Баткенде жарандарга кооптуу аймактардан көчүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Баткен районундагы кооптуу аймактарда  жашап жаткан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эскерүүлөр таркатылды. Бул тууралуу ӨКМин  басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык27-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери  тарабынан Баткен районунун Дара аймагындагы Кайынды, Жаңырык, Табылгы, Сарыталаа, Тунук-Суу жана Кан айылдарындагы  жер көчкү, сел, таш кулоо кооптуулугу жогору болгон участоктордо жашап жаткан тургундарды коопсуз жайга чыгаруу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, эскертмелер берилди.

ӨКМдин Баткен шаардык жана Баткен райондук бөлүмүнүн башчысы майор Т.Турдуевдин айтымында, Баткен районунун Жарандык коргонуу башчысы тарабынан  Дара айыл аймагынын башчысына кооптуу участокто жашаган тургундарды коопсуз жайга убактылуу болсо да көчүрүү боюнча тапшырмалар берилип, убактылуу көчүрүү жумуштары башталды.

 Жалпы кооптуу аймакта жашаган 49 үй бүлөөгө эскертме баракчасы таркатылган.

Ошондой эле, «Жашылдандыруу» долбоорун ишке ашыруу максатында КР ӨКМнин Баткен райондук бөлүмүнүн кызматкерлери  жергиликтүү тургундар менен биргеликте Дара аймагынын Табылгы айылындагы жер көчкү коркунучу бар участогуна   500 даана бадам көчөттөрүн отургузушту.