Азамат Байматов оюн талаасына кайтат

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын коргоочусу Азамат Байматов кайрадан оюн талаасына чыгат.

Учурда футболчунун ден соолугу туруктуу. Анын алган жаракаты кайра калыбына келди. А. Байматов москвалык клиникалардын биринен текшерүүдөн өтүп дарыланды. Москвалык дарыгерлер, спортчуну оюн талаасына чыга берүүгө мүмкүн экенин айтышты.

Эми А. Байматов улуттук кураманын жана «Дордой» клубунун катарына кайта алат.