Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт

Макаланы жазууга таланттуу журналист жана акын Болотбек Таштаналиевдин “Кыргыз Туусуна” өткөн айда сандан санга жарыяланган “Жоголгон муун” аттуу адабий-сын сереби түрткү болду. Мен бул авторду чейрек кылымдан бери жакшы билем, макалаларын, ырларын окуп жүрөм, атүгүл мага атайын жазып берген жакшы ыр китеби, кезинде мен жөнүндө жарыялаган жылуу сөздөргө канык макаласы менен таанышмын. Акыркы жылдары Казакстандын Сары-Арка жагында жашап калган кыргыздар, Токтогул, Эшмамбет залкарлар жайында “Кыргыз Туусунда” жарыяланган маңыздуу макалалар түрмөктөрү да жадымда турат. Ал эми азыркы кыргыз адабиятынын абалына серп салып, күйүп-бышкан “Жоголгон муун” макалалар тизмеги өзгөчө ойго салды.

 

Ырасын айтсам, мындай маанайдагы ой-пикирлерди көп эле окуп, угуп жүрөм. Алардын маани-маңызы адатта мындай: мурда, СССР учурунда адабият, маданиятка айрыкча көңүл бөлүнчү эле, азыр болсо акын-жазуучулар, маданият адамдары кароосуз калды, адабий сын болсо таптакыр өлдү. Албетте, мындай сөздөрдүн кайсы бир деңгээлде жүйөөсү бар. Бирок менин эсимде өзүбүздүн кашкөй ойчул, эстетик жана адабиятчы А.Салиевдин 1962-жылы (мындан жарым кылым ашык мурда) чыккан “Ырдагы өмүр. Поэзиянын эстетикалык табияты жөнүндө” деген орусча китебинде “капиталисттик өлкөлөрдө жеткен устат, классик акындардын китеби да адегенде аз санда, 200–300 нускада чыгат экен, эгер аны окурмандар сатып алса, анда дагы кошумча чыгарылат экен” деп таң калып жазганы күнү бүгүнчө эсимде турат. Анан студент кезимде (1975-жылы) америкалык көрүнүктүү адабий сынчы М.Годуэллдин  орусча которулган китебинен: ”Америкада сынчылык кесиптен оокат да, атак да таба албайсың. Сынчылыкка түрткөн нерсе – бул кесипти сүйгөнүң, анын коомдук беделин сыйлаганың”, – деген чынчыл сөздөрүн жактырып, “Сынчылыктын көп жактуу табияты” аттуу макаламда келтирген элем.

Ал мезгилде СССРде акын, жазуучу, драматургдардын, сынчылардын китеби атайын планга кирип чыкчу (идеологиялык цензурадан өткөн соң), авторлорго калем акы төлөнчү. Бирок ошондо да кыргыздын эч бир атактуу, классик делген акын-жазуучусунун чыгармаларынын толук жыйнагы басылып чыккан эмес. Айталы, ошондой аты бар Токтогул, Тоголок Молдо, А.Токомбаев, К.Баялинов, Т.Сыдыкбеков, А.Осмонов, М.Элебаев, Ж.Бөкөмбаев, Т.Үмөталиев, Ч.Айтматовдордун алдынын 5, артынын 2 томдуктары гана басылган.

Анан СССР кыйрап, өзүбүз түтүн булатып, демократия менен базар экономикасы дегенге өткөндөн бери эч бир идеологиялык-саясий көзөмөл-кысым, мамлекеттик колдоо болбой, ар ким өз арабасын өзү тартып калбадыбы. Замандын, шарт-кырдаалдын өзгөргөнүн моюнга албай, дени соо адамдын өз өлүмтүгүн бирөөгө, же мамлекетке артуусу – болбогон кеп, эскинин саркындысы. Бул жөнүндө ХХ кылымдын эң көрүнүктүү экономист, ойчул жана саясат таануучусу Л.фон Мизес “Капитализм тушундагы адабият” аттуу эмгегинде өтө далилдүү жазган. Мунун айкын чагылышын борборубуздагы “Нуска” китеп дүкөнүнөн эле көрсөк болот да: анда эмне деген гана китеп жок! Өкүнүчтүүсү – ал жерде белгилүү да, белгисиз да авторлордун шапалактай же болбосо том-том китептери (айрымдарыныкы 5 – 7 – 10 том) көп жылдардан бери өз окурмандарын таппай, чаң басып жыйылып жатпайбы. Мындай китептердин авторлору дегеле азыркы окурмандын суроо-талабы, табити, кызыкчылыгы, сатып алуу мүмкүнчүлүгү кандай деген суроону өздөрүнө беришпейт окшойт.

