Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ: «Бизди Россия менен тарых жана тагдыр бириктирген»

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, БГУнун кафедра башчысы, профессор Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ менен болгон маек.

Дөөлөтбек САПАРАЛИЕВ

– Дөөлөтбек агай, алдыда РФ Пре-зиденти В.Путиндин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатпайбы. Кыргыз-орус дипломатиялык байланыштарынын негизделиш тарыхын изилдеп, кыргыз элчилеринин изи менен Санкт-Петербургга барып келген тарыхчы катары эки өлкөнүн ортосунда байланыштар качан башталганы тууралуу айтып берсеңиз?

– Мындан 233 жыл мурда 1786-жылдын 15-мартында Россиянын падышасы Екатерина II кыргыз эл башчысы Атаке баатыр Тынай бий уулунун жиберген кыргыз элчилерин расмий түрдө, Санкт-Петербургдагы Кышкы сарайда эң жогорку деңгээлде алгачкы ирет кабыл алган. Бул окуя кыргыз-орус дипломатиялык байланыштарынын негизделиш күнү катары тарыхта өзгөчө орду бар экендигинде шек жок.

Россия ХVIII кылымда Европада гана эмес ошондой эле Азияда да улуу держава катары таанылып, Борбор Азияга ийкемдүү дипломатиялык жол менен келген. ХVIII кылымдын 80-жылдарында Кыргызстандын саясый абалы бир кыйла татаал болчу. Ошол эле Кокон хандыгын алсак, биз алар менен таттуу мамиледе эмес болчубуз. Ушундай кыйчалыш абалда кыргыздар Россия мамлекети тарабынан өздөрүнө колдоо болуп калар деген ойдо дипломаттык мамилелерди түзөлү деп чечишкен. Ушул маселе орус мамлекетин да кызыктырган.

– А кыргыздар Россия тууралуу толук кабардар болгон деп айтсак болобу?

–  Биринчи  кыргыз  элчилиги  Санкт-Петербургга  жөнөгөн  убакта  кыргыздар Россия мамлекети жөнүндө кабары болгон. Жалпы маалыматтарды соодагерлерден билишкен. Бирок, толугураак жана тагыраак жагдайларды, 1757-жылы качкын калмактар менен Россия төбөлдүгүнө өтүп Астрахань губерниясында, Этил (Волга) боюна отурукташкан, кийинчерээк өз мекенине келе баштаган кыргыздардан угушса керек деп айтууга болот.

1785-жылы жайында түндүк-чыгыш кыргыз урууларынын улук бийи Атаке баатыр Тынай бий (сарыбагыш) Россия империясынын борбору Санкт-Петербургга биринчи элчилерди – Абдрахман молдо (Карыганбай) Алкучаков жана Шергазы Орозбай уулу деген инсандарды жөнөтөт. Абдрахман молдо Россияны жакшы билген. Ал 1757-жылы Россия төбөлдүгүнө өтүп, 14-15 жыл Астрахан губерниясында, Волга жээгинде жашап Мекенине кайтып келген кыргыздардан болгон, орус тилин жакшы билген. Элчиликтин максаты Кыргызстан менен Россиянын элчилик-дипломаттык жана соода байланыштарын түзүүдөн тышкары орус мамлекетиндеги кыргыздар жөнүндө маалымат алуу болгон.

1785-жылы август айынын баш ченинде, Чүй өрөөнүнөн кыргыз элчилери менен чыккан кербен 1785-жылы 23-августта Россиянын аймагындагы Ыйык Петр чебине жетип, Омскиге келишет. Бул жерден кыргыз элчилери Сибирь аскерлеринин башчысы генерал-поручик Николай Огаревго Атаке-баатырдын эки катын тапшырышат. Генералга багышталган биринчи катында, Атаке Огаревго эки ат жана Росссиянын падышасынын ден соолугун сурап, учурашып келүү үчүн эки элчини жибергенин айткан. Екатерина IIге багышталган экинчи катында, Атаке өзүнүн ата-бабаларынын Ташкент көпөстөрү Россияга бара жатышканда кызмат көрсөтүшкөндөй, өзү да орус тактысына ишеничте болуусун айтып келип, өзүнүн элчилери Абдрахман менен Шергазыдан белек катарында бир кул (арап), үч илбирс жана беш сүлөөсүн терилерин берип жибергенин жазат. Чындыгында, бул Атакенин Казакстан аркылуу Россиянын Сибиринде соода кылчу жакыныраак ыңгайлуу жерди табуу аракети эле. Бул жөнүндө Атакенин небереси Жантай Карабековдун 1851-жылы орус бийликтерине жазган катында да айтылган. Анда Атакебаатыр өзүнүн конушундагы кербен башы болгон соодагер Молдо Кожону Петропавловскиге жөнөткөн экен деп баяндалат.

Атаке-баатырдын Екатерина II сунушун Орто жүздүн султаны Бөкей колдогон, анын себеби жаңы кербен жолу анын конушу аркылуу өтмөк. Бул жөнүндө Бөкей султандын 1787-жылдын 5 июлунда Н.Огаревго жазган катында айтылат. Султан Бөкей ал катында Орто Азия көпөстөрү сооданы Ямышев чебинде ачууну сурап жатышкандыктарын, себеби Ыйык Петр чеби алыс жайгашкандыктан, ага баруу өтө кыйын болгондугун, ташкенттик жана бухаралык кербендерин дайыма тосуп алып жана узатып тураарына кепил болоорун айтып, кыргыз элчилеринин Россиядан аман-эсен келишине камкордук кылаарын билдирген. Сунуш кылынган жаңы маршрут боюнча кербендер жолдо 40 күндүн ордуна 19 эле күн жүргөн. Кээ бир казак башкаруучулары соода маршруттун өзгөргөндүгүнөн жана транзит соодасынан мурункудай киреше албай калышкандыгынан, мындай бурулушка каршы болушкан. Мындай жагдай Россияга барган кыргыз элчилигинин Омск шаарында жыйынтыкталуучу  чечүүчү  мезгилин татаалданткан окшойт.

