Валентина Шевченко 7-апрелде Бишкекке келет

Кыргызстандык мушкер UFC чемпиону Валентина Шевченко 7-апрелде Кыргызстанга келет. Бул тууралуу спортчу айым социалдык тармактагы баракчасына жазган.

«Кулатуу Эртаймаш» улуттук күрөшүнүн дүйнөлүк Федерациясы билдиргендей, Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда спортчу менен күйөрмандарынын жолугушуусун өткөрүү пландалууда.