Албетте эгемендик жылдары кыргыз адабияты таптакыр дымып, өчүп калган жок. Прозада Ч.Айтматовдун “Кассандранын энтамгасы”, “Тоолор кулаганда”, Т.Касымбековдун “Чапкын”, “Кыргын”, Ө.Даникеевдин “Мурас”, А.Стамовдун “Хан Тейиш”, К.Акматовдун “Архат”, М.Абакировдун “Көкөй кести”, “Барымта”, А.Рыскуловдун “Атакенин Акболот”,  К.Иманалиевдин “Шабдан”, С.Жетимишевдин “Эл арасында”, М.Мамазаированын “Аймаран” романдары (мен өзүм окугандарымды санап жатам) пайда болду. Поэзияда С.Эралиев, С.Жусуев токсон жаштан өткөнчө жемиштүү иштешти, О.Султанов, А.Өмүрканов, А.Рыскулов, Ш.Дүйшеев дале болсо күүсүндө. Таланты кечирээк ойгонгон мыкты акын Т.Бекболотовдун, “Мухаммед пайгамбар” аттуу мазмундуу поэма жазган эл акыны Э.Эрматовдун дүйнөдөн эрте кетиши биз үчүн сезилерлик жоготуу болду. Бирок, бактыга жараша, поэзияда, прозада, драматургияда азыр жоон топ жаңы ысымдар, жөндөмдүү жаштар көп. Адабият илими менен сында болсо К.Даутов, Л.Үкүбаева, О.Ибраимов, С.Алахан, К.Абакиров, А.Медетов көз көрсөтүп келатышат. Демек, азыркы кыргыз адабиятынан үмүт өчүрүүгө негиз жок. Муну мен жакында окуп чыккан айрым чыгармалар да күбөлөй алат. Сөз ошолор жөнүндө болмокчу.

Султан Раев кыргыз журтчулугуна таланттуу журналист, жазуучу жана драматург катары көптөн бери кеңири таанымал.  Ара чолодо мамлекеттик кызматка да аралашып жүрөт. Мен аны менен 1985 – 1987-жылдары “Кыргызстан маданияты” газетасында чогуу эмгектенгем. Кийинчерээк, 1991-жылы басма сөз жана маалымат министрлигин жетектеп турганымда “Кыргыз руху” газетасын негиздеп, С.Раевди редакторлукка дайындаганбыз. Ал ошол мезгилде эле бир нече мыкты аңгеменин, “Күн кармаган бала” аттуу жаңы мазмунда, жаңы ыкмада жазылган повесттин ээси болчу. Анан “Ханышанын көз жашы”, “Таажы” аталган драмалары сахнага коюлуп, эл аралык кадыр-барктуу сыйлыктарга арзыды. Буга кубанган Ч.Айтматов С.Раевдин 2008-жылы жарык көргөн чыгармалар жыйнагына жазган “Улуу көчтүн учугу” аттуу баш сөзүндө аны “кыргыз адабий өнөрүнүн секисине кириши – жаңылыктын, жаңы агымдын үмүтүн байлаган, жаңыча ойлогон, доордун кан тамырын кылдат кармаган калемгер” деп бийик баалаган.