–  Элчилерди  Санкт-Петербургда кандай кабыл алышкан?

– Россиянын борборуна атайы уруксат берилгенден кийин Сибирь драгун полкунун приставы адъютант Иван  Сипайловдун  коштоосунда кыргыз элчилери 1785-жылдын 29-декабрында Санкт-Петербургга келишет. Россия императорунун сарайы молдо Абдрахман Алкучаков баштаган биринчи кыргыз элчилигин өз алдынча өлкөнүн өкүлү катарында жогорку деңгээлде кабыл алган. Император сарайынын 1786-жылдагы камер-фурьер салтанаттуу иш чаралары жөнүндө жазчу журналында: “Екатерина II 15-мартта жекшемби күнү түш ченде чоң чиркөөдө Кудайга сыйынуу ишаратын аткаргандан кийин Кышкы сарайдын залынан өтүп тандалган аскерлер турган (кавалергард постундагы) бөлмөгө кирген. Мында ал чет өлкөлөрдөн келген министрлердин (элчилердин) куттуктоосун кабыл алып кол алышты. Андан кийин ушул эле бөлмөдө улуу урматтуу орус императоруна вице-канцлер граф Иван Остерман кыргыз башчысынын өкүлдөрүн (депутаттарын) тааныштырды» деп айтылган. Екатерина IIге алар Атаке-баатыр берип жиберген белектерди – үч илбирстин, беш сүлөөсүндүн терилерин жана бир кулду (арап) тартуулашат. Екатерина II кыргыз элчилерин жагымдуу паанайда кабыл алуу менен аларга акчалай белек берүүнү буйурган: Атаке баатырга 800 рубль (күмүш тыйындары менен) жана Абдрахманга 100 рубль, ал эми Ураз-байга (Шергазыга) 25 рубль. Атаке-баатырга атайы кат жазып анын элчилери жөнүндө билдирип коюуну Сенаттын генерал-прокурору А.Вяземскийге тапшырат.

– А.Алкучаковдун ооруп калганына байланыштуу элчилер Петербургдан көпкө чейин кете албай калышат эмеспи?

– Ооба. Элчилердин кармалып жатышы жөнүндө Атаке-баатырга кат аркылуу билдирели  деп  чечишет.  Ушул  максат  менен 1787-жылдын октябрында Сибирь башчыларынын Атаке-баатырга жазган катын жеткириш үчүн Омскиден приказчик Муслим Агаферовдун жетекчилигинде Казан көпөсү Абдрахман Нурманбетовдун соода кербени жөнөтүлөт. Россиядан атайы элчи келе жатканын угуп, Атаке Чүй дарыясы жана Ысык-Суу деген жерде аны урмат-сый менен тосуп алат. Ал катта Россияга ишеничтүү киши жибергиле деп жазылгандыктан, Атаке өзүнүн биринчи элчилеринин Россиядан кайтып келишин күтпөй эле жаңы элчилерин жөнөтөт. Алар 1788-жылдын 2-августунда Омскиге келип жетишет. 1788-жылы 14-сентябрда Петербургдан поручик И.Сипайловдун коштоосу менен биринчи элчилер жолго чыгып, алар 29-декабрда Петропавловск чебине келип жетишет. Бул жерде Алкучаковду баласы Сатымбай тосуп алат.

– Петербургга барган биринчи кыргыз дипломаттык миссиясынын орус мамлекети тарабынан жогорку деңгээлде кабыл алынышы элчилик миссиясынын ийгиликтүү болгонун тастыктайт десек болобу?

– Албетте, бул миссия Кыргызстан жана Россиянын расмий элчилик байланыштарынын башталышы болгон. Атаке-баатырдын карамагындагы кыргыздарга Россия тарабынан колдоо болоору жөнүндө кепилдик сөз болгон, бирок андан кийинки түзүлгөн саясый абал, ошондой эле ХVIII кылымдын аягындагы Россиянын ээлеген жерлеринен Кыргызстан алыс болгондуктан кыргыздар түздөн-түз алардан сезилерлик колдоо ала алган эмес. Ошондай болсо да кыргыз жана орус элдеринин ортосундагы биринчи дипломаттык байланыш түзүлгөн болчу деп толук айта алабыз. Бул окуя эки тарап үчүн изсиз өтүп кетпеди. Ошол мезгилде Россия мамлекети кыргыздарга тыгыз аскерий жардам бере албаса да алар өзүлөрүнүн тышкы саясый мамилелери менен соода иштеринде бул жактагы жакшы санаалаш Кыргызстанга ишеничи арта берген.

Жыйынтыктап айтканда, мындан 233 жыл мурда башталган эки тараптуу байланыштар бүгүнкү күндө жогорку деңгээлге өсүп жетти. Кыргызстан менен Россияны тарых менен тагдыр бириктирген деген сөз бекеринен эмес. Буюрса, ал алакалар мындан ары да чыңдала берерине ишеним чоң.