Карылык парз

Терең карылыкка баш койгон кезде жаштарга карылык жөнүндө баян этким келди. Мен, өткөн доордун отузунчу жылдарынан берки карыларды көрүп, алардан таалим-тарбия алган жагым бар. Набаттуу, салттуу, сөзү өтүмдүү, акылы жетимдүү карыяларды көрсөк: “Мен кийин ушул чоң атамдай болом”, – дечү элек.

Үлгү болчу чоң аталар

Карылардын деми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында өзгөчө күчкө, кайратка айланган. Дыйканчылык, мал чарбачылык, уюштуруучулук жактары мүлдө – карылардын мойнуна үйүлгөн. “Бардыгы май-данга!” – деген ураан күн санап, ар бир аң-сезимдүү жанды алга сүрөп турган.

Алардын бири – Итибай чоң ата. Бир күнү ортоңку көчөдө жашаган Карыбай деген кары атын жайдактаса, жону көчүп кетиптир. Аны көрө коюп, Итибай кары асман тарапка кол созуп алып:

– Оо Кудай, кайда сенин Камбар-Ата деген олуяң? Ошол болсо, береги байкуш аттын жону кызыл көш бо-луп көчпөйт эле го. Мунун убалы кимге? Камбар-Ата эмес эле Кайсыр ата го, жылкынын убалынан коркпогон, – деп жатат. Атты кызыл көш кылып көчүрүп келген Карыбай бир бозоруп, бир кубарат…

Өз баласынын айыбын ачкан Боржой ата

Ал эми Боржой чоң ата такыба жүргөн, куудулдана сүйлөгөн кары. Анын уулу Фрунзедеги авто окуу жайында окуп жүрүп, каникулга келип калат. Ал кезде комсомолдор түнкүсүн темин басышып, кызыл сапыра турган. Уулу кырманда кызыл сапырышып жүрүп, бир мүшөк буудайды түн ортосунда алпарат. Эртеси Боржой ата көрүп алып, атка артынып, уулун ээрчитип кырманга барат. Эл жыйылып калганда:

– Калайык-калк, уулум чоңоюп, мени бакмакка бир мүшөк буудайды алпарыптыр. Эмитен ууру жолго баспасын деген тилекте олжосун кайра кырманга куйдурдум: “Элде болсун! Элдин мүлкүн мүлжүгөн оңбосун. Балдарыбызды  азгырыктан,  ач  көздүктөн  Теңирим өзү колдосун. Оомийин!” – деп бата берет. Уулунун уяты төгүлүп, далайга элден корунуп, үйүндө өзүн-өзү соттоду.

Карылардын касиеттүү кебине суусагандар чанда

Дал бүгүнкү күнү санжыраны саймедиреп, ата-баба мурасын туюндура жаңшап берген карыларыбыз өтө сейрек. Андан таалим, нуска алайын дегендер аз. Карылардан акыл-насаат, кунарлуу сөз алып калалы деген-дер чанда-чанда.

Ушундай учурда карыларыбыз жаштарга озуна салам айтып, каада-салтка аздап каныктырса деп тилейм. Бирок, андай карыларыбыз бирин-экилеп калды. Ошен-тип карылар менен жаштардын ортосундагы байланыш үзүлүп барат.

Балдар бата менен көгөрөт

Байыртан бери кыргыздар наристе төрөлгөндөн баштап  батага  оозанткан.  Ошол  бата  баланын канына сиңген. Бара-бара күч-кубат, акыл-сезим берген эмеспи. Ымыркай кезинен баштап кыткылыктап күлгөнгө дейре ырым-жырым, жөрөлгө, ак тилек сөздөр жана алдейлеген назик обондор наристенин кулагынан үзүлбөгөн.

Бешиктен тартып тушоо кескенге чейинки ыргактан-ган жумшак дабыштуу сөздөр эмчек сүтүнө кошулуп, ба-ланын жүрөгүнө уюган. Бала күн өткөн сайын ар тарап-тан өсө берет. Жылдар өтсө улан-кыз аталат. Дал ошол өткөөл кырдаалда ата-эне да, коом да, мамлекет да улан-кыздарды тарбиялоого өзгөчө камкордук этпесе, эркин бийлей албаган, оюна эмне келсе, ошону аткарар кежирлик жана “өзүм билемдик” күчөп, адатка айланса, аны жанды-рып, оң жолго салыш кыйла машакат эмеспи. Айтор, ар бир аң-сезимдүү, акыл-эстүү, нарктуу адамдар жаштарга ар тараптан таасир этүүгө көмөктөш болсо деп көксөйм. Ылайым ошол тилегим кабыл болгой эле.

Мен деген – чөл, биз деген – көл

Бүгүнкү күнү акыл-ойдун булагы болгон, көчүбүздүн чырагы болгон карыларды кездештире алдыңарбы? Жок дейсиңерби?! Жакшылап илүү салбай жатпагыла.

