Атанын тилин уул, аганын тилин ини албас заманда канткенде Сабитжан менен Орозкулдарга уят бүтөт?

Уят – бул адамдын адамдык парасатын, касиетин, наркын, ариет-намысын түшүрбөй бийик кармап турган дымактуу, ыйык сезим. Ал мааниси жактан абийир, ариет, намыс түшүнүктөрү менен тектеш. Эгерде бул сезим адамдын жүрөгүндө уялап, көөдөнүндө тамырлап, дилинде уюп, тилинен туюлуп, сезилип, байкалып турса, анда анын жан дүйнөсү таза, коомдогу орду бекем, адамдык касиети күчтүү болот. Андай адам ар кандай каталыктарга жол бербөөгө аракет кылып жашап, эл арасында урмат-сыйга, кадыр-баркка да ээ боло алат. Адам өзүнүн табиятынан адамгерчиликтүү мыкты сапаттарынын дээрлик бардыгын мына ошол «уят, уялуу» сезими аркылуу тескеп, бийик кармап жашайт экен. Ошондуктан уяттуу адамдар өзүн өзү ар дайым теске салып: «Кой, уят, эл эмне дейт», – деп, уятсыз иштерге барбайт.

Инсандын көөдөнүндөгү уят-сыйытка байланышкан руханий-адептик баалуулуктардын кыйрашы – бүтүндөй элге трагедия алып келет, – деп чочулаган Калыгул олуя убагында терең өкүнүч менен өз ыр саптары аркылуу: «Карыядан каада кетер, уулдан урмат кетер, келинден келбет кетер, кыздан кылык кетер, атанын тилин уул албас, аганын тилин ини албас» – деп, эскертип кеткен. Уятсыздык ал турсун замананын тарышына да таасирин тийгизүүгө жарамдуу зор кыйраткыч күч экенин, анын айынан атасын ата ордуна көрбөгөн балдар чыгарын ойлоп, зээни кейиген Молдо Кылыч бабабыз түн уйкусунан түйшөлүп: «Эмдигинин баарысы, уяты жок таалымы. Атасына баш бербейт, бул замана тарыды», – деген саптарды жазып калтырган. Байыртан эле элибизде уят – өлүмгө тете оор иш катары кабылданып келген, алар: «Уят – өлүмдөн катуу» – деп, терең маңыздуу макалдарды да жараткан.

«Уялуу» сезими ойгонбой калган адамдын көөдөнүндө уятсыздык уялап, андан алдамчылык, уурулук, өзүмчүлдүк, карамүртөздүк, чыккынчылык, таш боордук өңдүү кыянатчыл, терс адаттар жаралат. Ошондуктан коомдо Сабитжан сыяктуу өз энесин атып салууга даяр «маңкурттар» пайда болуп, маңкуртчулук бүтүндөй адамзатка зыяндуу көйгөй жараткан илдетке айланарын, коомдо улууну сыйлабаган Орозкулдар, түпкүрүнөн адамзаттын жан-дүйнөсү менен тамырлаш табиятты түп орду менен талкалап салууга даяр Базаркулдар көбөйүп баратканын доорубуздун даанышман жазуучусу Ч.Айтматов өз чыгармалары аркылуу алдын ала канча эскертсе да, аны чыгарманын гана деңгээлинде карап, ал тууралуу реалдуу ойлоно да, толгоно да, ойгоно да албадык!

