Суббота, 20 апреля, 2024
14.1 C
Бишкек

Таланттуу педагогдорду талаага таштабайлы

Кыргызда илгертен “Карысы бардын ырысы бар”, “Алтымышта атаңдын  алдап-соолап күчүн ал”, “Кары кебин капка сал” деген накыл кептер бар. Бул накыл кептердин маани-маңызын талдай келсек, улгайган адамдарда тажрыйба көп экендиги, аны кийинки муун өздөштүрүп алса алыска барары айтылып жатканын түшүнөбүз. Муну эске салганыбыз, акыркы жылдарда билим берүү мекемелеринде 65 жаштан ашкан мугалимдерди, жетекчилерди жумуштан бошотуу маселеси көп көтөрүлө баштады. Эми ушул маселенин туура же туура эместигине саресеп салып көрөлү.

65 жаш чек эмес

Чынында бул маселе кечээ же бүгүн эле көтөрүлө калган жок. Мындай маселе бир нече жыл мурун да көтөрүлүп, Билим берүү жана илим министрлиги 65 жашка чыккан билим берүү мекемелеринин жетекчилерин иштен бошотууну Эмгек кодексине киргизүүнү демилгелеп чыккан болчу. Агездеги билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова мындай демилге көтөрүүгө 65 жаштан ашкан жетекчилердин көбүнө компьютердик сабаттуулукту өздөштүрүү кыйын болуп жатканы себеп болгонун айткан. Бирок, мындай сунушка ошол кездеги Жогорку Кеңеш депутаттары Канатбек Исаев, Мирлан Жээнчороев каршы чыгышып, жакшы иштеп жаткан мектеп директорлорун, мугалимдерди жаш курагына карап иштен бошотуп коюу туура эмес экенин айтып чыгышкан. Буга улай алар 65 жаштан өтсө да билим берүү мекемеси эмес бүтүндөй бир өлкөнү башкарып жаткан президенттер бар экенин ортого салышкан. Эл өкүлдөрү айткандай, азыр Кыргызстанда 65тен ашса да балдарга татыктуу тарбия берип, ал тургай мектептерди, мектеп гимназияларды, ЖОЖдорду, кесиптик окуу жайларды ийгиликтүү жетектеп келе жаткан жетекчилер да жок эмес. Андыктан, 65 жаштан ашкан мугалимдерди “киритке чабуудан” мурун алардын кесипкөйлүгү, көп жылдык тажрыйбасы, эмгеги эске алынышы керек.

Эриш-аркак эмгек жакшы

Экинчиден, азыр Кыргызстанда жалпы 82 миң 724 мектеп бар. 2022-жылы республикалык мектептерде 943 мугалим жетишсиз болгон болсо, 2023-жылдын сентябрь айында мектептерде 300дөй мугалим жетишсиз экени айтылды. Айрыкча мектептерде физика, математика, башталгыч класстар мугалимдери жетишпей жатканын жакшы билебиз. Ошол себептен айрым мектептерде бир мугалим эки, үч предметтен сабак берип калган учурлар да бар. Буга чейин мектептердеги мугалимдердин тартыштыгына айлык маянанын аздыгы, жаш мугалимдерге социалдык колдоолордун жоктугу, мугалимдин эмгегинин бааланбагандыгы себепкер болуп келген. 2021-жылы мамлекет мугалимдердин маянасын жогорулатканда мурдагы мугалимдер мектептерге кайтып, жаш мугалимдер саны да көбөйө түшкөн. Бирок, 2022-жылы мугалимдердин бир жумалык сабак жүктөмү 27 саат болсун деген жобо киргизилгени мугалимдердин маяналары да төмөндөдү. Бул өз кезегинде жаштардын педагогикага болгон кызыгуусун жоготту. Мындай учурда, албетте, кайра эле өз кесибин сүйгөн, билим берүү ишинин оордугуна карабай мектепте 30-40 жыл эмгектенген мугалимдерге ишеним артылат. Демек, 65 жаштан жогорку тажрыйбалуу адистерди билим берүү мекемелеринен чыгарып коюу туура эмес. Тескерисинче, жаш мугалимдер андай таланттуу мугалимдерден сабак алып, алар менен эриш-аркак иштөөлөрү керек.