Алар: “Мен” деп төш какпайт. “Мен деген – чөл, биз деген – көл”. Абийирлүү карыгандар мактанычтан чет. Жый-ында, эл топтолгон жерде нарк-салттан коңур дабышта кобурап, чериңди жазганга, көөдөнүңөргө асыл ойдун көрөңгөсүн көктөгөнгө устат келишет. Азыркы кезде сөзгө үзүлүп түшүп, уккусу келгендер арбып баратат. Ой булагынан канып, сөз кунарын дилине кармап алып, аны кийинкилерге айтып беришти күсөгөндөр көбөйүп барат.  Кай  бирөөлөр  терең  карыгандын  маңдайына келип:

– Канчадасың?! – дейт. Нарк билбестик, тарбия-таалим көрбөгөндүн жоругу. Эгер ал нарк билсе, учурашып, сыпайылана өзүн таанытып, андан соң өтүнгөн кыязда со-бол узатса болмок.

Терең карыган бирөөгө адими кийинген жигит:

– Ата, канчадасың? – дейт.

– Жарыгым, карыдан жаш сураба, акыл сура, кеп су-ра. Бир кары бар узак жашап, унутулуп калган. Бир кары бар – эл оозунда кылымдар бою калган. Бул экөөн айра албасаң, өмүрүң сая кеткени. Узак жашап неге унутулган?

Деги анын жашоодогу максаты узак жашашпы? Кеп быякта. Ооба, ал өзүн-өзү каркыттап, кара боюн тың күткөн, ошого жараша маңдайына байлык бүткөн. Эч ким менен аласа-бересеси жок. Заңгыраган үй, короосунда ажаан ит, ага барар жолдор – тикенектүү темир торлор. Санжыра менен иши жок, оңгулуктуу сөзү жок, элди ал билбейт, эл аны билбейт. Жашы бар – токсон. Мына карынын жашы керек болсо, саны-озук, бирок, ата мурасынан калган бозуп.

Кары болсоң – калктын оозунда бол

Эл оозундагы кары – адамкерчилиги, адилдиги, айкөлдүгү – жаштарды жугуштуу илдеттен ай-ыктарар дары. Акыл-ойдун булагы болгон, жакшылык-тын кулагы болгон, көчүбүздүн чырагы болгон, ошентип ал акылман атка конгон. Жаш кезинен бери абийирине чаң жугузбай, көөдөнүнө кир тургузбай, жан дүйнөсүн байыткан, нарк-салтты калкына жайылткан барк күтүп жүрүп, касиеттүү карылыкка жеткендер бар. Ошолор гана жаштарга акыл-насаат айтышка, ар-намыска үндөшкө акысы бар.

Ар бир курактын кийими, жүрүм-туруму, сөзү, иши болот. Көпчүлүгү ушуну унут калтырышты. Алтымыш өткөн кары көчөдө баласынын аскерден кийип келгенин жонуна салып, башына шапке же чет элдиктин шляпасын кийип жүрөт. Чылым чегип, карта ойносо, аны ким кадырлайт. Олуттуулук, аксакалдык нарк жана жорук-жосун да бап келгени оңдур. Айрыкча карылар көчөгө чыкканда дурус кийинип, абай жүргөнү абзел болоор эле. Айтор, карылыктын улуулугун, алабаттуулугун туйгуза турган көрк болушу өтө кажет.

Ушундан улам өзөктү өрттөгөн ойду айткым келди. Бир кары бар: минип жүрүп, атын издеген; дагы бирөө бар – кемпири туруп катын издеген; дагы бири – таягы менен ашка толбос аягы бар; таалими менен кулак той-бос сабагы бар кары – чанда, чанда. Бүгүнкү жан дүйнө жутаган учурда жаштарга ата-баба салтын чубурта ай-тып берген карыларга өтө муктажбыз. Жан дүйнөсү дил-гир, бата беришке камына баштаган карыларыбыз арбыды. Бир гана “Аттиң дүйнө!” көп жылдан бери ата-баба наркы жөнүндө атайлап өткөрүлгөн жыйындар жок-ко эсе. Ошентсе да, “ЭлТр” каналы “Эл наркы” жөнүндө берүүлөрдү үзбөй көрсөтчү эле, ал жагы да солгундап барат.

Өткөндө элдик курултай болуп өттү. Дал ошол эл-дик жыйында бирөөнүн оозунан да ата-баба мурасы, нарк, салт аркылуу жаштарды тарбиялоо маселеси ай-тылбады. Келечек коомдун адамдарын тарбиялоого кам көрбөгөн курултай – түпкү максаты көздөбөгөн чурултай эмеспи?!

Ардактуу бурадарлар, касиеттүү карылыкты күтүп, калк карысы атак алып, жаштарга таалим-тарбия беришке, жол көрсөтүп, сүйөмөлөш жагына ийкемдүү болушуңарды ти-лейм. Карылыктын улуу азыйпасы – озуна салам айтып, бата берип, нарк айтып, үлгү болушта. Бар болгула. Ичер суу, көрөр күнүңөр мол болсун. Оомийин.

Калканбай АШЫМБАЕВ, Кыргыз эл жазуучусу, Улуу Ата Мекендик согуштун оруктагы ардагери, профессор