ӨКМ: Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылат

ӨКМдин Басма сөз кызматы билдирген маалыматка ылайык, Аба-ырайынын кескин өзгөрүп, Бишкек-Ош унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу пайда болгонуна байланыштуу, Бишкек-Ош унаа жолунун «Сосновка», «Арал» посттору жана Өтмөк ашуусу, 29-март саат 22:00дөн 30-март саат 10:00гө чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу жабылат.

ӨКМ ошол себептен жарандарды сапарга чыкпай туруусун эскерткен.