Төрага башкаларга үлгү болууда

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков 25-март күнү Талас облусунун Кара-Буура районунда болуп, курулуш иши жүрүп жаткан социалдык объектилерди көрүп, шайлоочулар менен жолукту.

Башталган курулуштар Ташталбайт

Алгач Молдо Асан айылындагы Шамратбеков атындагы мектептин курулушу менен таанышты. 225 орундуу мектептин курулушу 2015-жылы башталып, акча каражаттын тартыштыгынан токтоп калган. Сметалык наркы 54 млн. сомдук мектептин курулушуна дагы 23 млн. сом керектелет, андан тышкары спорт залдын курулушуна 10 млн. сом зарыл. Төрага мектептин курулушу быйыл толук бүткөрүлүп, жаңы окуу жылында ишке берилерин айтып, он компьютерди мектепке белек кылды.

Андан  кийин  Чолпонбай  айыл  аймагындагы Көк-Дөбө айылындагы 150 орундуу мектептин курулушу менен таанышып чыкты.

– Аталган мектептин толук бүтүшү үчүн дагы 20 млн. сом зарыл. Ал каражатты табабыз, жаңы окуу жылында жаш муундар жаңы мектептин босогосун атташат, ал эми спорт залды декабрь айында бүткөрөбүз, – деди Дастан Жумабеков. Айыл эли интернет байланыш начар болгондуктан станция зарылдыгын айтышты эле, төрага «Мегаком» компаниясы аркылуу маселе чечилерин билдирди.

Д.Жумабеков андан соң Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу каржылана турган «Сарымсак»  каналынын  курулушун  көрдү. Долбоордун  тендердик  сынагында  «Талассуукурулуш» ЖАКы 100 млн. сомдук көлөмдөгү 6,5 чакырым каналдын курулушун бүтүргөн, быйыл 4,2 чакырымдагы курулушту жүргүзөт. Жаңы техникалар менен камсыз болгон ишкана азырынча жогорудагы каражатты ала элек болсо да өз резервинин эсебинен алгачкы жумуштарды жасап жаткан экен. «Сарымсак» каналынын курулушу толук бүтсө суу коромжусу толук жоюлуп, жүздөгөн жер аянттары өздөштүрүлмөкчү.

Төрага 30 жылдай убакыт бою кароосуз калган Кызыл-Адыр айылындагы «Семетей» кинотеатрынын аянычтуу абалын да көрдү. Кинотеатр маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы кинодепартаментине караштуу болгондуктан жергиликтүү бюджеттен каржылоо мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Ал эми имаратты толук бүткөрүүгө 18 млн. сом керектелет.

Төрага  быйылкы  жыл  региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы экенин эске салып, каражат табылаарын, оңдоп-түзөө толук жүргүзүлүп, кийин балким айыл аймактын балансына өткөрүлүп берилерин айтты.

Көчмөндөр оюндары, башка көп көйгөйлөр…

Ал эми райондук мамлекеттик администрациянын жыйындар залындагы жолугушууда Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев өткөн жылы облус 98 млн. сом салыкты ашыкча жыйнап, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси татыктуу деңгээлде белгиленгенин, быйыл көчмөндөр оюну Талас жергесинде мыкты деңгээлде өткөрүлөөрүнө, облус саясый туруктуулукта, биримдикте бардык тармак боюнча жигердүү аракетте болооруна токтолду.

Төрага залкар жазуучунун 90 жылдык мааракеси өткөн күздө Таласта мыкты деңгээлде өткөрүлгөнү үчүн таластыктарга ыраазылык билдирди. Ошондой эле өлкө Президенти Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен Шекер айылында Чыңгыз Ордо комплексинин чоң курулушу башталганын белгилеп өттү. Ал медицина, билим берүү, маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек акылары көбөйөрүн айтты. Быйыл өлкөдөгү 44 райондун борборлорунун ар бирине 3 чакырымдан жолго асфальт төшөлөрүн, капиталдык курулуш боюнча көптөгөн иштер аткарыларына токтолду. Ошондой эле коррупцияга каршы күрөш жигердүү жүрүп, бюджеттик ири көлөмдөгү каражаттарды, чет элдик насыяларды мойсогон мурдагы бийликтин тушунда иштеген чиновниктердин жоон тобу түрмөдө экенин, процесс улана берээрин баса белгиледи.

Казакстан  менен  сүйлөшүүлөр  жүрүп, Кичи-Капка постун ачуу аракеттери жүрүп жатканын  да  айтты.  Тараздан  Аманбаев айылына чейинки 13 чакырым жолду асфальттоо боюнча аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Жолугушууда  Аманбаев  айылынын өкүлдөрү таза суу чоң көйгөй экендигин, тез жардам автоунаасы жараксыздыгын, эки кабат жаңы ооруканага хирургия бөлүмүн ачуу зарылдыгын айтышты.

Төрага Ислам өнүктүрүү фондусу тарабынан каржыланган долбоордун негизинде бир жумадан соң таза суу боюнча иштер башталарын, тез жардам автоунаасы тез арада чечилип, хирургия бөлүмү да ачыларын билдирди. Бакты-Ногой каналы боюнча Суу чарба департаментинин жетекчиси Көкүмбек Таштаналиев гранттык негизде 170 млн. сом каражатка курулуш иштери жүрөрүн маалымдады.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев таза суу боюнча департаменттин директору өткөн жылы 20 млн. сом беребиз деп алдап кетип, Аманбаев айылында он миң адам таза суу менен камсыз болбогонун сынга алды.

