Россия Кыргызстанга 30 млн. доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин жардамчысы Юрий Ушаков Россия Өкмөтү Кыргызстандын бюджетине колдоо көрсөтүү үчүн 30 миллион доллар өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берүү чечимин март айында кабыл алганын билдирген.

Өлкө башчыларынын жолугушуусунда 30дан ашуун саясий, экономикалык, аскердик-техникалык кызматташтык боюнча келишимдерге кол коюлат. Ошондой эле энергетика, транспорт, инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жаатында сүйлөшүүлөр жүрөт.

Эске салсак, РФ 2017-жылы июнда Кыргызстандын 240 миллион доллар мамлекеттик карызын кечкен. (ВБ)