Ошол боюнча С.Раев 2013-жылы “Жанжаза” аттуу жаңы роман жарыялаган. Ачыгын айтканда, бул ар кайсы жагынан (аталышы, мазмуну, курулушу) алганда да кыргыз адабияты үчүн таптакыр жаңы чыгарма болду. Муну романга жазган орусча баш сөзүндө Мурат Ауэзов – улуу Мухтар Ауэзовдун уулу, Чыгыш менен Батыштын маданиятын терең билген окумуштуу адис туура белгилептир. Анын акыйкат пикиринче, С.Раев бул чыгармасында “Манас” баштаган кыргыз фольклоруна, Мухтар Ауэзов менен Чыңгыз Айтматовго гана таянбастан, ар кайсы мезгилдердин жана элдердин тарыхын, философиясын жана көркөм тажырыйбасын, айталы,  “акыр заман” адабиятын, латын америкалыктардын “сыйкырчыл реализмин”, европалыктардын модернизмин терең өздөштүргөн.

Кыргыз совет адабиятындагы өңчөй “ оң” же “терс” каармандарга, турмуш-тиричиликти жебиреп тизмелеген же окуяларды, каармандарды жомоктогудай көбүртүп-жабырткан чыгармаларга көнгөн окурман бул романды деги эле окуй албайт. Анткени, мында жиндиканадан качып, бейиш издеп жөнөгөн жети каармандын кебете-кешпири да, өмүрү да, өлүмү да андай эмес. Атыгүл аттары да адаттан тыш, тергеме: Таис Афинская (сойку), Император (катынпоз), Лир (кызына көз арткан шумпай), Чынгысхан (өз кызын аруулуктан айрылтат), Клеопатра (кадимки айлакер), Козучак (арбак-периште), Искендер Зулкарнайын (эзелкини элестетет, эч бир кем-карчы жок). Анан калса чыгарманын курулушу, каармандарынын сүрөттөлүшү, окуялардын баяндалышы да башкача, жарыш сыяктуу: бирде жетөө бирге сүрөттөлөт, бирде ар бирине өз-өзүнчө мүнөздөмө берилет. Булардын ичинен салыштырмалуу тазараак экөө гана аман калат (аларды Кызырдай болгон аксакал аралжылайт), калган күнөөкөр бешөө эрме чөлдө уу жыландын жемине айланат. Чыгарманын мааниси, философиясы төмөнкүдө: жандын сурагы болот, жандын жазасы болот.

Тагдырдын сыноосу гана эмес, Жараткандын сыноосун да жеңүү, “жан жыргалдын жарыгына сүңгүп кирерден мурда түпсүз, азаптуу адам караңгылыгынан чыгууга дамаамат аракет жасап, сары изине сая түшкөн кордукка, куугунтукка чыдап, сөөгүдү берсең да, киши жасатыңы берсең да, башыңы канжыгага сайсаң да эң башкысы жаныңды – Теңирден бүткөн жаныңды курмандыкка чалбай сактап калуу” идеясы С.Раевдин “Топон” деген жаңы романында (2018) “Жанжазадагыдай” байыркы тарыхый ысымдарга байланышкан каармандардай эмес, Ыйык китептерде баяндалган мифологиялык көрүнүштөргө жана бүгүнкү күндө башталып, келечекте мүмкүн болчу окяларга (жасалма адамдарды жасоо) жалгаштырылып сүрөттөлөт.

Улуу топондон кийин “ Уй териси батпаган алакандай жерде башмаана  кылып адам аттуудан бу төртөө эле аман калды. Булар бир үй – бүлө… Атасы – Ихэ, апасы – Ман, уулу – Эрих, кызы – Дуна”, – дейт автор Ной, Иса пайгамбарлар катышкан чыгармада аталган үй-бүлөнүн пейилдин, ыймангдын бузулушунан, жасалма адамды ойлоп тапкандыктан (анын ички дүйнөсү жок) бири бирине күнөө жасашы, акыры бирин бири өлтүрүшү, ошондон келип акыр замандын келиши баяндалат: “акыр заманды биз Жараткандан эмес, адамдардан күтүшүбүз керек…”

Бул, албетте, автордук коога, эскертүү, коңгуроо. Түпкүлүгүндө Кудай андайга жол бербейт, себеби ал адамдарды өзүнө окшоштуруп жасап, “бүт жер үстүнө бийлик кылышсын” деген, ушул максатта “мындан ары топон суу болбойт” деп  келишим түзгөн, аны улуу композиторлордун музыкасы аркылуу бийик гимнге айланткан.

