Азирети Хизрдин шарапаты

Чыңгыз Айтматовдун арабыздан кеткенине он жылдан ашты. Адамзат көркөм өнүгүүгө кайталангыс салымын кошкон дагы бир залкар жазуучусунан ажырап калышы бардык ак ниет, көңүлү таза адамдардын жүрөгүн бейпайга салды. Жөнөкөй окурмандан баштап, мезгилибиздин залкар ойчулдары, коомдук ишмерлери, атактуу саясатчыларына чейин – бардыгыбыз бул оор жоготуу жөнүндөгү кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдык. Чындыгында, Чыңгыз Айтматов руханий жактан жетилген, адамдык баалуулуктарды чыгармаларында гана эмес, жада калса практикалык ишмердүүлүгүндө да даңазалоочу, бардык элдер жана улуттар үчүн теңдиктин кайчы жолунда туруп, жол көрсөтүүчү, аларга ар дайым жардам колун узатуучу чыгармалардын ээси эле. Улуу ак ниеттүүлүк анын жүзүндө гана эмес, бүт жан дүйнөсүндө сезилип турчу. Мен анын ушундай Азирети Хизрдик сапаты көрүнгөн, тагыраак айтканда, иш жүзүнө ашкан бир окуяга күбө болгон элем. Келиңиз, ушул тууралуу кенен айтып берейин. Ага чейин Хизр Алайхиссалам жөнүндө эки ооз сөз кылалы.

Хизр Алейхиссалам окуясы

Айтууларына караганда, эки бир тууган болуп, алар абдан ынтымакта жашаган экен.

Жаз  келип,  алар  дыйканчылык  менен алектениптир. Жаз бою кылынган эмгек натыйжасын берип, кырман данга толуптур. Түшүмдү жыйноодо агасы да, иниси да өз алдынча кырманга дан жыйнаптыр. Бирок, жарым түндө агасы Азирети Хизр: «Инимдин бала-бакырасы көп, өзү да азыр жаш, ага жардам беришим керек», – деп, кырманындагы дандан алып, инисинин кырманына кошуп коюптур. Түн жарымынан ооганда иниси Азирети Иляс да: «Агамдын жашы улуу, анан калса, уул-кыздарын үйлөп-жайлашы керек, ага жардам бербесем болбойт», – деп, өзүнүн данынын бир бөлүгүн анын кырманына төгүп коюптур. Бир туугандардын бир-бирине жакшылыгы улана бериптир. Муну көрүп турган Алла Таала алардын кырманына береке бериптир. Ошону менен кошо аларга Алайхиссаламдык макамын берип, бирөөсүн жерде, экинчисин сууда жакшылык кылуу сапаты менен сыйлаган экен.

Чыңгыз Айтматов жөнүндө ойлонгонумда, жер жүзүндө адамдарга жакшылык тартуулап жүргөн Азирети Алейхиссаламди ойлойм. Бул улуу жазуучубуз оң манжаларынын өйдө жагында сөөгү жок, ар дайым башында аппак саллеси бар жашы улуу, жүзү жарык аксакал сымал өзүнүн чыгармалары менен бүт дүйнөгө жакшылык тартуулап, адамзатты жамандыктан сактанууга чакырып турганын дагы кандай салыштыруу менен баалоо мүмкүн? Менин оюмча, Чыңгыз ага Кудайымдын өзү жер жүзүнө белек сымал берип койгон ошондой улуулар-дын бири эле.

Адамзат генийи – Айтматов

Союз  мезгилинде  Москвадагы М.Горький атындагы жогорку адабият курсунда окуйт элем. Кечке жакын Анжияндан алып барган күрүчтөн кичине палоо жасап, эми демдеп койгон элем. Тарых илимдеринин кандидаты, мугалим Пиримкул аке аялы менен бөлмөмө кирип келди. Аларды жөнөкөй мейман деп ойлодум. Жылуу тосуп алдым. Экөөсүн кайын энелери сүйгөнүн айтып тамашалап, ашты салып келдим. Студенттик дасторкон тегерегинде күлүп отуруп, тамактандык. Пиримкул аке:

– Палоо жасаганга да кыйын экенсиз, – деп мени мактап койду.

– Эмне кылабыз, башка түшсө, арга жок, тамак жасашты да үйрөнүп жатабыз, – дедим.

Мугалим пияладагы чайын дасторконго коюп, сөз баштады:

– Эми максатка өтөлү. Сиз мени Чыңгыз Айтматов менен жолуктуруп койсоңуз. Эми үмүт ушул кишиде калды…

Ал он бир айдан бери убарачылык менен жүргөнүн айтып берди. Мугалим өзү иштеп жүргөн институттан эч кандай себепсиз иштен бошотулган экен. Башында облустук мекемелерге, ал тургай обкомдун катчысына чейин, андан кийин Өзбекстанда Жогорку сотко, Башкы прокуратурага, Жогорку билим берүү министрлигине чейин көптөгөн жерлерге барган. Бирок эч ким анын арызын укпаган. Институттун ректору абдан «күчтүү» адам болуп, анын бир эле телефон чалуусу менен мугалимдин арызына көңүл бурулбай келген. Акырында ал Москвага барууга аргасыз болгон. Бир жумадан бери Москвада жүрөт экен. Союздун Жогорку билим берүү министрлигине кирүү үчүн канча аракет жасабасын, максатына жете албаптыр. Ошондо эсине Чыңгыз Айтматов келиптир.

