Жээнбеков: Экспортко багытталган ишканаларга көбүрөөк колдоо керек

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийлик органдарын экспортко багытталган ишканаларга максималдуу колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районундагы Ананьево айылындагы шире чыгарган «Яблочная компания» ЖЧК ишканасынын жана Каракол шаарындагы «Ак-Булак» кичи кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышкан.

«Яблочная компания» ЖЧК ишкансынын негиздөөчүсү Дөөлөтбек Салмакеевмалымдагандай, алма ширесин чыгаруу боюнча аталган кыргыз-россия ишканасы 2015-жылдан тартып иштеп келе жатат. Анда дүйнөлүк стандартка жооп берген заманбап технология колдонулат жана 30 адам жумуш орду менен камсыз болгон. Өндүрүлгөн продукция таза жана жогорку сапатка ээ жана ширенин беш түрү чыгарылат. Өндүрүш үчүн жергиликтүү сырье колдонулат.

Ишкананы жабдуу үчүн 80млн сом сарпталган жана анын 20млн сому алма багын өстүрүү үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан алынган.

Өкмөт башчы баса белгилегендей мындай ишканалар жергиликтүү айыл чарба продукцияларын сатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөдө ички миграцияны азайтуу маселелерин чечүүгө жардам берет.