ИИМдин Академиясы Оренбург мамлекеттик университети менен кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту

27-мартында, «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке салынган инвестиция» аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму болуп өттү.

Форумдун соңунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын башчысы Адылбек Бийбосунов жана Россия Федерациясынын Оренбург мамлекеттик университетинин ректору Жанна Ермакова кызматташтык боюнча эки жактуу келишимге кол коюшту.

Белгилей кетсек, иш-чара Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон расмий иш сапарынын алкагында жүргүзүлгөн. Форумга Россиянын Илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген. Ал эми Кыргызстан тараптан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРдин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышууда.