Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Абиш Халмурзаевдин ордуна Акрам Мадумаров дайындалды

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Халмурзаев Абиш Алыбаевич башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Өкмөттүн дагы бир буйругу менен бул кызматка Акрам Мадумаров дайындалды.

Эске салсак, буга чейин Акрам Мадумаров Мамлекеттик кадр кызматынын жетектеп келген, ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары жана Кадамжай районунун акими болуп иштеген.