710 миң кыргыз жарандары эмгек миграциясында жүрөт

чурда 710 миң кыргыз жарандары эмгек миграциясында жүрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын директорунун орун басары Алмаз Асанбев билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын май айында Орусияда 616 миң кыргыз жараны болгон, бул сан 2016-жылга караганда 66 миңге көп. Ал эми Казакстанда 30 миңге жакын кыргызстандын иштеп жүрөт, алардын көпчүлүгү Алма-Ата жана Астана шаарларында иштешет. Түштүк Кореяда 14 миң кыргыз жараны болсо, Түркияда 30 миң кыргызстандык иштеп жатат.

Алмаз Асанбев Орусияга эмгек мигранттарынын агымы көбөйгөнүн айтат. Ал билдиргендей 15 миң кыргыз жаран Орусияда туруктуу жашоого уруксат алган.

Андан тышкары кара тизмеде турган кыргыз жарандарынын санын 2017-жылы 106 миңден 44 миңге чейин азайтууга аракеттер көрүлүүдө.