Жаш кадрлардын баары эле мыкты эмес

Жаш мугалим демекчи, азыр мектептерде кичүү, орто муундагы мугалимдер көп. Алардын арасында заманбап технологияларды, билим берүү методикаларын мыкты өздөштүргөн педагогдор да жок эмес. Бирок, андай мугалимдердин бардыгын эле мыкты педагог деп айта албайбыз. Анткени, чыныгы педагог биринчиден, балдардын психологиясын, жан дүйнөсүн түшүнө билип, алар менен иштей билүүгө тийиш. Муну айтканыбыз, азыр төрт-беш жыл педагогикалык билим алып, кызыл дипломду колтуктап келип мектепте иштей албаган жаштар да толтура.

Анын үстүнө азыр ЖРТдан аз балл алып калган бүтүрүүчүлөрдүн көбү мугалимдик адистик боюнча жогорку билим алып жатышканын эске алганда жаш мугалимдердин деңгээли суроо жаратпай койбойт. Ошондуктан билим берүү мекемелеринде жаш кадрларга устат боло турган тажрыйбалуу мугалимдер да болушу керек. Кандай болгон күндө да аларда окуучулар менен иштөө тажрыйбасы бар. Учурда Нарын облусунда мугалимдик ашыкча резерв бар экен. Ошол себептен ал жакта улгайган мугалимдер орун бошотушсун деген талап коюлуп жатат. Ошол эле кезде Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында мугалимдер жетишсиз. Бул облустардагы 65 жаштан жогорку мугалимдерди иштен бошотсок, алардын ордуна кимдер иштейт? Мектептерге мугалимдерди тарта албай жатып бул демилгенин көтөрүлгөнүнүн өзү парадокс. Ансыз да өлкөбүздүн түштүгүндө тышкы  миграция күч алып турганда бул маселенин оң, тескери жагын дагы ойлонгон дурус.

Жаңы директорлор деле кыйраткан жок

Ал эми мыйзам жагына келсек, азырынча Эмгек кодексинде 65 жаштан кийинкилер иштебесин деген жобо жок. Мындан сырткары, Конституциянын 24-беренесинде “эч ким жынысы, тили, майыптыгы, этникалык таандыгы, дин тутуусу, жаш курагы боюнча кысымга алынбайт” деп жазылып турат. Бул документтерге өзгөртүү киргизилмейинче улгайган мугалимдерди мектептен чыгарууга, “жашыңыз өтүп калды” деп кысмакка алууга эч кимдин укугу жок. Ушул жерде баса белгилей кетүүчү нерсе, эки жыл мурун конкурстук негизде мектеп директорлору алмашылганын жакшы билебиз. Албетте, бул иш-чаранын негизинде бир топ коррупцияга малынган, “түшпөс ханга” айланган директорлор иштен алынып, жакшы жетекчилер да келди. Тилекке каршы, анын шарданы менен айрым мектептерди алдыңкы билим берүү мекемелеринин катарына кошкон жетекчилер да иштен алынып калды. Ошондой ишбилги жетекчилер иштен кеткен айрым мектептерде бир топ көйгөйлөр жаралганын көрдүк. Демек, дасыккан жетекчилерди, педагогдорду курагына шылтоолоп кереги жок буюмдай түртүп коюу анчалык деле жакшы натыйжа бербейт. Тескерисинче аларга мотивация берип, заманбап технологияны колдонууну окутуп койсок, эң туура болмок. Ансыз да мектептерде азыр улгайган мугалимдердин саны өтө көп эмес.

Талапка жараша шарт түзүлүшү керек

Эң негизгиси мугалимдерге азыр ар кандай талап коюудан мурун шарт түзүп берүүбүз керек. Мисалы, мугалимдерди аттестациялоодо мугалим ачык сабак өтүп, анын жүрүшүн видеого тартып Билим берүү министрлигине жөнөтсүн деген талап бар. Аны жасаш үчүн класстарда ошондой заманбап техника болушу кажет. Учурда мектептерде андай техника эмес, жөнөкөй методикалык куралдар жетишсиз. Ошол себептен айрым мугалимдер бир ачык сабакка өз чөнтөгүнөн 2-3 миң сомго чейин акча короткон учурлар бар. Мунун баарын билип туруп мугалимдерди эми жаш курагы боюнча иштен кетирүү туура эмес. Себеби, жогоруда айткандай, айрым мектептерде, окуу жайларда жашы улгайса дагы сапаттуу, кызыктуу сабак өткөн мугалимдер бар. Аларды иштен кетирүү менен мамлекет окуучуларды сүйүктүү тарбиячы, насаатчыларынан ажыратат. Бул балдар үчүн күтүлбөгөн сокку экенин эстен чыгарбашыбыз керек.

Мелис Совет уулу, “Кыргыз Туусу”

 

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар