Бешинчи экспедиция Памирде кыргыздардын айылдарына жете алды

Бешинчи экспедиция гана Памирде кыргыздар жашаган айылдарга чейин жете алды. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбев билдирди.

Анын айтымында, бешинчи экспедициянын мүчөлөрүнө Памир аймагындагы этникалык кыргыздар тууралуу толук маалымат алууга мүмкүн болду. Буга чейин гуманитардык жардамды чек арадан берип жиберүу менен чектелип келишкен.

Алмаз Асанбаев бул жолу 300 кыргыз медициналык кароодон өтүп 80 тонна гуманитардык жүк жеткирилгенин кабарлады. Алынган маалымат боюнча, Чон жана Кичи Памирде эки миңге жакын киши жашай турганы белгилүү болгон.

Андан тышкары ал, памирлик кыргыздардан 30 бала Ооганстандын файзабад шаарына алынып келинди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга паспорт жасап берүүгө жардам берүүнү убада кылган. Учурда аларды Кыргызстанга убактылуу алып келүүгө чаралар көрүлүп жатат.