Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Үйдөгүлөр болсо, кепти алыстан баштаган Сырганы тыңдап, дымый калышкан. Аял жаңы эле тактанын астындагы, өздөрүнөн көз албай тиктеген Жанды бир карап алып, «бери чык» дегендей кол жаңсап ишарат кылган. А бирок Жан бери чыкканга үлгүргөн жок! Атүгүл Сырга менен жыландын антип «сүйлөшкөнүн» Бектемир байкабай да калды! Анткени ушул убакта дарбаза катуу тарсылдап, үйдү курчаган элдин ызы-чуусу, кыйкырык-сүрөөнү эми элеки жымжырттыкты заматта дүрбөлөңгө салып жиберди!

Терезеге таш тийип, айнектер шагырап, күбүлүп түштү да, муштумдай болгон эки-үч таш үйдүн ичине кирип келди! Короого батпай кыжылдаган көпчүлүктүн бир-экөөсү адегенде терезеден тийип-качып шыкаалап өтүп, бара-бара биринен сала бири үймөлөктөшүп, үйдүн ичин жабыла карашты. Айрыкча, Абылай улам бир терезеге жүгүрүп жүрүп, эми айнеги куюлуп түшкөн терезеге «чап» жабышып, ич жакты жанталаша шыкаалап, уулун издеди.

Ансыз дагы кичинекей, айнексиз терезенин бир көзүн бүт  Бектемирдин атасынын бети жаап калды. Өңү кара көк тартып, барбайган таноолору ого бетер дердеңдеп, терең-терең дем алып, жапайы адамдай алда неден үрпөңдөп, кышылдаган атасынын түрүнөн уялып кетти уулу. Отурган жеринен ыкчам тура калып, бирок оозуна эч бир кеп келбей, бирде буларды, бирде тигилерди карап элеңдей түшкөн уулуна:

– Бектемир! Чык уулум, бери чык?! – деди терезеден тартып алчудай, колдорун калчылдата сунуп, – Кел, уулум?! Кел?!

– Бара гой, бар!.. – бу жолу да Сырга озунуп, Бектемирге карай башын ийкеңдете, шыбырап айтты, – Бар!..

Бектемир:

– Ата?! – деди Абылайга сурангандай үн менен, – Ата дейм?!

Эшиктегилер анын бул үй-бүлөгө таптакыр байланып, кыя албай жатканын түшүнүштү.

– Бектемир, балам?! – Абылай жалооруй унчукту, – Уулум, эсиңе кел?! Он ай көтөрүп, омурткасы ооруган бечара энеңди ая?! Бир жылан үчүн апаңды өлтүрүп аласыңбы?! Кызыл чиедей бөбөктөрүңдү ойло! Алтымышка келип, алдан-күчтөн тайып бараткан атаңды – мени ойло! Али кеч боло электе эсиңе кел, балам?! Мына бул элди эмне, соо келди деп жатасыңбы?!

Сөздүн ары жагын табышмак кылып, ичине жутуп, уулунан жооп күтүп, бечара эмедей тиңшийе тиктеди. Эшиктегилер да, үйдөгүлөр да дымырап, тып-тынч боло түшүп, качан гана Бектемир:

– Болуптур, ата! Мен үйгө барайын, бирок бир шартым менен! Элге айтыңыз, үйлөрүнө тынч тарап кетишсин! Болбосо мен бул жерден эч жакка кетпейм! – дегенде үйдөгүлөр да, эшиктегилер да жандана түштү. Абылай: «Кантебиз, эл?!» – дегендей айласы түгөнүп, көпчүлүктү бир айландыра карап алды. Эл күбүң-шыбың боло түшүп, бир убакта:

– Андай болсо ата-энеден кечип, ажыдаардын уюгуна ымала санаган баланын барынан – жогу! Анчалык эле ажырай албай жатса тим кой, кошо өрттөп, күлүн көккө сапырып ийиш керек акмакты! – деди Таңырбай бакылдап. Туш-туштан:

– Туура! Туура айтат! – деген үндөр жаалап, ызы-чуу ырбап кетти.

– Айланайындар, бул эмне дегениңер?! – деген Сырг а терезеге чөгөлөй отура калып, эшиктегилерге жансоога сурап, жалбарып ийди.

– Кагылайындар! Күнөөнүн баары менде! Өлтүрсөңөр мына, мени өлтүргүлө! Баарына мен, мен көнөөлүүмүн! Асылбекте да, балдарда да айып жок, айланайындар!

Көздүн аккан жашы эки бетин жууп, балбаалап ыйлап, жоолугу желкесине шыпырылып кеткен аялын Асылбек эки колтугунан сүйөй өйдө кылып, бери жакка алып келип отургузду да, үнсүз-сөзсүз эшикке бет алды. Анткен менен сыртынан бекитилген эшик зыңгырап, ачылбай койду.

– Эмне күнөө, эмне жазыгым үчүн кастарыңарды тиктиңер?! Адегенде ошону айткыла?! – деди анан терезеден жабалактаган элге.

– Аны өзүң жакшы билесиң, Асылбек! – деди Канымет абышка, – Канча жылдан бери үйүңө ажыдаар багып, эми минтип айылдын элине кол салып, алдын көтөрүп чаба баштадыңар! Аныңар аз келгенсип, алмончоктой болгон жаш баланын башын айландырып!.. Аның – ажыдаар кызыңды боозуттуруп, айылды ажыдаарларга каптаталы дегениңер го?! Ана, ата-энесинин үнү Кудайга жетип, боздоп турат!