Жолугушууда Чоң Кара-Буура айылында ФАП курулуп иштеп жатканын айтып, көмөгү үчүн жана ошондой эле 100 жетим балага чет өлкөлүк донор уюмдарынан стипендия маселесин чечип бергени үчүн Дастан Жумабековго ыраазылык айтылды. Негизинен мындай иштер спикер тарабынан көп жасалгандыктан ыраазылыктар да арбын айтылды.

Ушундан улам Жогорку Кеңештин таластык башка депутаттары да Дастан мырзадан өрнөк алса жакшы болмок экен деген ой жаралды. Кечирээк мандатка ээ болгон Зарылбек Рысалиев, Тариэль Жоробеков, башка депутаттар Дастан мырзадай Талас жергесине көмөгүн тийгизе элек. Анан эле шайлоодо шатырап шайма-шай даяр боло калышат.

Айрым шайлоочулар врачтардын жетишсиздиги, газ тартуунун маселелерин айтышты. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев учурда өлкөдө 1640 врач жетишпестигин, депозитти 150 миң сомдон, 200 миң сомго көтөрүү аракети жүрүп жат-кандыгын айтты. Талас регионун газдаштыруу маселеси боюнча Д.Жумабеков «Газпром» иш жүргүзүп жатканын  айтып,  келерки  жылы  Талас өрөөнүнө газ системасы киргизилерин билдирди.

Бакай-Атада да эски көйгөйлөр

26-март күнү Д.Жумабеков Бакай-Ата районундагы Миң–Булак айылындагы курулушу бүтө элек мектепти барып көрдү. 375 орундуу, сметалык наркы 101 млн. сомду түзгөн курулуш көп жылга создугуп келет. Айыл эли, мугалимдер спикерден курулушту тездетип берүүнү өтүнүштү. Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков мектеп 1-сентябрга карата бүтөөрүн айтканда кол чабуулар коштолду. Мектепке төрага бир нече компьютер белек кылды.

Андан соң Дастан Жумабеков Бакай-Ата айылындагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын социалдык стационардык борборунун абалы менен таанышып, аларга түзүлгөн шарттарды кыдырып көрдү.

Ошондой эле көмөк иретинде 100 миң сомдук сертификат тапшырды. Бул күнү түшкө чейин  Бакай-Ата  районундагы  Үч-Эмчек айылындагы курулуп жаткан, жабдуулары алынып келген төө буурчак кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишкананын иши менен таанышып, аларга мамлекет тарабынан каржылык насыя боюнча көмөктөр керек болсо өкмөттүк органдар тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн айтып айылдык ишкерлерге ийгилик каалады.

Чиновниктерди эл талабына көңүл бурууга чакырды

Андан кийинки сапар Талас районундагы Үч-Эмчек айылында уланып, төрага Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин депутаттары Тариэл Жоробеков, Гүлкан Молдобекова айылдагы «Нур» бала-бакчасынын ачылыш аземине катышышты.

Талас шаарындагы «Өзөн Ата» сүт заводунда төрага заманбап технология менен жабдылган ишкананын ишмердиги менен таанышты. Жайкы сезон учурунда суткасына 50 тоннага чейин сүттү кабыл алып, иштете ала турган ишкананын продукциялары Россияга экспорттолуп, Бишкекте да өзгөчө даамы, сапаты менен керектөө чоң.

Ишкананын ээси Бакыт Тууганбаев мурда насыяларды аргасыз 26 пайыз менен алууга аргасыз болсо, азыр мамлекеттин көмөгү менен 6 пайыз менен насыя алуу өндүрүшкө жакшы өбөлгө болуп жатканын айтты. Төрага айыл жеринде кайра иштетүүчү ишканалар менен экономикада алгылыктуу жылыштар болоорун баса белгиледи.

Түштөн  кийин  ал  №2029  чек  ара  отрядынын  кызматкерлери  үчүн  курулуп бүткөн 24 квартиралуу үйдүн ачылыш аземине катышып, чек ара кызматкерлерине жоопкерчиликтүү, сыймыктуу иштеринде ийгиликтерди каалады жана 100 миң сомдук сертификат тапшырды.

Түштөн кийин драмтеатрдагы жолугушууда шайлоочулар суроолорду беришти. Алгач Д.Жумабеков күзүндө бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысы көбөйөрүн, өлкөдө социалдык саясатка көңүл бурула турганын белгиледи. Ал өлкө бюджети жыл сайын өсүп жатканын кошумчалады. Ал эми Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга иш сапар менен келиши өлкөнүн инвестициялык климатына чоң түрткү берүүчү фактор болорун айтты.

Ошондой эле чиновниктерди кичи пейил, элдин сунуш-талаптарына сергек, дилгир мамиле жасоого чакырды. Мындан тышкары чиновниктердин таза, адилет иштөөсү мезгилдин талабы экенин, бюджетти, казынаны уурдаган шылуундар түрмөдө жатканын эске салды.

Жолугушуу жандуу жана кызыктуу өттү, шайлоочулар эл өкүлдөрүнө мындай жолугушуулар такай өткөрүлүп турса депутаттар менен эл ортосундагы байланыш чыңдала бермегин айтышты.