Эгер “Жанжаза”, “Топон” романдары мифологиялык өңүттү, философиялык чабытты көздөсө жана андай ниетке жетсе, “Кашаба” повести салттуу темада – адам – жаныбар мамилелерине кайрылат. Байыркы Римде, өзүбүздүн түрк элдеринде, анын ичинде кыргыздардын бөрү уруусунда бул жаныбар тотем саналганы белгилүү. С.Раев дал ушул бөрү уруусундагы бир үй-бүлө баласын дарылап-сакайтыш үчүн бөлтүрүктү жаткан жеринен кармап, баласы менен бирге чоңойткону, кийин эркиндикке коё бергени, акырында ушул карышкырды атып өлтүргөнү жөнүндө деталдары өтө ишеничтүү, психологиялык жактан кынтыксыз баяндалат. Ал ортодо бөлтүрүтүн атасы Чоңтаман, энеси Окжетпеске, бөлтүрүк бой жеткенде башка карышкырларга кантип аралашканына, алардын малга, адамдарга жасаган  мамилелерине байланышкан окуялар камтылат. “ Мен бөрү эмес, сен бөрү экенсин, Адам!” – дейт бөрү өлүп бара жатып.

Арийне. “Топон” романы (жасалма адамдарды чыгаруу, Иса пайгамбарга тийиштүү эпизоддор) менен “Кашаба” повести (эркек –ургаачы карышкырлар, алардын бөлтүрүктөрү, малга, адамдарга кол салуу) Ч.Айтматовдун “Кассандранын энтамгасы”,  “Кыямат”, “Тоолор кулаганда” романдарын эске салат. Анан калса С.Раев “Кашаба” повестин ачык эле Ч.Айтматовго арнайт. Мындан кандайдыр бир кине көрүүнүн кереги жок. Тескерисинче, бул биздин адабияттагы өтмөчүлдүктү, чыгармачыл эстафетаны улантканды көрсөтөт.

С.Раев таланттуу журналист, публицист, жазуучу жана драматург гана эмес, поэзияга да шыктуу экен. Буга анын “Антистандарт” аттуу ырлар жыйнагы күбө. Ал жыйнакты Б.Таштаналиев аталган макаласында кыйла эле катуу сындаптыр. Мен ага кошула албайм. Анткени, жыйнак уйкашсыз, эркин ыр формасында. А андай ырлар 19-кылымдан бери Батыш менен Чыгыштын көп эле акындарында колдонулуп келатат. Бизде бул багытта С.Эралиев, Р.Рыскулов, О.Султанов, М.Абылкасымова ж.б. ийгиликтүү аракет кылышкан. Кеп уйкаштыкта эмес, өз алдынча кайталангыс ойдо, ыргакта, элес жаратууда. Бекеринен С.Раевдин ыр китебине кыргыздын эң таланттуу акындарынын бири С.Акматбекова колдоп, мактап баш сөз жазбаптыр.

Жалпысынан “Антистандарт” (көндүм эмес) деген сөздү С.Раевдин ырларына гана эмес, журналисттик, жазуучулук жана драматургдук өнөрүнө карата колдонсок жарашат. Ушул себептен анын чыгармалары улуу Ч.Айтматовдун мактоосуна татып, көптөгөн чет тилдерге которулуп, Лондондон тартып чоң шаарларда сахналарга коюлуп, кадыр-барктуу сыйлык, наамдарды алып жатат. Буга чын дилибизден кубанабыз. Ошону менен бирге С.Раевге дүйнөлүк мифологиялык, фантасмогориялык сюжеттерге, батышчыл авангарддык (неосу менен кошо) стилге ашыкчы кызыкпай, өзүбүздүн кыртышка – кыргыз тарыхы менен азыркы турмушуна байланышкан татаал каармандарга, чиеленишкен окуяларга көбүрөөк маани берсе деген тилек билдиргим келет.

