Анарбү РЫСБЕКОВА, Эл агартуунун отличниги: «Мектептерди көбөйтүп, класстагы балдардын санын азайтуу керек»

Анара АРЗЫБАЙ кызы, “Кыргыз Туусу”


Анарбү Рысбекова — №81 орто мектебинин башталгыч класс мугалими. 40 жылдан бери агартуу тармагында үзүрлүү эмгектенип келатат. 1997-жылы турмуш шартына байланыштуу Бишкек шаарына көчүп келип, борбордогу №77 мектепте кесибин уланткан. Ал эми акыркы жыйырма жылдан бери Ак-Босого жаңы конушундагы №81 орто мектепте иштейт. А. Рысбекова эмгек жамааттын ичинде алдыңкы, мыкты, үлгүлүү мугалим жана жаш мугалимдерден жардамын аябаган насаатчы катары сый-урматка ээ.

–  40  жылдык  эмгек  тажрыйбасы бар мугалим катары билим берүү тармагынын азыркы жана мурунку абалы жөнүндө айтып берсеңиз?

–  Эң  биринчи  айырмачылык дейбизби, же жетишкендик дейбизби, айтор биз мурда балдарга сабак өтүүдө окуу китептери менен гана чектелчүбүз. Же болбосо, институтта теорияда эмнени үйрөтсө, практикада ошону гана колдончубуз. Окуучулар дагы мугалим эмне-ни айтса, ошону гана түшүнүп, кайра бизге ошону айтып берүшчү. Азыр илим менен техниканын өнүккөн заманы.  Биз,  мугалимдер  багыт берүүчү адам катары иш алып барып калдык. Башкача айтканда, окуу -чулар мугалимдердин берген багыты менен өздөрү изденип, өздөрү окуп, маалымат алуунун башка булактарын колдонуп окуп калышты.

– Демек, сиздин оюңузча азыр мугалим болуу, сабак берүү мурдагыга салыштырмалуу оңой экен да?

– Оңой жагы – издеген, керек болгон  материалдардын  бардыгын интернеттен таап алууга болот. Ошондой эле, көрсөтмө куралдарды жасоодо мурда колго сүрөт тартып, кесип, чаптап, далай убактыңды коротсоң, азыр даяр сүрөттөрдү таап, оюңдагы нерсенин бардыгын жасай аласың. Бирок, жеңилдиктер жаралганы менен, биздин кагаз иштерибиз көбөйүп кеткендей сезилет. Мисалы, жат жазуу жаздырсак деле, ошонун кайсы жеринен канча ката кеткенин отчет кылып жазып отурабыз. Күндөлүк пландан сырткары, сүйлөгөн сөзүбүздүн баарын эле кагазга түшүрүп, кагаз жазганга көп убактыбызды коротобуз. Казакстанда күндөлүк план жазууну жоюп коюптур деп угуп жатабыз. Менимче, план жазуунун бизге деле кереги жок.

Мен  сабак  өтүүдө  окуучунун өзүн  иштетүүгө  аракет  кылам. Башкача айтканда, эрежени өзүм айтып берип койбой, сүйлөшүп, суроо  берип,  багыт  берип  отуруп, окуу чулар өздөрү эрежени таап айткыдай деңгээлге жеткирем. Ошондой  эле,  ата-энелер  менен тыгыз байланышта иштейм. Кайсы окуу чум кайсы жерден кыйналып жатса, ошол жерин үйрөтөм. Ата-энелерден да жардам берип коюшун суранам. Ар бир сабагыма чыгармачылык менен мамиле жасаганга аракет кылам. Ар бир теманы биринчи жолу өтүп жаткандай даярданам.

– Сабакты кантип кызыктуу өтөсүз?

