бербейт

Кыргыз Республикасынын улуттук айдоочулар күбөлүгүн колдонууга тыюу салган Россия мыйзамдары ЕАЭБдин интеграциялык саясатынын талабына жооп бербейт. Бул мыйзам кыргыз жарандарынын көпчүлүгүнө зыянын тийгизет. Мындай пикирин бүгүн, 2-июнда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын жыйынында Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, бул мыйзамдын айынан Россияда жүк ташуу жана такси тармактарында иштеп жаткан мигранттары басымдуу бөлүгү мекенине кайтууга аргасыз болушат. Бул жагдай өз кезегинде  өлкөдөгү жумушсуздук деңгээлин көтөрүп, акча которуу көлөмүнө таасирин тийгизет.

Бакыт Төрөбаев билдиргендей, мындай чаралар кыргыз мигранттарына кошумча кыйынчылык жаратат. Андыктан, фракция лидери Кыргыз Өкмөт Россия Өкмөтү менен ушул маселени жөнгө салуу боюнча байланышсын деген тапшырма берилиши керектигин белгиледи. Ошондой эле, Төрөбаев Россиянын Мамлекеттик думасынын депутаттарына парламент аралык кызматташуу алкагында кайрылып, кыргыз жарандарынын айдоочулук күбөлүктөрүн убактылуу колдонууга мүмкүнчүлүк берүү жолдорун табуу керектигин кошумчалады.

Эскертип кетсек, быйыл 1-июндан тарта Россия аймагында иш үчүн башка мамлекеттин улуттук айдоочулук күбөлүгүн колдонууга тыюу сала турган турчу мыйзам күчүнө кирди.