Көркөм адабиятты “көмүүгө” убакыт келди

Гезит окурмандарынын бирөөсү: “Сиз жазуучусуз, анан неге китеп чыгарбайсыз?”- деп, сурап калды. Ага мен: “Китеп чыгарбайсызбы дегениңен улам сурайын, сен өзү китеп окуйсуңбу?” десем, “Жок, гезиттин да өзүмө жакканын окуп, анан интернет булактарынан пайдаланам” деп калды оңтойсуз берген суроосуна өзү да уялып. Бул макала ага берген жообум болсун.

Мына, көрдүңбү, сен окубасаң, башкалар окубаса китеп чыгарыштын кимге кереги бар? Азыр акын, жазуучулар өздөрү үчүн жазып калышкан. Китеп чыгаргандар өздөрүнүн тар чөйрөсү үчүн, тууган-туушкан, тааныш-билиш, досу-жарга таратып кичине болсо да жазуучу боло кооматын ырастап калат. Сөздүн чыны китеп алган адам: “Ии-и, китеп чыгардыңбы” дегенге араң жарап, китеп бетин ачып окумак турсун атын билбейт. Мына, улуу жазуучубуз Айтматовдун чыгармаларын окуп эле келишпедиби дээрсиң. Ал кишинин бактысы мындай илимий техникалык ачылыштары жок жалаң китеп менен жашаган заманга туш келди. Өткөн кылымдын адамдары Айтматовду толук окушса окушкандыр, а азыркы кылымдын жаштары кинодон көргөндөрүн айтып, сахнада маңкурт, Нургазы боло туурашып жатпайбы. Чындап сурай келсең Ленин ким болгон десең, азыркы компьютер, интернет булактарына тирмийе карашкан жаштар: “Улуу акын же Советтер Союзунун Баатыры” деп жооп беришкендей эле болуп жатпайбы.

“Бирге окуйбуз” программасын көргөндөр: “Окуп эле жатпайбы” деп айтышар. Ал тургай саясатчылардан тарта белгилүү адамдарга дейре кечээги 90 жылдыкта Айтматовду бизчилеп окугула деп окурман журтчулугуна үлгү болушту. Бул деген өзүн-өзү алдаган,  балдарыбызды ушинтип китепке үндөсөк окуп калышат деген куру кыял, орустар айтмакчы “показуха” же балдарыбыз китеп окуп калышты деген өзүбүздү өзүбүз алдаган кеп. Балким “Бирге окуйбуз” долбоору чын эле окуучуларды, ата-энелерди андан ары китеп окуп кетүүсүнө өбөлгө болор, аны эртеңки мезгил таразасы көрсөтөөр, күтө туралы.

Чын, азыркы күндө мен минтип жазып салдым деп суурулуп чыккан акын-жазуучулар деле жок. Заман агымынан аларга көңүл бөлүнбөй, көркөм адабиятыбыздын дымы чыкпай калды. “Мамлекет спорт, шоу-бизнес, эстрада жылдыздары менен чектелип калды” десем, “Көркөм адабиятыңарды биз интернет китептерден окуп, кинолордон көрүп жатпайбызбы, ошо жетишет” дешер. Бирок китеп жан дүйнө азыгын алуу сен айткан интернет экөөсүнүн айырмачылыгы асман менен жердей. Мурда Теңдик Аскаров, Чыңгыз Айтматов жетектеген жазуучулар союзу жок азыр.

Ар бир акын, жазуучу өз арабаларын өздөрү кылдырата сүйрөп, улуу муун өкүлдөрүнүн баары кетип, кийинки муун өкүлдөрү жазбай деле калышты. Ачыгын айтканда, адам баласынын жан-дүйнөсүн тарбиялачу көркөм адабият идеологиясынын кереги болбой калды мамлекетибизге. Мурда китеп болуп чыкканга чейин, китеп болуп чыккандан кийин электен өткөрүп турчу сын, цензура деген болчу. Азыр ар ким каалаганын жазса да, акчасы барбы, бүттү, басмакана басып чыгара берет. Ыр жазгандар кары, жашы дебей козу карындай жайнап андан көп. Бир жолу ЭлТР телеканалынан жаңыдан ыр жазууга киришкен аксакал акын мындай деп көрөрмандарды ынандырып жатпайбы: “Колума калем кармасам эле ырлар чуурулуп келе баштаса болобу” деп мурда не кылып жүргөнүн өкүнүч менен эскерип. Ал акын сыңары, азыр кыргыздын улуу-кичүүсү дебей баары эле акын. А шоу эстрадачылар болсо ырларын, музыкаларын өздөрү токуп, жазып, түрдүү түс кийимдерге кирпик-каштарга дейре боёкту ашата чаптап, булардын алдында портрет тарткан сүрөтчүлөр шоона эшалбай деле калышты. Мындан келди, адам баласынын жан дүйнөсүн тамшандырган көркөм адабият, жалпы кыргыз маданият опур-топур тебелендиде калды.

Эсимде, Баткен облусу жаңыдан түптөлүп, жазуучулар союзунун облустук бөлүмү ачылат, жогорттон бирөөлөр келип дайындайт десе, анысы жок, облустагы баш көтөргөн акын, жазуучулары мени болбой шайлап салышты. Ошентип өз киндигибизди өзүбүз кесип, ай деген ажы, кой деген кожо жок, орус тар айтмакчы “самозванец” боло, беш жыл төрага болуп иштедим. Азыр ойлосом, күлкү келерлик эле болгон экенбиз. Мына азыркы күндө жазуучулар союзунун абалына мышык ыйлайт. Союз дүркүрөгөн замандын изи да калбады. Алга сүрөп турчу мамлекет башчыларынын жумушу деле болбой өткөн акын, жазуучулардын чыгармалары жетишет, азыркы акын, жазуучулар эмнени кыйратып жазышмак эле деп калышкандай. Менин жеке баамымда деле кыргыз көркөм адабиятынын акыркы пайгамбары дегендей адабияттын алпы Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жетиштүү, мындан аркысынын кереги жок дегенчеликке барып калдык окшойт. Көркөм адабиятыбыз өз жашоосун аяктап баратат дегеним ошондон.

Мына ушундай, гезит окуп, интернет казган окурман. Дагы айтам, азыркы акын, жазуучулар өздөрүнүн жан дүйнөсү үчүн, ошо жазганынан ырахат ала каармандары ыйласа ыйлап, күлсө кошо күлүп өздөрү үчүн чыгармаларын жазып калышкан. Муну эми оңойбуз, жаштарды китеп окууга үйрөтөбүз деген жаңылыштык. Биз кандай амалдарга барбайлы, жасабайлы, техникалык прогрестин алдында алсыз болуп калдык. Көрүнөө эле жан дүйнө азыгы болгон көркөм адабиятыбыз күн ашкан сайын өз жашоосун аяктап баратат.

Ушундай,  иним.  Дагы  айта  турган  арман көп дегендей мен учкай гана кеп салып бердим. Саламат бол, сүйгөн гезитиңди окуп, интернетиңди казмалай бер, балким издегениңди ошолордон табаарсың.

Мурзапар ҮСӨН АЛЬ МЕРВАНИ