– 2003-жылдан бери интерактивдик ыкмаларды колдоном. Темага киришердин алдында “Кошунаңды билесиңби?” деген оюнду ойнотуп алам. Сабактарды көбүнчө оюн кылып өткөнгө аракет кылам. Ошондо алар темага кызыгып, тажап кетишпейт. Жогоруда белгилегендей, сабак учурунда өзүм эле сүйлөй бербей балдарды сүйлөтүп, пикирин, көз караштарын угуп, активдүү болууга үндөйм.

– Балким, автордук ыкмаларыңыз бардыр?

– Жумуш учурунда ар кандай автордук ыкмалар жарала берет. Мисалы, Алиппе сабагында үндүү тыбыштар менен ырдаса болот деген ыкманы колдонуп келем. Созулма тамгалар менен ырдатып көрөм. Мисалы “А” тамгасын обонго салып созуп көрөбүз дагы, балдарга эми “Б” тамгасын созуп ырдап көргүлөчү дейм. Соңунда, алар үндүү тыбыштар ырдаганга мүмкүн болгон тыбыштар экен деген бүтүмгө келишет. Андан сырткары, көркөм окууга көбүрөөк басым жасайм. Сабактарымда макал-лакаптарды мүмкүн болушунча көп пайдаланганга аракет кылам. Белгилей кетүүчү нерсе, 2008-жылы Адеп борборунун тапшырмасы менен, мектептерге адеп сабагын тереңдетип окутуу боюнча атайын программа иштеп чыккам. Ал департамент тарабынан бекитилип, бүгүнкү күнгө чейин программа иштеп келүүдө.

Каарман тууралуу

А.Рысбекова 1963-жы-лы  Токтогул  районунун Ак-Чий айылында туулган.  Фрунзедеги  кыз-келиндер институтунун, башталгыч  класстарга билим берүү педагогикасы факультетин бүтүргөн.

Эки уул, эки кыздын апасы.

Үч небереси бар. Көптөгөн ардак грамота, дипломдордун ээси. 2004-жылы

КРнын  “Эл  агартуунун отличниги” наамына та-тыктуу болгон. 2005-жы-лы  “Үлгүлүү  мугалим” сынагынын баш байгесин жеңип алган.

– Сизди ачык сабак өтүүнүн мастери дешүүдө?

– Негизи ачык сабак өтүүдө – көрсөтмө куралдарга басым жасайм.  Эгерде  флипчарт,  маркер, темага байланыштуу сүрөттөр ж.б. бар болсо, ачык сабак өтө берем. Окуучуларым дагы ошого көнгөн. Биз күн мурун даярданып, ким эмне деп сүйлөрүн жаттабайбыз.

– Билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн, эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

– Биринчи кезекте мектептерди көбөйтүп, класстагы балдардын санын азайтыш керек. Анткени, класста окуучулардын саны азы-рак болсо, билим сапаты жогору болот. Мугалимдин ар бир бала менен иштөөсүнө мүмкүндүк жаралат. Мисалы, азыр менин эки классым бар. Бирөөсүндө 38, экинчисинде 39 окуучу. Бир күндө 77 бала менен иштегенге туура келет. Ошончо баланын дептерин текшериш керек. Менин оюмча, илгерки союз учурундагыдай бир класста 26 бала болсо, окуучуларга сапаттуу билим берүүгө шарт түзүлмөк.

– Азыркы учурда мугалим болобуз дегендер чанда, жаштарды тартуу үчүн кандай кадамдар жасалышы керек?

– Жаштарды мугалимдик кесипке кызыктыруу үчүн, алгач айлыктарды көбөйтүш керек. Анткени, жашоодо акча маанилүү роль ойноп калбадыбы. Азыркы жаштар аз айлыкка иштегилери келбейт. Ошол себептен, жумушка жарамдуу жаштардын көбү мугалим болуп 10 миңге жетпеген акчаны алгандан көрө, бөлөк өлкөдө пол жууп 30 миң алганым жакшы деп эсептеп, сырт жактарга кетип жатышат.