Жаза – кылмышка жараша болууга тийиш

Кылмышкерге карата колдонулган жаза ал жасаган кылмыштын оордугу, аны жасаган адамдын өздүгү эске алынуу менен чектелип, анын оңолушу жана жаңы кылмыштарды жасоосун алдын-алуу үчүн зарыл жана жетиштүү болууга тийиш. Ансыз, кылмышкер жеңил жаза менен кутулуп кетүүнү ойлоп улам жаңы кылмыштарга бара бериши мүмкүн. Мына ушундан улам прокуратура органдарынын баштапкы инстанциядагы соттордун чечимине карата тиешелүү сунуштары келтирилет. Бул боюнча төмөндөгү мисалды келтирип коеюн (кылмышкердин аты-жөнүн келтирген жокмун).

51 жаштагы  Ж.С.  райондук  соттун 27.12.2011-ж. өкүмү менен Кылмыш-жаза кодексинин 246-бер. 3-б. боюнча 5 жылга эркинен ажыратылууга соттолгон, бирок, жаза шарттуу деп эсептелинип, 3 жыл сынак мөөнөтү белгиленген.

Ошол  эле  райондук  соттун  19.12.2017-ж. өкүмү менен КЖКнын 246-бер. 4-б. менен  соттолуп,  5  жылга  эркинен  ажыратылган.  Ал  боюнча  жазасын  өтөп  бүтүп, 15.08.2017-ж.  жаза  аткаруу  мекемесинен чыгарылган.

Бирок, аны буга чейинки дагы бир кылмышы үчүн жаза күтүп жаткан. Ж.С. 16.06.2007-жылы түнкү саат 11лер чамасында Бишкектин Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде 1,1 кг. героин баңги затын Р.Иге сатууга аракеттенип жаткан учурда милиция кызматкерлери тарабынан  кармалган.  Күбөлөрдүн  катышуусунда  андан  алынган  героинди  таразага тартканда, жогорудагыдай салмакта экени аныкталган.

Бул аракети үчүн ага Ленин райондук прокуратурасы тарабынан КЖКнын 247-бер. 2-б. көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы боюнча айып коюлган.

Ж.С. сот отурумунда баңги затына көз каранды экенин, Алмаз аттуу бирөөнүн айтуусу боюнча бир доза баңги заты үчүн ал героин салынган пакетти сатып алуучуга жеткирип берүүгө макул болгонун айтып өз күнөөсүн жеңилдетилишине  жетишүү  аракетин көргөн.

Ленин райондук сотунун 24.12.2018-ж. өкүмү менен ал КЖКнын 247-бер. 2-б. 2-п. (ири өлчөмдөгү наркотикалык заттарды башка бирөөгө берүү максатында мыйзамсыз сактоо, ташуу) менен күнөөлүү деп таап, үй-мүлкү конфискациялануу менен 7 жылга эркинен ажыратылган. Буга макул болбогон Ленин райондук прокуратурасы тарабынан жогору турган соттук инстанцияга – Бишкек шаардык сотуна апелляциялык сунуш киргизилди. Натыйжада Бишкек шаардык сотунун Кылмыш иштери жана административдик укук бузуу иштери боюнча соттук коллегиясы Ж.Сга карата анын оңолушуна жана жаңы кылмыштарды жасашын алдын-алуу үчүн зарыл жана жетишерлик жаза дайындалган эмес деген корутундуга келген. Ошондуктан 21.01.2019-ж. өкүмү менен Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, 01.2019-ж. тартып күчүнө кирген КЖКнын 267-бер. 2-б. 2-п. менен күнөөлүү деп таап, аны 9 жылга эркинен ажыратууга (бул беренедеги эң жогорку эркинен ажыратуу мөөнөтү – 10 жыл) соттоду.

Эскерте кетсем, КЖКнын 63-беренесинде кылмыш үчүн жаза түшүнүгү жана анын максаттары көрсөтүлгөн. Анда: “1. Кылмыш үчүн жаза кылмыш жасаганына күнөөлүү деп табылган адамга карата соттун өкүмү боюнча колдонулуучу жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоочу чараларынын бири болуп саналат жана соттолгондордун ушул Кодексте каралган укуктарын жана эркиндигин чектөөнү жана ага белгилүү бир милдеттерди жүктөөнү билдирет.

2. Адамды жазалоонун максаты болуп күнөөлүүнү түзөтүү жана ресоциалдаштыруу, жаңы кылмыштарды жасоонун алдын алуу, социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүү саналат” деп жазылган.

Нургазы ТОКТОСУНОВ, Ленин районунун прокурорунун улук Жардамчысы