Кыргызстанда инвесторлор үчүн жеңилдиктер арбын

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


Бишкекте 27-март күнү башталган «Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы мейкиндиктери» аталыштагы кыргыз-россиялык 8-конференцияга эки өлкөнүн 700дөн ашык компаниясынын өкүлдөрү катышты. Аталган иш-чара РФнын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга расмий иш сапарынын алкагында өткөрүлдү. Конференцияны КРнын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров ачып, эки мамлекеттин ортосундагы инвестициялык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана ЕАЭБ айдыңындагы айрым көйгөйлөрдү четтетүүдө Россиянын жардамынын зарылдыгы туурасында сөз козгоду.

«Кыргызстан менен Россия куштун эки канатындай болуп, жүз жылдыктардын тарыхында достукту, өнөктөштүктү бекем орнотуп келе жатышат. Кыргыз-россиялык региондор аралык 8-конференция дүйнө экономикасы  финансылык  катуу  кризистерди баштан өткөрүп жаткан учурга туш келди. Дүйнөдө газ менен мунайдын баасы туруксуз болууда. Ал эми дүйнө экономикасынын инвестиция тартуу көлөмү 23 пайызга кыскарды. Көп мамлекеттерде өндүрүштүн кыскарышы, жумушсуздук, миграция ж.б. көйгөйлөр туруктуу мүнөзгө ээ болду. Бирок, ага карабай кыргыз-россиялык кызматташтыгынын өнүгүшү улам жогорулап бара жатат. Эки өлкөнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд. долларга жетти», — деп белгиледи. З.Аскаров.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирип жаткан өткөөл учурда Россия кол сунуп, жардам иретинде 300 млн. доллар бергенин, ал эми Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондусун түзүүгө Россия 500 млн. доллар бөлгөнүн баса белгилеп өттү. Аталган фонд экономикабыздын түрдүү тармагындагы 1600 долбоорду колдоп, ал үчүн 310 млн. доллар суммада кредиттерди берди. Бүгүнкү күндө ветеринардык көзөмөлдөөдөн башка кыргыз товарларынын 80 пайызы ЕАЭБ аймагына тоскоолдуксуз өтүп жатат. З.Аскаров россиялык инве-сторлорду кыргыз экономикасына инвестиция салууга чакырып, алардын коопсуздугуна Өкмөт кепилдик бере турганын айтты.

Кыргыз-россиялык региондор аралык 8-конференциянын алкагында эки өлкөнүн компанияларынын ортосунда 1,5 млрд. долларлык макулдашууларга жана меморандумдарга кол коюлду. Өкмөттөр аралык келишимдердин ичинен эң ириси – Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарды пайдалануу боюнча мамлекеттик агенттик менен «Росгеология» компаниясынын ортосунда 1,2 млн. доллар көлөмүндөгү кызматташуу келишиминин түзүлүшү болду. Андан тышкары, Бишкек штамповкалоочу заводу менен Казань шаарынын ок-дары чыгаруучу заводунун ортосунда 15,3 млн. доллар жана Барнаулдагы ок чыгаруучу ишкана менен 15 млн. долларлык келишимдерге кол коюлду. Агрардык тармактар боюнча 300 млн. долларга кызматташуу меморандумуна ж.б. бир нече биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашылды. Иш-чаранын алкагында З.Аскаров РФнын экономика министринин орун басары Тимур Максимов жетектеген россиялык делегацияны атамекендик өндүрүштөн чыгарылган товарлардын көргөзмөсү менен тааныштырды.

Кыргызстан Борбордук Азия аймагындагы преференциялардын бүткүл системасы плюс — (ВСП+) статусуна кирген жалгыз өлкө. Ошол жеңилдиктердин натыйжасында Евро-па биримдигинин 400 млн. калктуу рыногуна 6000ден ашык товарды бажы төлөмүсүз чыгарып  сатууга  мүмкүнчүлүк  алганбыз. Европалыктар экологиялык таза азыктарды жогору баалашат. Ушуга байланыштуу кыргыз-россиялык биргелешкен ишканаларды түзүү, товарларды Европа рыногуна алып чыгуу өтө артыкчылыктуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болмокчу.

