КҮНКЕСЕЛ (Үчөө)


Буга чейинкисин бул жерден окусаңыз болот

Адегенде эле барпалаңдаган, айкөл кожоюну келди көз алдына. Кумайык анын машинесин үйдө отуруп, үнүнөн тааныйт эле. Кеч киргенден тартып эле эки кулагы сыртта болуп калчу.  Тааныш үн угулары менен жаңылып калбайын дегендей бир азга дымып турчу да, кожойкесине чуркап жетип, кыйшаңдай баштачу.

— Келатабы? – жарк этип, күйөөсүнүн алдын утурлай чыкчу келин. Кумайык андан ары чуркап Аруузатка жетер эле. Кичинекей кыз анын эмне айткысы келгенин түшүнчү деле эмес. Тегерете чачып алган оюнчуктары менен алектенип, айрыкча, Ализа деп ат коюп алган куурчагын ”алдейлеп”, апасын туурап “эне” болуп, убаралана берчү.

***

Кумайыктын кулагына кайрадан ый угулду…

Бирок, бу саам ит анын кайдан чыгып жатканын, кимдики экенин тыңдап отурган жок. Кожоюндары эсине түшүп кеткенгеби, же чыны менен эле көп учурда алдабаган туюму дагы бир нерседен кабар бердиби, айтор, төшөнчүнү таштай салып, жаман кепесин карай алып учуп баратты.

Улуп-уңшуган, адамдын ыйына окшогон үн ушул жерге келгенде күчөп, бирок, алардын кепеси эмес, таштанды тараптан чыгып жатканын билди…

Катуу бараткан ит ошол жакка имерилип карады.

Ошол үн, ошол ый аны өзүнө оп тартып баратты…

Баргысы келди.

А бирок баладан санаасы тынчыбай, өтүп кете берди ит.

Каап десең, бир азга аярлап, алиги тарапка кайрылганында эмне, көптөн бери издеп жүргөн адамга кезикмек. Баласын таштай качкан аял ушу азыр таштандылардын арасында таалайсыз тагдырына таарынып, өзөгү өрттөнө өксүп, өпкөлөп ыйлап, жер сүзүп отурбады беле!

***

Ит-энесинин келгенин сезгендей чукуранып, ойгонду бала. Катуу келгенге акактап, тили салаңдаган Кумайык  боортоктоп жата калып, баланы  оозуна эмизди. Боорундагы баланын колу-бутун тыбыратып, чөлпүлдөтүп эмчек соргонуна дене бою  балкып, бир топко чейин кыймылсыз жатты да, бала бышылдап уктаганда гана ордунан турду. Алдын булгап, өзүнүн бок-сийдигине чылана түшкөн ымыркайдын көтөнүн, бели-башын жалап-жуктап тазалап болду да, алдыңкы кош аягы ушунчалык ыкчам кыймылдап, кургак кыкты үстүнө үйүп жиберди. Ошондон кийин гана санаасы тынгандай кайра  эле ыкчам дубалдан ашып түшүп, жанагы келген жагын көздөй чуркады.

***

Короого кирер көзөнөккө төшөнчү кептелип калгандыктан, башка жол издеди. Дубалды айланып, жапызыраак жеринен секирип түшүп, жуурканды кайра ичкери тартып алды. Анын эмне ойлоп, эмнеге антип жатканын түшүнбөй жаткандай, ары жакта  жаткан Короочу жай-баракат талпаңдап басып келди да, обочорооктон карап  жатты.

Кумайык жуурканды булкуп-силкип жатып жерге жая салып,  айланып-тегеренип учун издеди. Эми ошол урчуктан  тиштеп, олжосун короонун ичинде ары-бери сүйрөгөн болду. Айткандай эле жууркан тоголоктошпой чубалып, ичкере түштү. Ошондон кийин гана  жуурканды учунан тиштеген Кумайык арты менен жылып тешиктен чыкты да, жуурканды акырындык менен сууруп, чыгара баштады.

Акыры, баары оңунан чыкты!

Ошондон көп өтпөй эле үлпүлдөгөн жумшак, жүн жууркан Кумайыктын соңунда сүйрөлүп кетип баратты… Бул анын өмүрүндөгү биринчи ирээт уурулукка барышы эле. Дагы жакшы, ошол күнү таңга маал себелеп жааган жамгыр көнөктөп төккөн ак жамгырга айланды. Болбосо, ансыз да органда иштеген үй ээси из куумак да, торпоктой болгон Короочу иттин көзүн жазгырып, жууркан алып чыгып кеткен “ууруну” оңой эле таап алмак…

Ошондон кийин жууркан жамынган баланын буту-колунун селейип  муздаганы, оозу-мурдунун көгөргөнү калды.

А тиги, аларга катарлаш жаткан, эки бети кокочо болуп кирдеген Ализа аттуу куурчакты болсо, уурдап келген эмес. Аны көтөрүп жүргөн кыз өзү берген… Анткени, куурчак Аруузаттыкы болчу, кыздар менен ойноп жатып тажаган кезде, дайыма аны Кумайыкка тиштетип койчу. Ошон үчүнбү, кичинекей курбулары ушундай акылдуу ити бар Аруузатка суктанышып, анын куурчагы менен Кумайыгына умсунуп карашчу. Көчүп кетип баратышканында Аруузат аны Жибекке белек кылып кеткен…

Кийин Кумайык кыздар менен бакта ойноп жүргөн Жибекке  капыл-тапыл жолуккан. Кыз баштагыдан кадыресе чоңоюп, бою өсүп калыптыр болчу. Баарынан да, анын колундагы куурчак Кумайыктын заманасын тарытып жиберген!

(Уландысы бар)