Мен үчүн күтүлбөгөн дагы бир жакшы жаңылык – белгилүү сүрөтчү жана журналист, гезит ишин мыкты уюштуруучу (менеджер) Бекен Назаралиевдин өткөн жылдын аягында эки чоң китебинин жарык көрүшү. Аны да 1991-жылы С.Раев менен бирге “Кыргыз руху” гезитин чыгарышканынан бери билем. С.Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, Улуттук университетибиздин журналистика факультетин бүтүргөн, коллаж өнөрүн биринчилерден болуп өздөштүргөн, жазган макалаларында дайыма чындыкты, түздүктү туу тутат, терс көрүнүштөрдү, жемкорлукту жек көрөт. Ушул себептен убагында бийликтен ыдык көрүп, газеталары жабылган. Ага карабастан кайратынан жазбай Тажикстандагы жана Чеченстандагы кандуу кагылыштарды өз көзү менен көрүп келген. Ошол кезде жазылган ай    рым аңгеме, повесттери мене таанышып, жарыялоого сунуш кылгам. Андан бери мына чейрек кылымдай убакыт өтүптүр. Эми эки китепке кирген үч повестин окуп олтурам. Көрсө, алар тематикалык, сюжеттик жактан жакын, каармандарынын типтери окшош экен.

Биринчиси “Күн” деп аталат. Ал мезгил жана мейкиндик жактан чабыттуу: окуя кыргыз жергесинде совет бийлигин орнотуу үчүн куралдуу күрөштөн башталып, акыры Ооганстанга Советтик аскерлердин киришине байланышкан окуялар менен бүтөт. Негизги каармандары да тарыхый адамдар: Тилекмат корбашы, Эргеш Алиев, Жаныбек казы, Рахманкул хан, Тыныбек ажы. Ушуга жараша окуялар Кыргызстанда, Кытайда, Ооганстанда, Пакистанда, Түркияда өнүгөт, сюжет үч нукта жүрөт: бийлик үчүн күрөш, кек сактап өч алышуу (кун куу), сүйүү.

“Баткен туткуну” деген экинчи повесть баңгизат ташып, сатып байыган кылмыштуу топтор ортосундагы өз ара атаандаштык, кандуу кармаш окуяларын сүрөттөөдөн Ооганстан – Тажикстан – Кыргызстан чек араларындагы кылмыштуу иштерди, 1999 – 2000-жылдардагы Баткен согушун майда-бараттарына чейин талдап-баяндоого өсүп жетет. Мында да бир далай реалдуу адамдар (бир чети Субанов, Исаков, Садиев, Чотбаев, Шамкеев, Т.Бакир уулу ж.б., экинчи чети Ж.Намангани, А.Юлдашев баштаган сакалчандар) аталып, иш аракеттери көрсөтүлөт.

“Туяк” деп аталган үчүнчү повесть мазмуну жактан өзгөчө кызыктуу, трагедиялуу, сюжеттик-композициялык багытта абдан жыйнактуу, стили боюнча бир кыйла лирикалуу: күйөөсүнүн тукумсуздугунун айынан (ал аскерден ушинтип келет) Айнагүл коңшу окуучу бала менен сүйүшүп, боюна бүтүп калат, ал жигит аскерге Ооганстанга барып каза болот, шекшип кызганган күйөөсү адегенде аялын, анан өзүн атып өлтүрөт.

Мындай трагедиялуу аяктоо берки эки повестке да мүнөздүү: биринчисинде кек кууган атасы жаңылып кызын атып алат, экинчисинде кыргыз офицер жоочуларга кошулуп кеткен атасын атып өлтүрөт.

