Ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган топтун мүчөсү кармалды

Ишкерди опузалап 10 миң доллар талап кылган топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын март айынын башында ички иштер органдарына бейбаштык жана опузалап талап кылуу фактылары жөнүндө арыз келип түшкөн. Анда айтылган боюнча, Чүй облусунун жашоочусунун үйүнө белгисиз адамдар барып, 10 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын опузалап талап кылышкан. Ошол эле учурда бычак менен коркутушуп, денесине жаракаттарды келтиришип, ишкерди күч колдонуп автоунаага салып, адам жок жерге алып барып, автоунаанын багажына камаган. Жабырлануучунун туугандары издеп келип калганын байкашкан соң аны коё беришип, өздөрү кетип калышкан.

Аталган факты КЖБРге катталып, Аламүдүн РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмү (Опузалап талап кылуу), 170-берененин 2-бөлүмү (Адамды уурдоо), 266-берененин 2-бөлүмүнө (Бейбаштык) ылайык сотко чейинки иликтөөлөрүн башташкан.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси барлардын өздүгү такталып, Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган Дж. А. аттуу кармалган. Криминалдык милиция кызматынын маалыматы боюнча жогорудагы жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Шектүүнүн жашаган жерин текшерүү учурунда далил буюм катары жабырлануучуну коркуткан бычак табылган.