Көрүнөө окуялардын көмүскө жактары: Куралдарды кимдер жана кандай максатта жашырып жүрүшөт?

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Элдик революциянын 9 жылдыгына карата Ар бир окуяга ар ким өз деңгээлине жараша баа берет. Ошол эле учурда, окуялардын артында көмүскө турган жактары да болот. Биз да ушул рубриканын алдында коомдо резонанс жараткан айрым окуялардын көмүскө жагын ачып берип турабыз.

2010-жылы 7-апрелде өлкөдө элдик төңкөрүш убагында күч түзүмдөрүнүн бөлүктөрүнөн миңден  ашуун ок  атуучу  куралдар уурдалган жана жоготулган.

1-мартка карата ал куралдардан 4 гранатомет, 4 пулемет, 243 автомат, 185 тапанча, 10 сайлуу винтовка, 57 сайсыз мылтык, жалпысынан 557 курал бирдиги кайтарылган.  Мили-ция кызматкерлери тарабынан жыл сайын “Арсенал” иш чарасынын алкагында мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды, ок-дарыларды ыктыярдуу кайтаруу боюнча иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Атүгүл, 2010-жылы куралды ыктыярдуу кайтаргандарга акчалай сыйакылар да берилген. Азыр андай жок болгону менен мыйзамсыз сакталып жаткан куралды кайтарган жарандар кылмыш жазасынан бошотулушат. Ошол эле учурда куралды мыйзамсыз сатып алганы, бергени, сатканы, сактаганы, ташыганы же алып жүргөнү үчүн жарандар жети жылдан он жылга чейин эркинен ажыратылууга жазаланышы мүмкүн.

Ошондуктан, жаза аларын билбей жүргөндөр болсо, куралды кайтарып берип коюуга эми да кеч эмес.