Конференцияда КРнын жеңил өнөр жай ишканаларынын «Легпром» ассоциациясынын президенти Сапарбек Асанов россиялык компанияларга «Технополис» долбоорунун базасында текстиль жана тигүү өндүрүшүн биргелешип уюштурууну сунуштады. Анткени, Кыргызстандын экспортунда жеңил өнөр жай тармагы алтындан кийинки экинчи орунда турат. Ал эми Россиянын рыногуна кийим-кечек экспорттоо боюнча Кытай, Түркия, Италия, Германиядан кийинки бешинчи орунду Кыргызстан ээлеп келе жатат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Кыргыз кыз-келиндери тиккен кийимдердин сапаты 15 жыл мурдагыга салыштырмалуу абдан жогору. Экспортерлордун айтымында байпактан баштап, койдун терисинен жасалган тонго чейин түрдүү кийимдер Москва, Екатеринбург, Красноярск, Новосибирск ж.б. Россиянын 70тен ашык шаарларында сатылып келе жатат. Кездемелер, фурнитуралар сырттан ташылгандыктан транспорттук түйүндөргө оңдуу болгондуктан тигүү тармагы Бишкек жана Ош шаарларында өнүккөн. 2017-жылдан бери Токмок шаарындагы «Текстильтранс» ишканасы айына 20 тоннадан ашык кездеме чыгарып иштеп жатат. Ал өз кубаттуулугун көтөрө алса ал жакта да тигүү тармагы өнүгө баштайт. «Сокулуктун Военно-Антоновка айыл аймагынан технополистти куруу максатында 41 гектар жер трансформацияланып берилди. Биз россиялык өнөктөштөрдү ушул ири технополистти биргелешип курууга чакырабыз. Долбоор 45 млн. доллар көлөмүндөгү каражатты түзүп жатат. Ал жерге 40ка жакын чоң-чоң тигүү ишканасы курулат”, — деди С.Асанов.

Логистикалык борбор курууга инвестор керек

Конференцияга «Досбай ата» айыл чарба кооперативинин жетекчиси Жарашбек Үсөнов жашылча-жемиштер үчүн 10000 тонналык логистикалык борборду куруу үчүн инвестор табууну көздөп Таластан келиптир. «ЕАЭБдин аймагына картошка, алма, кара өрүк, капуста ж.б. продукцияларды машинеге тонналап ачык жүктөп алып экспорттоонун заманы өтүп бара жатат. Тазалап, упаковкалап, бузулбаган муздак жайда сактап коюп, кардарлардын буйрутмасына жараша чыгарып сатып туруу керек экен. Ал эми логистикалык борбордо продукция жаңы боюнча сакталып турса дыйкандар банкрот болбойт. Анын үстүнө логистикалык борбордун өзүн күрөөгө коюп, «Айыл банктан» кредит алууга болот», — дейт ал.

Этти экспорттоого кенен мүмкүнчүлүк бар

«Бүгүнкү күндө Нарын облусу менен Россиянын Челябинск шаарынын ортосунда түзүлгөн келишим иштеп жатат. Бул конференциянын  алкагында  эки  тараптын  мындан аркы кызматташуусун кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Жакында эле Нарынга ал жактан делегациянын чоң тобу келип кеткен. Эми биздин ишкерлер Челябинск шаарына барып, алака-катыштын жаңы багыттары боюнча сүй лөшүүлөрдү жүргүзүүсү күтүлүүдө. Андан тышкары, келечекте Алтайдын Усть-Канский району менен Жумгал районунун ортосунда кызматташуу келишими түзүлөрүнөн үмүт чоң. Анткени россиялыктарды биздин экологиялык таза азык-түлүктөрүбүз кызыктырууда. Биз Россияга эт, картошка, бал экспорттойбуз. Кочкор районунда иштеп жаткан «Адал азыктары» эт комбинаты эл аралык сертификатка ээ болгон ишкана. Анын негизинде эттерибизди экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк пайда болду», — дейт Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн инвестиция тартуу  боюнча башкы адиси Э.Турганбаева.