4-6-июнь күндөрү нөшөр жамгыр жаап, катуу шамал болушу күтүлөт

Шашылыш билдирүү: өлкөдө 4-6-июнь күндөрү туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде нөшөрлөп жаан жаайт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Абанын күндүзгү температурасы төмөндөп: дыйканчылык аймактарында 20…25°, тоолуу райондордо 7…12°, бийик тоолуу райондордо 0…5° градус жылуу болушу күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Күндүн ысышына жана күтүлүп жаткан нөшөр жамгырга байланыштуу дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.