– Эртең дүйшөмбү. Бизде чыгармачылык күнү. Убакыт жетиштүү. Жазуучулар союзуна барып, кыргыз адабияты бөлүмүнүн жетекчиси менен сүйлөшөм. Ал киши жардам бериши мүмкүн, – дедим.

Эртеси күнү айткан кишиге жолуктум. Ал мени жакшы тосуп алды.

– Сени Чыңгыз ага менен жолуктура албайм, – деди кыргыз тилинде. – Бирок сен таарынбагын. Жолуугунун башка мүмкүнчүлүгү да бар, Чыңгыз ага эртең саат экилерде почтасын алганы келет. Короодо күтүп тургула, жолугуп аласыңар. Мүмкүн, ишиңер бүтүп калаар.

Анын ак ниеттүүлүгү мени кубандырды. Мен мугалимге телефон чалдым. Аны эртең саат бир жарымда мейманканадан туура Жазуучулар союзунун короосуна келүүсүн айттым.

Эртеси күнү убадалашкан жерде жолугуштук. Бардык жер аппак кар. Аба ырайы ачык болгондуктан Москванын асманында күн жаркырайт. Кардын тазалыгы көздү камайт. Тизе бою кар болсо да короодо жол ачып коюлган. Отургучтар да кардан тазаланган. Пиримкул аке, анын аялы жана мен Чыңгыз аганы күтүп түрдүк. Мен аябай толкунданып турат элем. Себеби, залкар жазуучу менен биринчи жолу жолугушуу, анан, ишибиз бүтпөй калабы деп ойлоном. Дүйнө тааныган киши биздин майда-чүйдө ишке аралашпайм десе эмне болот? Пиримкул акенин алдында ким деген адам болом? Мугалим түшүнүшү мүмкүн. Аялы эмне дейт? Ишибиз жакшы болушун Кудайдан тынбай тилеп жатам.

Экиге беш мүнөт калганда эки канаттуу дарбазадан Чыңгыз ага кирип келди. Келбеттүү, жүзүнөн нүр таралып турган бул адамды карап үчөөбүз тура калдык. Ал каракөл кубанкасын колуна алып, шашпай басып келет эле. Өзүмдү колго алып, улуу инсанды тосуп алдым. Саламдашкандан соң өзүм жана мугалим жөнүндө айттым. Чыңгыз ага өзбекче сөздөрүмдү угуп, жылмаюу менен:

– Окушуң жакшыбы? Мугалимди чакыр, – деди өзбек тилинде кыргызча акцент менен.

Пиримкул акени чакырдым. Ал тез эле келип, Чыңгыз ага менен ал-жай сурашты, кийин баштан өткөргөнүн орус тилинде айтып бере баштади.

– Өзбекче сүйлөй бериңиз, – деди жазуучу. – Жакшы түшүнөм. Анжиянды болсо жакшы билем. Жагымдуу шаар.

Ал бизди ичкери баштады.

– Силер мына бул диванда отура тургула, мен азыр келем, – деп бөлмөлөрдүн бирине кирип кетти.

Чыңгыз агадагы жөнөкөйлүк, жагымдуу ак ниеттүүлүк мени таң калтырды. Мындан тышкары: «Өзбекче сүйлөй бериңиз», – деп, элдердин улуттук тилдерине жоомарттык менен урмат-сый көрсөткөнү мени сыйкырдап койду. Бул сыйкырды кийин дагы бир жолу сезгенмин. Чыңгыз аганын макалаларын окуп, ал кишинин адамдардын ар түрдүү тилдерде сүйлөшүн бактагы ар түрдүү куштардын жагымдуу үндөрүнө окшотуп, ушундан улам жашоо кооз экендигин белгилегени жүрөгүмдү сыймык менен толтурган эле. Чыңгыз аганын жогоруда айтылган Азирети Хизрдик сапаты дал ушул кең пейилдикте экенин түшүнүп жеткендей болдум.

Мурдагы  советтер  доорунда  боордоштук,  жалпылык жөнүндөгү сырткы камкордук болсо да, орус тилин даңазалоо саясаты, башка элдердин тилдерин, маданиятын кемсинтүү көрүнүштөрү ошол кездеги жашоо образына сиңип кеткен. Улуу орус шовинизми орус улутундагы айрым кишилер тарабынан ачык-айкын көрсөтүлөт болчу.

Чыңгыз ага эки мүнөт ичинде бөлмөдөн чыгып келди. Мугалимге эртең түштөн кийин саат үчтөрдө Жогорку билим берүү министринин өзү кабыл алууга телефон аркылуу

убада бергенин айтты. Ишибиз оң чечилгени үчүн кубанычта элем.

Чыңгыз агага көп ыракмат айтып, кол берип коштоштук.

Эртеси  күнү  Пиримкул  аке  мага  телефон чалды. Министр кабыл алганын, иши оң чечилгенин, түнкү учак менен Анжиянга кайтаарын айтып кубанды. Чыңгыз аганын бир эле телефон чалуусу менен мугалимдин  татаал  көйгөйү  чечилгени  мени кубандырды.  Ошентип,  ал  кишинин  он бир айлык маянасы сакталып, кайра ишке алыныптыр.

Сөздүн ток этер жерин айта турган болсом, мугалим Пиримкул акенин аялы медициналык институтта ректордун жубайы менен бир кафедрада иштеген. Бир себеп менен ректордун аялы кафедра мүдүрлүгүнө талапкер болот. Билими жетишсиз болгондуктан, же болбосо башка себеп менен Пиримкул акенин аялы: «Бул талапкер кафедра мүдүрлүгүнө жарабайт», – деп жиберген. Ректордун аялы мүдүрлүккө шайланганбы же жокпу, мунусун бил-бейм.

Ошентип, ошол окуядан улам ректор касташып калат. Аялы: «Пиримкул акени иштен четтет», – деген болсо керек. Чоң жамааттын жетекчиси, анын үстүнө окумуштуу эркек аялынын сөзү боюнча мугалимди иштен четтетет. Ректор республикада кадыр-барктуу болгондуктан эч бир укук коргоо мекемеси ага «мугалимди негизсиз иштен айдадыңыз» деп айта албаган. Бул окуя ошол кездеги то-талитардык түзүмдүн бюрократтык саясаты канчалык деңгээлде күчкө киргенине бир мисал болот. Чынында ушундай болчу.

Көптөгөн ардактуу наамдардын ээси, улуу жазуучу, дүйнөгө таанымал инсан Чыңгыз Айтматов анжияндык мугалимге өмүр бою эстен чыкпай турган жардам берген.

Бир күнү Өзбекстан Жазуучулар уюмунун жыйынында балдардын сүйүктүү жазуучусу, улуу чыгармачыл Худайберди Токтобаев менен аңгемелешип калдым. Ошондо ал «Жаш күч» өспүрүмдөр журналынын  башкы  редактору  эле. Ага  Чыңгыз  ага  менен  болгон  жолугушуу жөнүндө айтып бердим. Ал улуу жазуучунун  кең  пейил  сапатына  таң калды.

– Жазып бериңиз, журналга чыгаралы, – деди ал. – Үлгүлүү окуя экен.

Жазып, журналдын редакциясына таш-тап кеттим.

Бир жарым бет тегерегиндеги ушул макала журнал бетинен орун албай калды. Кийин билишиме караганда, журналдын жооптуу катчысы институттун ректору менен тууган экен. Кезек-кезекте өзүнүн жумушу түшүп турган адамдын коомчулуктагы абийирин сактаган окшойт, макаланы жарыялабады. Макалада ректордун аты-жөнү көрсөтүлгөн эмес, болгону Пиримкул мугалимдин көйгөйү чечилгендиги айтылган болчу.

Бир топ жылдар өтүп, белгилүү акын досум Анвар Абиджандын алтымыш жылдык мааракесинде Худайберди аке менен жолугушуп калдым. Ошондо тигил макаланын чыкпай калганын айттым.

– Э-э, – деди ал. – Эч болбогондо, телефон чалып койбойсузбу. Али да кеч эмес, жазыңыз. Чыңгыз ага залкар жазуучу гана эмес, залкар инсан да. Аны канчалык даңазаласак аз. Жазыш керек.

Худайберди  акенин  сөзүн  угуп,  көз  алдымда  дагы Москва тартылды. Жазуучулар уюмунун имаратын кар каптаган майдан. Аппак тунуктук. Чыңгыз ага кубанкасын колго алып, каракөл жакалуу курткада шашпай кадам басып, кирип келет…

Ошондон чейрек кылымдан көбүрөөк убакыт өтүптүр. Чыңгыз  ага  эми  арабызда  жок.  Өспүрүм  кезибизде «Делбирим», «Жамийла» сыяктуу повесттерин, укмуш аңгемелерин жана башка философиялык ойлорго бай чыгармаларын толкундануу менен кугандарыбыз эсимде. Луи Арагондун сөзү менен айтканда, «Дүйнөдө эң кооз махабаттын повес ти» болгон бир эле «Жамийла» повестинен алган жагымдуу элестерди өмүр бою унута албасам керек. «Ак кемедеги” жомок жана жашоо, турмуш жана сулуулук, адам жана табият, өтмүш жана келечек, зулумдук жана мээримдүүлүк, жакшылык жана жамандык, адамгерчилик жана мыкаачылык – бардыгы жаштыктагы элестеримди байытууга чоң кызмат кылган. Демек, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы азыр да актуалдуу бойдон турат. Жаштарыбыздын жан дүйнөсүн байытууда бул эмгектер түбөлүккө чейин кызмат кыла бермекчи.

Фарид УСМОН, Өзбекстан Жазуучулар уюмунун мүчөсү, «Дустлик» орденинин ээси