Нарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Нарын облусунда очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Улуттук илимдер академиясынын  Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 2-апрель күнү саат 07:41де Нарын облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Нарын шаарында жана Нарын районунун Жер-Көчкү жана Өрүк-Там айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.