ӨКМнын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалышты (видео)

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Авиациялык мамлекеттик ишкананын директору, анын орун басары жана мекеменин
юристи 8 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу  экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Маалыматка караганда экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына А.Б. аттуу жаран кайрылган. Ал соттогу ишин оң жагына чечип берүү үчүн 25 миң доллар пара талап кылган Авиациялык ишкананын жооптуу кызматкерлерине чара көрүүнү суранган.

Бул боюнча 31-майда Бишкек прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон. 1-июнь күнү аталган иш боюнча иликтөө иштеринин натыйжасында ӨКМнын алдындагы авиациялык ишкананын директору, орун басары жана мекеменин юристи 8 000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалышты. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.