Дегинкисинде Б.Назаралиев актуалдуу тема тапканга , драмалуу сюжет курганга маш экени баамга урунат. Экинчиден, тили да бай жана ийкем. Айтор, ал кызыктуу көркөм чыгарма жаза аларында шек жок.

Ошол эле кезде Б.Назаралиевде адабий чеберчиликке байланыштуу кемчиликтер бар экенин белгилөө кажет. Айталы, ал дайыма автордук баяндоону колдонот, кээде гезиттик тилге, чечмелөөгө (комментарий), кирди-чыкты каармандарды, окуяларды саноого жол берет, негизги каармандардын ички жана тышкы бейнесин тартууга, мүнөздөрүн, психологиялык, тилдик өзгөчөлүктөрүн ачууга, диалог, монологдорун көрсөтүүгө көп кызыкпайт. Натыйжада, чыгармаларына көп түрдүүлүк жана көп түстүүлүк жетише бербейт. Бул айрыкча “Кун” менен “Баткен туткунуна” мүнөздүү. Анан калса бул экөө тең өтө эле узун (бири 400, экинчиси 470 бет). Демейде мындай көлөмдө романдар жазылат эмеспи. Автор бул пикирлерди келечекте эске алганы оң.

Азыркы адабиятка дагы бир журналист капыстан кирип келди. Ал – бир кезде Орто Азиядагы 1924-жылкы улуттук-аймактык чек араларды бөлүштүрүү боюнча пайдалуу илимий диссертация жазып, анан көп жыл бою Британиянын радио кызматынын кыргыз редакциясында эмгектенген Арслан Койчиев. 2009-жылы анын “Мисмилдирик (Беделдеги каргыш)” аттуу романы жарыяланган. Чынын айтсам, мындай сөздү (мисмилдирик) мен билбейт экем. Көрсө, ал тыптыйпыл болуш, ың-жыңсыз жоголуш дегенди билдирет турбайбы. А.Койчиев аны 1916-жылкы улуттук көтөрүлүшкө, үркүнгө карата ыктуу колдонуптур.

Жүрөк өйүткөн, эч убакта унутулбас, өчпөс бул ыйык темага кайрылбаган кыргыз акыны, жазуучусу, драматургу кемдир. Кубандырганы – А.Койчиев тажрыйбасына жана кудай берген жазуучулук сезим-туюмуна таянып анын өзүнчө өңүтүн, башкача боёкторун таба алган. Натыйжада, романда Камбар болуштун психологиялык жактан карама-каршылыктуу, ынанымдуу, Нарбото, Мукай, Карагыз апанын, орус приставы менен этнографынын эсте каларлык образдары жаратылган. Б.Назаралиевдин повесттеринен өзгөчөлөнүп мында жаш Мукайды болуш атасы, Нарбото абасы, Каракыз апасы 1916-жылкы мисмилдириктен – орус падышасынын кыргынынан сактап калат, бирок кайгылуусу – кедей-кембагалдыкы, элдики деген Кеңеш өкмөтү “Үркүн ырларын” жазып, сактап жүргөнү үчүн 1938-жылы атууга өкүм кылат. Мына тарыхтын дагы бир ачуу, таң каларлык сабагы, трагедиялуу баракчасы.

Романдын окуялар тизмеги, жүрушү, баяндоо ыкмалары да дурус. Айрыкча тили жатык, стили жетик. Автор кыргыз сөздөрүн, сүйлөмдөрүн ыргагына жараша куюлуштура билет. Кемчил жактары – каармандардын сырткы кебете-кешпирине (портрет), баарлашууларына (диалог), табият көрүнүштөрүнө (пейзаж) анча көңүл бөлбөйт. А булар чыныгы коркөм чыгармаларга жандуулук, элестүүлүк берет эмеспи.

