Кыргызстан – Россия: жетишкендиктерибизден жетише тургандарыбыз арбын 

28-мартта РФ Президенти В.Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапар менен келиши күтүлүүдө. Бул маанилүү саясый окуяга байланыштуу айрым эксперттердин пикирин берүүнү туура көрдүк.

Алишер САБИРОВ, Жогорку Кеңештин экс-депутаты: Кабыл алынган келишимдер аткарылса

Бүгүнкүгө чейин Россия менен Кыргызстандын ортосунда 350гө жакын келишимге жана макулдашууга кол коюлган. Бирок ал  документтер  элдин  турмушуна реалдуу таасир тийгизип жатабы же жокпу, бул башка кеп. Мен Б.Ельциндин бийлиги учурундагы 1997-жылы кол коюлган бир келишимге токтолоюн дедим. Россия Федерациясында такай жашап жаткан Кыргызстандын жарандарынын жана бизде жашап жаткан россиялыктардын статусу тууралуу келишим бар эле. Ал документте биздин жарандар Россиянын мамлекеттик ишкана, мекемелеринде иштөөгө, жетекчилик кызматтарга көтөрүлүүгө укук берилген. Ошондой эле биздеги россиялыктар да дал ушундай укуктардан пайдалана алышмак. Бирок бул келишим эч качан иштеген эмес. Анткени, мен  ушул  келишимге  жооп  алуу үчүн Кыргызстандын да, Россиянын да тышкы иштер министрликтерине кат жазып кайрылсам, алар бул келишимди турмушка ашыруу үчүн дагы бир келишим керек экенин айтышты. В.Путиндин Бишкекке карата расмий иш сапарынын  алкагында 25тен ашык эки тарап-туу  келишимдерге  кол коюлат экен. Ошол до-кументтер эки мамлекеттин жарандарынын турмушуна таасир эткендей болушу керек. Алардын жүзөгө ашуусун парла-менттер аралык ассамблеянын  алкагында көзөмөлгө алып туруу зарыл.

Кыргызстандагы орус  тил  маселесине келели.  Мамлекеттик тилге кедергисин тийгизбегендей  кылып,  Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүү керек.  Орус  тилин үйрөнүү — эң биринчиден  кыргыздардын өзүнүн кызыкчылыгы. Россиянын шаарларында 1 млн. жакын  калкыбыз иштеп жүрөт. Бир жылдары  кыргыз мектептеринде иштеген орус тил мугалимине кошумча айлык  акы  төлөп берүү  маселесин көтөргөнбүз.  Ага Мамлекеттик  думанын  депутаттары  макулдук беришкен. Ал каражатты Россиянын КМШ менен кызматташтыгы  боюнча  “Россотрудничества” федералдык  агенттигинин  каражатынын эсебинен төлөнүп турмак болгон. Бирок, бул да ишке ашырылган жок.

Жакында Уралдан туристтер келип, Ысык-Көлдүн ажайып кооз-дугуна суктанып етишти. Ысык-Көлгө россиялык инвесторлордун кызыгуусу артууда. Алар өздөрүнүн 50 миңден ашык жараны эс алып, дарыланып кете турган пансионат курууга дилгирленип жатышат. Муну менен жергиликтүү элибизге кошумча жумушчу орундар түзүлүп, салыктар түшмөкчү. Бул маселе эки тараптын өкмөттөр аралык комис-сиясына жеткирилиши керек деп ойлойм.

Аскат БЕКОВ, экономика министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын начальниги: Россияга экспортубуз 314 млн. долларды түздү

Россия  Президенти  В.Путиндин  расмий  иш  сапарынын  алкагында  эки  өлкөнүн облустар,  шаарлар  ортосундагы кызматташуусу боюнча сегизинчи  конференциясы  өткөнү  жатат.  Ушул  иш-чаранын  жогорку деңгээлде өтүшүнө экономика министрлиги катуу даярдык көрүүдө. Конференцияда тематикалык төрт тегерек стол болот. Андан тышкары, кыргыз продукцияларын Россия  рыногуна  сатуу  боюнча  семинарга  да  даярдык  көрүлүүдө. Инвестиция  боюнча  бизнес чөйрөсүнүн жолугушуулары, кыргыз товарларынын көргөзмөсү да болот.

