УКМК: Зилалиев тараткан маалымат чындыкка дал келбейт

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин УКМК кызматкерлери ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштаган деген маалыматты чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Зилалиевга карата козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат. Зилалиев өзү кандайдыр бир көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тарткан.

Ошондой эле Зилалиев буга чейин дагы коомчулуктун көңүлүн башка темага буруу максатында ушу сыяктуу билдирүүлөрдү жасап келген. УКМК анын билдирүүсүн жоопкерчиликтен качуу максатында бул маселени саясий өңүткө бурууга аракет кылып жаткандыгы катары баалай турганы айтылган маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Дүйшөнбек Зилалиев УКМК кызматкерлери ага экс-президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүүнү сунуштаганын адвокаттары аркылуу билдирген.

Белгилей кетсек, Зилалиевге каршы Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алган.