“Мисмилдирикте” байкалган жакшы сапаттар (тарыхыйлык, сюжеттик кызыктуулук, тилдик байлыгы, стилдин жетиктиги, композициялык көп пландуулук) А.Койчиевдин “Бакшы менен Чынгыс хан (жолдош Бактыгерей Избасаровдун жоголгон дептерлери)” деген акыркы романында (2016) андан бетер тереңдетилет, көркүнө чыгат. Чынгыс ханга, Алтын Ордого жалгашкан окуялар, каармандар кечээки СССР доорунун акыркы мезгилиндеги жагдайлар, кармандар менен байланыштырылат. Айрыкча белгилей кетчү нерсе – мында фантасмагорияга, мистикага, эзотерикага, ошол эле мезгилде комедиялык, эксцентрикалык жагдайларга орун берилет. Демек, роман көп сайлуу, полифониялуу ыргакка өсүп жетет. Бул, албетте, кыргыз романы үчүн жаңылык. (Чыңгызханга Ч.Айтматов менен С.Раев да кайрылышкан, бирок алар башка ачкычта, өзгө өңүттө – драмалык, трагедиялык нукта жазышкан).

Экинчиден, А.Койчиевдин романдарында сюжеттик-композициялык окшоштуктар да жок эмес. Маселен, “Мисмилдирикте” негизги каармандардын бири Мукай Камбаров 1938-жылы НКВДнын түрмөсүндө суракка алынып, атылса, акыркы романдын баш каарманы Бактыгерей Избасаров КГБнын жеми болот. Эки каарман тең жазып, сактап жүргөн дептерлери үчүн жоопко тартылат. “Чыңгызнаама” аталган дептерлерди жазып, сактап жүргөн казак Бактыгерей Избасаров (ал Ташкенде жашайт) чынында эле аянычтуу каарман. Анын образы романда реалисттик жана психологиялык жактан так, ишенимдүү негизделген.

Тилекке каршы, мындай тактык дайыма эле сактала бербеген. Маселен, Чынгыс хандын арбагынын ар кай жерде, ар кандай кырдаалда дембе-дем пайда болушу, адамдар менен сүйлөшүшү зирек окурманды жадатпай койбойт. Анан да бакыйган республиканын – Өзбекстандын биринчи катчысынын (ал СССР убагында Саясий бюрого – эң  бийик жетекчи органга кирчү) Москвадан келген партиялык чиновникке (бөлүм башчыга) бүгүлүп турушу, өзгөчө КГБнын катардагы капитанынын (генералынын эмес) сөздөрүн угуп муюшу тарыхый-саясий жактан ынандырбайт. Албетте, роман деген роман, бирок тарыхка да так, кылдат мамиле жасоо зарыл. Айрыкча автор өзү тарыхчы-окумуштуу болгон соң. Муну каалоо иретинде айтып, эскертип койгон оң.

Мен С.Раевдин, Б.Назаралиевдин, А.Койчиевдин чыгармаларына кыска гана токтолуп, өз баамды бердим. Себеби алардын китептерине республикага таанымал үч адис окумуштуу (К.Ибраимов, С. Кайыпов, Ж.Бөкөшев) кеңири, узун кулач баш сөз жазышыптыр. Алардын ойлорун, талдоолорун (жалпы, философиялык-филологиялык нуктагы) кайталагым келген жок. Мен үчүн авторлордун талант  даражасын, чыгармалыгынын адабий-эстетикалык дараметин аныктоо маанилүү болду. Көрүнүп, байкалып тургандай, жалпы оюм – оң: кыргыз адабиятына таланттуу үч автор кошулду, адабиятыбыз бөксөрбөстөн, байыды.

Бул оюмду дагы эки факты бышыктай алат. Адабият адатта жашка, кесипке карабайт.

Мындан эки-үч жыл мурда (анда мен Улуттук илимдер Академиясынын президенти элем) филармониянын кичи залында адабият майрамы өтүп калды. Карасам, залда эски таанышым – бир кездеги депутат, айыл чарба министри Карыпбек Асанов жүрөт. “О кайдан, Каке?” десем: “Мен дагы адабиятка арбалып, карыганда ыр жазып калдым” дейт. Өткөн жылы эки китебин берди. Бири – өмүр баян эскерме экен. Экинчиси – ыр китеп. Экөөнү тең окуп чыктым. Ачык айтайын, жакты.

