Ош аэропортунан Россияга баңги зат ташыган топ кармалды

УКМКнын ККК тарабынан баңги заттарынын эл аралык контрабандалык каналы алдын алынды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 30-мартында ири баңги каражаттарын контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюуу жана аныктоого багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, Ош эл аралык аэропортунан коңшу мамлекеттердин биринин жарандары 1993-ж.т. Ш.А., 1986-ж.т. С.Г., жана 1987-ж.т. С.С. кармалган.

Аталган кылмыштуу топ Кыргызстандын аймагы аркылуу баңги заттарды Россия өлкөсүнө жекирүү максатын көздөшкөн. Текшерүү учурунда жалпы салмагы 3 килограммдан ашык 57 брикет алынган. Алдын ала маалыматтар боюнча алынган заттар «героин» баңги заты.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Учурда кармалгандар Ош шаарынын ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.