– Канымет ата?! Карыялык касиетиңизди жоготпой, калыстык кылыңыз! – деп ийди Асылбек.

– Кайт! Каапырдын кайра мага каяша айтканын карачы! Кайсыл арыңа актанасың, адепсиз?! Же жанагы, чаламандын чак түшүндө ажыдаар кызыңды алчактатып алдыңа алып, ардактап отурганыңды да эми бизден танасыңбы?!

– Аксакал, ал кызым эмес, ажыдаар да эмес – жылан!

– Тикини!

– Айтканын кара, ой! – дешти эшиктегилер!

– Сиздер таптакыр тескери түшүнүп алган турбайсыздарбы! – деди Асылбек кептин чоо-жайына көзү жетип, – Андай эмес, агайындар! Андай эмес! Азыраак сабыр кылып, сөзгө конок кылсаңыздар! Мен азыр сиздерге анын чын-бышыгын айтып берейин!

– Жетет!!!

Табиятынан кыянаттык, ызы-чууну жакшы көргөн Таңырбай, ага кошул-ташыл дагы беш-алтоо аны кош топ кетти.

– Дагы алдап, элди арбагың келеби?! Андай эле ак болсоң, алдагы Абылайдын баласын бери жибер! Калганын дагы көрө жатарбыз.

Асылбек: «Бар!» – дегендей Бектемирди карады.

– Эл тарамайынча мен эч кайда кетпейм! – деди жигит да өжөрлөнүп.

– Анда мен балам дебейм! Балалыктан кечип коём! – деди Абылай жанагыдай болбой эми өктөм. Уулу дагы ызалуу, каяша айтты:

– Ушунчалык тайыздыгыңды билбепмин, ата!

– Акмак!!!

– Андай бала сага жакшылык кылбайт! Башка балдарың аман болсун! – баркыраган зоот, демейде оозунан оңой менен кеп чыкпас, анча-мынчага кебелбес Томотой уста ушинткенде Абылай да ошого макул өңдөнүп, терезеден ары оолактай берди эле, көп өтпөй ар кай жерден жалбырттап от күйө баштады. Үйдүн ичиндегилер чындап сестене түштү. Асылбек эшикти тепкилеп, ийни менен туш келди түрткүлөп, Сырга адатынча терезеден элге жалбарып ыйлап, Бектемир Кызмончокту кучагына ороду. Эшиктегилер таяктын башын өрттөп алышып, үйдү айландыра саман чачып киришти. Атургай короонун аркы башындагы, бастырманын үстүндөгү чөп күйүп, заматта кечти кызыл жалындын жарыгы каптап кетти.

* * *

Баягыл оюк менен жана эле эшикке чыгып кеткен Жан бул убакта эчак Жинди-Чапка жетип калган. Жыландардын ордосуна кирип келгенде аны үйдөй үңкүрдүн ичинде кыжылдап, биринин үстүнөн бири жыбылжып сойлоп, каршы-терши быкпырдай кайнап, узун-туура чубалган урук-туугандары бир нерсе болгонун сезгендей жапырт, сестене карашты! Көз ирмемчелик эле убакта анан, Жандын жардамга чакырган ички кыйкырыгын илгиртпей туюшту да, өлбөгөн жерде калуучу эмелердей денелери түктүйүп, жансыз көздөрү чачырай, тегиз октоло түшүштү! Көз ирмемчелик эле ушул учур канча бир доор, кылымдардан берки козголбой жаткан жыландардын ордосун уйкудан ойготкондой болду! Эми элеки тып-тынч ордонун ичинде кандайдыр бир сырдуу аракеттер башталып, кышылдаган үндөр көбөйүп кетти! Ордого кирип-кирбей, босогодо тикесинен турган Жан дагы урук-туугандарынын жообун түшүндү! Көкүрөгүнө кандайдыр бир сыймыктануу, ишеним, ага-туугандарына болгон жылуу сезим удургуп, ушунчалык тездик менен артына шарт бурулду да, кандай тез келсе, эми да так ошондой тездик менен чымын-куюн болуп кетип баратты! Анын артынан аткан октой эрчип, калган жыландар жөнөштү!

Жыландардын аягы оңой менен үзүлчүдөй эмес. Тээ чай кайнам убакытка чейин ордонун оозунан сыртты көздөй агылып чыгып, эзели бооруна түк чыкпаган боз адырдын бетине жол салып, айылды көздөй катуу тездик менен зымырап баратышты! Эң алдыда – ак жылан! Ага удаалаш бараткан – баяг ы кара чаар, анын катарында бала кезинде эле ак жыланды айланчыктап, ылым санап, ымала издей берчү күмүш жон сулуу жылан, аларга куйрук улаш башкалары!

Жыландар Жандын кичинекей кезинен эле адамдарга байыр алып, алар менен аралаш өмүр сүрүп, атүгүл адамга арзып, аларсыз күн көрө албачудай болуп калганын билген соң, анын көп убакыттарга ордону таштап кетүүсүнө көнүп калышкан. Аны зордоп токтотууга мүмкүн эмес экенин баарынан узак жашаган, көптү көрүп, көп билген баягы кара чаар  жылан жакшы билчү. Жүз жылдан ашуун жашаганын өзү да билбеген бул Эне-жылан ак жыланга ар убак кулак түрүп, кайда жүргөнүнөн кабар алып, кайсы убакта болсо да жардамга барууга даяр болчу!

(уландысы бар)

 

Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп): 1 комментарий

Комментарии запрещены.