“Ийинден чыккан жол” аттуу эскерме китеби айрымдардыкындай супсак, карандай  цифра, фактылар эмес, адам тагдырын баяндаган жатык, элпек, айрым учурларда көркөм тил менен жазылыптыр (китептин аталышын эле караңыз). Экинчи бир баалуу жагы – эч бир апыртып мактануулар же бирөөлөрдү жок жерден жектеп жамандоолор жок: болгонду болгондой көргөндү көргөндөй так, туура, чындык жазылган.

“Таза сезим, үмүт менен бир басып, // Табияттан тутансам дейм ыр жазып” деген саптар менен ачылган “Кечиккен дептер” аттуу ыр китебинин курамы ар кыл экен: мыкты, нукура ырлары да, орто жана көндүм, жорго, термелери да бар болуп чыкты. Атайын билим алып, тагдырын адабиятка байлабаган соң ушундай болору түшүнүктүү. Кеп башкада – таланттын барында, кеч болсо да ойгонушунда. Эми аны бапестеп, адабий билим, такай машыгуу менен чеберчиликке жетүү – өз колунда. К.Асановдо мындай дараметтин сөзсүз бар экенин китепке баш сөз жазган белгилүү, олуттуу акын Ф. Абдалова да акыйкат белгилептир.

Мен Болотбек Таштаналивди алгач көргөнүмдө ал университеттин студенти эле. Анда мен В.В.Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогикалык институтунда (азыркы И.Арабаев атындагы университет) мугалим болуп иштеп, адабий ийримди жетектер элем. Ийримге ар кай жактан келген студенттер, жаштар катышчу. Андай ийрим И.Арабаев атындагы университетте азыр да бар. Ага катышкан студенттердин ырлары жакында “Мөл булак” деп өзүнчө китеп болуп чыкты. Ректорат тараптан колдоого алынган бул китеп – жакшы жышаана. Ага кирген ырлардын авторлорунун ичинде накта үмүт туудурган эки-үчөөсү (Т.Атамкулов, Д.Мамбеткулова, Элмирбек кызы Айдана) бар экен. Айтмакчы, мындай жакшы жөрөлгөнү Кыргызпатент да көрсөтүп, акыркы жылдары жаштардын “ Саамалык” аттуу жыйнактарын байма бай чыгарып келатат. Демек уучубуз куру эместей, адабий эстафета улана берчүдөй.

Акырында айтарым эмне?

Б.Таштаналиев макаласын ындыны өчө “жоголгон муун” деп атаптыр. Ушундай аталыш мындан туптуура жүз жыл мурда европа-америка адабиятында пайда болгон. Анда дүйнөлүк биринчи согушту чагылдырышкан Э.М.Ремарк, Р.Олдингтон, Э.Хемингуэй, У.Фолкнер, Дж.Пассос сыяктуу мыкты жазуучуларды ушинтип аташкан. Бизде азыр, албетте, адабиятыбыздын негиз салуучулары, атүгүл алардан кийинки Ч.Айтматов, Т.Касымбеков, С.Эралиев өңдүү залкарларыбыз арабызда жок. Бирок адабияттын отун өчүрбөгөн, учугун улаган башка, жаңы муундар, жаркын таланттар бар.  Кыргыз барда адабият өлбөйт, муундар жоголбойт, ал шартка, заманга ыңгайлашып жашай берет. Дегеле дүйнөлүк тарых, адабият, көркөм өнөр ушундай.

 Абдыганы ЭРКЕБАЕВ, академик

Муундар жоголбойт, адабият өлбөйт: 1 комментарий

  • Апрель 12, 2019 в 12:54 дп
    Permalink

    Бул макаланын авторуна чоң рахмат! Бизге азыр сын макалалар абдан керек!

Комментарии запрещены.