Акыркы жылдарда эл да, бийлик да коомдо мындай көйгөй жаратып жаткан ушул «уятсыздык менен абийирсиздикке» кайдыгер карап келгендиктен, адам көөдөнүндө уялуу сезимин ойготорлук таасир алсыздап, айрымдар кетирген кемчилигин мындай кой, кылган кылмышы үчүн да кызарып койбой, өзүн өтө эле эркин сезип келгендиктен, бүгүн минтип көйгөйлүү көрүнүштөр арбып кетти. Ошентсе да, өлкөбүздө социалдык-экономикалык көйгөйлөр күч алып турган кыйчалыш кырдаалда, бул маселени көтөрүп чыгуунун кажети бар беле? – дегендер четтен чыгар. Ойлонуп көрүңүзчү мекендеш, оорулууну дарылаардан мурда, анын ден-соолукка көйгөй жаратканнегизги себебин аныктап, анын тамырын кыйып салбай туруп, дарылоонун өзү да билимсиздик жана акылсыздык болор.

Белгилүү  этнопедагог,  п.и.д.  профес-сор  Акматалы  Алимбеков  өзүнүн  «Түрк дүйнөсүнүн ойчулдарынын мурастарында-гы педагогикалык идеялар» аттуу эмгегинде, элдик насаат ырларында камтылган улуу ой-лордон мисал келтирип: «Асыл болсоң күндөй бол, ааламга жарык нур берген» – деп, адамдагы асыл сапаттын адам ааламына тийгиз-ген таасиринин күчү жөнүндө улуу ой айтат. Ал эми асыл сапаттар насили таза, өз напсисин тыя билген, адамдык касиетин ар дайым бийик сактаган, парасаттуу, көтөрүмдүү, эл алдында уят болуп калуудан корккон кишиде гана болору белгилүү.

Өлкөнүн  элинин  бакубат  жашоосун камсыз кылууда анын жетекчисинин ролу жөнүндө Платон: «Коомдун руханий-саясий бакубаттыгы ошол мамлекеттин башындагы өкүмдардын адамдык сапаттарына байланыштуу болот, анткени өкүмдар эл-журтун ак жолго, асыл максаттарга шыктандыруу вазийпасын аркалап, башкаларга өрнөк көрсөтө алгандай асыл сапаттарга ээ болушу абзел» – десе, өз учурунда падышанын вазири кызматын аркалаган улуу дарыгер Ибн Сина: «Өз элине ак кызмат кылам деген өкүмдар, ар кандай дүнүйө азгырыктарынан алыс болуш үчүн өзүнүн билимин, инсандык насилин тынымсыз өркүндөтүп туруу максатында даанышман философтор, илим, искусство адамдары жана жазуучулар менен такай баарлашып, пикир алышып турушу зарыл» – деген экен. Бул ойлор өз элинин турмушун жакшыртууну башкы максатына айланткан бийлик ээлери үчүн табылгыс кеңеш. Бактылуу коом куруунун кайталангыс өрнөгү жөнүндө чыгыштын улуу ойчулу Аль-Фараби: «Чыныгы бактыга жетүү максатына биригишкен адамдардын жамааты – эң сонун жамаат. Бактыга жетишүү үчүн өз ара жардамдашкан калк – ыймандуу, абийирдүү калк. Эгерде бардык калктар бактыга жетишүү үчүн бири-бирине жардам берип, колдосо, анда бүтүн жер жүзүндө ыймандуулук, абийирдүүлүк болмок». Ыймандуулук, абийирдүүлүк өңдүү бул изги сапаттар инсандын уялуу сезиминен жаралат. Улуу инсандардын бул пикирлери канчалаган доорлор алмашса да өз маанисин жогото элек, анткени мындай кеңештер аба менен суудай зарыл.

