Бишкекте Жээнбеков менен Путиндин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КР Президенти Сооронбай Жээнбеков менен РФ Президентти  Владимир Путиндин расмий жолугуу аземи болуп өттү.

Мамлекеттик резиденциядагы расмий жолугушууда протоколго ылайык, эки өлкөнүн гимндери жаңырып, мамлекеттик желектер илинди. Андан кийин Мамлекеттер башчылары КРнын Улуттук гвардиясынын Ардактуу кароолу менен учурашып, расмий делегациялардын мүчөлөрү менен танышышты.

Расмий азем Кыргызстан аскерлеринин салтанаттуу өтүүсү менен аяктады.

Учурда эки Президенттер тар чөйрөдөгү жолугушууга кирип кетишти.

Белгилей кетсек, Владимир Путин Кыргызстанга Сооронбай Жээнбековдун чакыруусу боюнча алгачкы мамлекеттик визит менен келди. Мамлекет башчылардын сүйлөшүүсү алгач тар жана кеңири  курамда өтүшү күтүлүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында биргелешкен документтерге кол коюлат. Кыргызстандын жана Россиянын Президенттери басма сөз өкүлдөрүнө биргелешкен билдирүү жасашат.

Ошондой эле мамлекет башчылардын сегизинчи Кыргызстан-Россия региондор аралык конференцияга катышуусу жана Ч.Айтматовдун үй-музейине баруусу күтүлүүдө.