Санкт-Петербургда каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн мекенине жеткирилет

Россиянын Санкт-Петербург шаарында 30-март күнү кыргыз жараны жол кырсыгынан каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-мартта эрте менен Невский жана Литейный көчөлөрүнүн кесилишинде бир нече автоунаа кагышкан. Жол кырсыгынан Volkswagen Polo унаасын айдап бараткан 41 жаштагы кыргыз жараны кырсыктан улам каза болгон.

Полиция кырсык боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ал эми маркумдун сөөгү бүгүн, 2-апрелде, Кыргызстанга келиши мүмкүн. Анын сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн кыргызстандыктар керектүү акча чогултуп беришкен.