Россияга  өткөн  жылдагы  Кыргызстандын  экспортунун  көлөмү   314  млн.  долларды түзүп, ал 2017-жылга салыштыр-малуу  18  пайыздан  ашык  өстү. Айта кетсек, текстиль, айыл чарба  азыктары,  электр  лампалары, транспорттук каражаттардын бөлүктөрү ж.б. товарлар экспорттолот. Экспортту арттыруу боюнча Өкмөттүн амбициалуу пландары бар.

Бул жолку эки тараптуу жолугушуулар өз натыйжасын берет деген ишеним абдан чоң. Анткени, биз эки мамлекеттин өкмөттөрүнө олуттуу сунуштарды беребиз. Ысык-Көлгө россиялык инвесторлордун каражатына санаторий курулса, россиялык эс алуучулардын келишине чоң шарттар түзүлөт.

Кайрат ОСМОНАЛИЕВ, тарых илимдеринин доктору, эксперт: В.Путиндин иш сапары – тарыхый окуя

Кыргызстанда  2018-жылы эки  чоң  саясый  маанилүү иш-чара өткөнү жатат. Анын би-ринчиси – В.Путиндин расмий иш сапары. Экинчиси – ШКУнун саммити. Эки тараптуу достук алакага келсек, кыргыз-россиялык кызматташтык боюнча 300дөн ашык келишимдер түзүлүптүр. Кол коюл-ган макулдашуулардын ишке ашпай калгандары да бар. Ал эми алардын арасынан турмушка ашырылгандары толтура. Россияга карата экспор-тубуз 314 млн. долларды түзгөнүн мен экспорттук мүмкүнчүлүгүбүз толук пайдаланылбай, товарлардын жаңы ассортименттери чыгарылбай жатат деп баалайм. Мурдатан бери соода каттамы калыптанып калган тигүү өндүрүшү экспорттун басымдуу бөлүгүн камтыйт. Ал эми айыл чарба продукцияларын Россия рыногуна чыгаруудагы айрым тоскоолдуктарды жоюп, максималдуу шарт түзүү жолун табууга ушундай жолугушуулар түрткү бериши кажет.

В.Путиндин расмий иш сапарын тарыхый окуя катары кароо керек. Анткени, мамлекет башчылардын жогорку деңгээлдеги жолугушууларында элибиз үчүн зор мааниси бар чечимдер чыгарылат. Мисалы, Россиянын экс-президентинин иш-сапарынын алкагында Кыргызстандын Россияга карата 500 млн. доллар карызы кечирилгени эсибизде.

Россия кыргыз жарандары үчүн кулачын кеңири жайып, жумуш менен камсыздап жатат. Мындан ары биз ЕАЭБдин аймагында эмгектенген жарандарыбызды мигранттар деп атаганыбыз туура болбойт. Биз аларды жумушчулар дешибиз керек. Ал жакта иштеген мекендештерибиз Россиянын жарандары менен дээрлик тең укуктуу. Алар Кыргызстанга 2 млрд. доллар которуп жатышат. Азырынча мындай көлөмдөгү каражатты биз үчүн бир дагы тармак туруктуу камсыздай албай жатат.

Лариса ХОПЁРСКАЯ, КРСУнун профссору: Агартуу тармагындагы алаканы арбытсак

Россия  менен  Кыргызстан бирдиктүү интеграциянын айдыңында жашаган, бардык тармактар  боюнча  түбөлүк  достук паритетте кызматташкан мамлекеттер. Эки кылым мурдагы байланыштарды айтпаганда да, совет мезгилинде ири индустриялдуу республикага айланышыбызга Россиянын ролу зор экенин тана албайбыз. Бирок ушундай олуттуу өнөктөш мамлекеттердин мектептеринде тарых сабагы ар түрдүүчө окутулуп жатканы өкүнүчтүү. Менин оюмча Россиянын мектептериндеги тарых предметинде дагы Борбор Азия тууралуу кенен жазылуусу керек. Дегеле достук интеграциянын аракеттерин, жетишкендиктерин кийинки муундар улап кетсин десек, окутуунун мамлекеттер ортосундагы бирдиктүү стандарттарын иштеп чыгуубуз зарыл деп ойлом.