КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Жандалбастап, баланы бооруна басып, денесинин ысыгын өткөрүп, улам тура калып жалап-жуктап жатып араң жылытып алган да:  “Төшөк керек!..” – деген ой мээсине “тык!” эте түшкөн. “Бирок кайдагы төшөк?!”

Акыры анын да жолу табылган.

Түн мемиреп тынч. Толгон айдын алтын нуру ай ааламга тегиз чачылып, айлана-тегерек күндүзгүдөй жарык… Быйтыйган манжалары менен ит-энесинин жүнүн апчый кармап,  анын жумшак, жылуу төшүнө тумшугун катып, бейкапар уктап жаткан баланын кучагынан ошол түнү Кумайык акырын жылып чыккан да, адатынча наристесин  айланып-тегеренип карап, баланын үстүнө кык шилеп,  баары жайында экенине көзү жеткен кезде гана кепеден чыгып кеткен. Эски  конушуна келип, короонун бурчундагы баягы өзү кирип-чыгып жүрчү, атүгүл адамдын тулкусу деле оңой-олтоң батып кете тургандай тешиктен ичкери суурулуп кирген.

Үйдүн жаңы Короочусу акыркы убактарда аны “келдиңби, кеттиңби” дебей деле калган. Бу жолу да ошентти. Адегенде чоочун жытты сезип, чоочун дабышты утурлай  узун чынжырын сүйрөп, ал тарапка эки аттап учуп жетип:

— Сен белең?! Деги, ушу сенден кутулбас болдум! — дегендей ырылдап коюп, теңсинбегендей кайра бурулуп басып кеткен. Кудум торпоктой килтеңдеген, үстүндө — үйү, астында — ашы белен, ашыкча түйшүгү, убарасы жок, анткен менен ар дайым мойнуна темир чынжыр салынган курбалдашы үйдү айланып, көрүнбөй кеткичекти ага  бир чети суктангандай, бир чети аягандай карап жаткан  Кумайык. Эмнегедир, бир убакта жаман кепеси тарапта жагымсыз бир окуя болуп жаткандай жүрөгү опкоолжуй тшүп, “селт” эте баш көтөрүп, тоо жакты карай тумшугун созо тыңшап, дымый калган. Атүгүл азыр кайра чуркап жетчүдөй ордунан обдулуп тура калып, бирок, эмнеге келгенин эстей койгондой кыңшылап, буйдала түшкөн.

Үйдү айланта басып, бир убакта жүрөгү “болк!” эткен — төшөнчү!.. Тамдын артындагы, баягы кожоюну тарткан кермеде баланын чакан жуурканы жайылып турган болчу! “Көктөн издегени жерден табылган” Кумайык түз эле ошого учуп жеткен да,  тиштеп алып булкуп-жулкуп тарта баштаган…

Башта тынч эле келип, короонун ар кай-ар кай жеринде көздөрүн жашылдантып жата берип, бир убакта кетип калчу “жолбун” иттин бу жолку жоругуна Короочу түшүнбөй калган.  Адегенде аны баса калчудай, октолуп тура калып, кебете-кешпирин бузуп, каардана түшкөн. Кумайык да кермеден түшүрүп алган олжосун кызгангандай, курдашынын алдынан айбааттана тосуп ыркыраган. Экөө ушу азыр астын-үстүн болуп, бири-бирин тытып жечүдөй жүндөрүн түктүйтө тиктешип, бирок бара-бара жоошуп баратышкан…

— Ырр-рр!.. Азыр башыңды чайнап сала электе, ташта алдагыны! Аяп койсо, ашынып кеткениң кандай?! – Короочунун үнүндө ушундай маани бар болчу.

— Ырр-рр..! Жайыма кой! Сенин эмнең короп атат?! – деген Кумайык да тиштерин көрсөтө ыркырап.

— Деги, сага чүпүрөктүн эмне кереги бар?! – акырын, жоош ырылдаган эми Короочу.

— Аны сен түшүнбөйсүң..! – Кумайыктын кыймыл-аракетинде, унчукпай бери бурулуп кетишинде ушундай кемсинтүү бар болчу. Тигинин жоошуй түшкөнүн байкаган Кумайык жерге түшкөн жуурканды тиштеп, сүйрөй баштаган.

— Кожоюндарыма эмне дейм?! – дегендей, Короочу кыңшылап, чыйпылыктай баштаган. Буга чейин Кумайыкка жогортон карап, аны көп деле этибар албай, теңсинбей, болгону гана бир селсаяк ит катары билген Короочу ушул убакта андан кандайдыр бир өзгөчөлүктү сезип, басырына түшкөн болчу.  Ошого удаа эле тулкуйган оор денесин жыбыратып, кайдан-жайдан келе калган кандайдыр бир жагымдуу сезим бийлей калган… Кумайыкты жакындан тааныгысы, аны жыттап көргүсү келгендей анан кыйшаңдап, жараматтана басып, бирок адам жыттанган, өзүнөн кыйла акылдуу көздөнгөн Кумайыктан жазгангандай орто жолго шоңшоюп отура калган.

Кумайык болсо, анын эмне ойлогону менен эч иши жоктой, кудум мээнеткеч, мээрман энедей, эси-дартынын баары балада эле. Анан калса, ушул убакта жанагы жагымсыз сезим кайрадан көкүрөгүнө айлана түшкөн. Кулагына ый угулуп, ансайын жүрөгү канап, ал баргыча бала тоңуп өлүп калчудай карбаластап кеткен… Атүгүл эки-үч курдай олжосун ошол жерге таштай коюп, бир топ жерге чейин чуркап барып, кайра келген…

Төшөнчүнү ушу азыр алып кетпесе, эч качан ала албайт эле…

Анткен менен жуурканды короодон чыгарып кетүү кыйынга турду. Күн сайын кирип-чыгып кетчү, демейде ай аалам бүтүн батып кетчүдөй кең өңдөнгөн көзөнөк бу саам таптакыр тар болуп туруп алды. Өзү сыртка чыгып алып, олжосун канча ирээт күчкө салып тарткылаганы менен, анысы тешиктин оозун жаап, кептелип калды. Андан башка жол да жок эле. Ары жулкуп, бери жулкуп тарткылай берип, акыры чарчап суй жыгылганда жалпайып жатып калды.

Ушул убакта кулагына кайрадан ый угулду…

Башын көтөрө калып угулар-угулбас, билинер-билинбес ошо  үнгө кулак түрдү ит… Бирок, ый улам дааналанган сайын, баланын ыйына окшобой баратты. Көңүлү тынчыгандай, ээгин алдыңкы кош аягына жөлөп, кайрадан жата кетти. Айлана-тегерегинде, деги эле жашоосунда болуп жаткан жагымдуу да, жагымсыз да нерселердин баарынан бир азга болсо да алыстагысы келгендей, көздөрүн жумду…

Кирпиктери бири-бирине чапталыша калган кезде, эч кимге окшобогон ички ит дүйнөсү менен сырт дүйнөнүн ортосуна көшөгө тартылып, бар дүйнөсүн караңгылык каптап, жаны мемирей түшкөндөй болду. Бирок, бул азга гана, көз ирмемчелик убакытка эле созулду да, буга чейин болуп өткөн жашоосу көз алдынан тизмектешип өтө баштады…

(Уландысы бар)