Өлкөбүздүн өнүгө албай жатышына да коомдогу уятсыздык көйгөйү себеп деп ойлойм,  мезгил  аны  тастыктап  койду.  Буга учурда сурак берип жаткан ар кандай тармактардын жетекчилери, министрлер, өкмөт башчылары жана качып жүргөн ажолорубуздун мисалы эле жетиштүү. Эгерде чындап эле коррупциянын тамырын кыркып, элибиздин социалдык-экономикалык абалын көтөрүп, бактылуу жашагыбыз келсе, анда биринчи кезекте жарандарды өз каталыгы үчүн уяла билүүгө, өз напсисин тарбиялоого жана бирине бири кайдыгер карабай, кам көрүп, жардамдашып жашоого тарбиялоо ишин бүгүн баштоо керек! Болбосо, өлкөбүздө буга чейин болуп келген каталыктар токтобой боло берет. Мындай оркойгон кемчиликтерди сезбей, моюнга албай, анын тамырын дарылабай же кыркпай туруп, экономиканы көтөрүү аракети – бери болгондо терең ойлонбостук. Антип көтөргөн экономика коомубузга тамырлап алган «уятсыздыктын» колу менен эртең эле кайра талкаланып жок болбойт деп ишенүү кыйын. Өлкөнү көтөрүүнүн ишенимдүү жолу – сырттан кайра-кайра карыз алууда, же өнөр жайды тезирээк иштетүүдө эмес, элибиздин дилинде түпкүрдөн келе жаткан руханий дөөлөтүн – адамдын ички табиятын аруулоо, уялуу, ардануу, намыстануу жана мекенчилдик сезимдерине таасир этип, ал изги сезимдерди эртерээк ойготууда, чыныгы уяттуу б.а. нарктуу коом курууда турат.

Жан дилибиздеги ушул изги сезимдердин улуттук өксүгү бүгүн коомубузду «руханий кризиске» дуушар кылып, аянычтуу көрүнүшкө жеткирип салганын акыры жон терибиз менен сезип, ал турсун өкүнүп да турганыбызды жокко чыгара алсак кана!

Эгерде оңололу, өнүгөлү десек, мамлекеттик өнүгүүнүн негизги өзөгүнө ушул «уят» маселесин коюп, «уяттуулук, абийирдүүлүк, ар-намыстуулук,  адилеттүүлүк  жана  мекенчилдик»  түшүнүктөрүнүн  алкагында эң жөнөкөй жол менен иштей турган бир маңыздуу идеология иштеп чыгуу зарыл. Анткени коомду өзгөртүүнүн бирден бир жолу ушул «уялуу» сезимин ойготууда жатат. Анда биз чыныгы жоопкерчиликтүү инсандарды тарбиялап өстүрүп, нарктуу коом кура алабыз. Ал эми нарктуу коом акыйкаттыктын туу сун бийик кармайт. Мына ошол акыйкаттык деп соккон жүрөктөр аркылуу адилеттүүлүк орнойт. Ал эми нарктуу коомду көөдөнүндө аруу сезимдер уялаган, элибиздин каны-жаны менен өзөктөш, тамырлаш келе жаткан элдик улуу дөөлөттөрдү сыйлаган, өз ынсабын тарбиялай алган, элди чын дилден сыйлаган таза адамдар гана кура алат.

Албетте, андай коом куруу үчүн элди алдын ала даярдоо, тарбиялоо зарыл. Анда ар бир адам өзүнүн кандайдыр бир каталыгы үчүн эл алдында ыңгайсыз абалда калып, «уят» болгонун сезе билмек. Эл алдында уят болгон кишинин эки бети кызарып, өзүн адам катарынан чыгып калган бир сөлөкөттөй сезип, элди тике карай албай, «өлбөгөн төрт шыйрагы калмак». Эл эмне дейт? – деген күдүк ой уктатпай, тынчын алмак. Андай абалда калгандар элдин ырыскысын жегенин өзүнөн өзү токтотууга аргасыз болмок. Ошондо гана коомубуз өзгөрүп, өнүгүү жолуна түшмөк. Демек, «уялуу сезими» адамды адамча жашоого үндөп, коомду ар дайым тазалыкка, чынчылдыкка, адилеттүүлүккө чакырып, башкы марага сүрөп жеткире турган өзгөчө касиеттүү күчкө ээ.

Аман КАРМЫШАКОВ, балдар жазуучусу, Тоголок Молдо атындагы адабий сыйлыктын ээси, этнопедагог